УЛУТ БОЛСОМ, ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН!

(Эл акыны Эсенгул Ибраевдин "Тилим менен улутмун" поэмасы кыскартылып берилди)

Эй жарандар,

Эрендер,

Бектер жана берендер,

Эл баштаган кеменгер,

Мейли бакыр,

Мейли баатыр…

«Мен кыргызмын» дегендер!

Зоок үчүн келгеним жок бул жерге.

Соболум бар

Айта турган силерге.

Бир Ата Журт,

Бир Асаба,

Бир ажо бар бир элде.

Анан муну билип ал,

Кулагыңа сырга кылып илип ал:

Ар адамдын

Ар башкача дини бар,

Ар башкача дили бар,

Бирок билгин,

Бирден гана тили бар,

Эй, эрендер!

Эскертерим силерге:

Чындап кызмат кылам десе ким элге,

Сүйсүн тилин

Сүйгөн жарын сүйгөндөй,

Күйсүн тилге

Перзентине күйгөндөй.

Жалгыз ырын ырдай берет кекилик,

Кекиликтер койсун мени кечирип.

Эне тилин билбей туруп,

Эне тилге күйбөй туруп,

Эли-журтун

Сүйөмүн деш чекилик.

Ысыгыңа алар күйүп,

Суугуңа тоңо албайт,

Эне тилин түшүнбөгөн,

Кур кыйкырып күпүлдөгөн,

Эч убакта Ата Журттун

Анык уулу боло албайт!

Анан муну билип ал,

Адам түгүл,

Айбандын да тили бар

Жана да бир кызык кеп,

Айтканыма далил болор бышык кеп:

Өз тилине өзү каршы чыккан бар,

Өзөк өрттөп,

Өздөн чыккан душман бар.

Кыргыз туруп

Кыргыз боло албаган,

Кийиз жүрөк

«Киргиздерге» таң калам.

Эне тили гүлдөп жаткан,

Эне тилде сүйлөп жаткан,

Коңшулардан арданам.

Тилибизге кесир кылсак,

Тирүү туруп жетим кылсак,

Чоң өкүнүч бар мында.

Жууса кетпес күнөө болор

Соңку келчү урпактардын алдында.

ххх

Кызгалдактай гүлдөсүн,

Жайып тамыр-бутактарын

Жаш арчадай бүрдөсүн,

Ишкананы кенен ээлеп,

Иш кагазда сайрасын,

Көчөлөрдө эркин басып,

Көрнөктөрдө жайнасын.

Бакчалардан байыр алып,

Окуу жайда окулсун,

Тоолуктардын өз тилинде

Токтомдору токулсун,

Телеграф, телефондор

Сүйлөп турсун кыргызча,

Ата Журттун эне тили

Аралашсын турмушка.

Желбиреген желегиндей,

Жетсин колу жылдызга!

Бул чындыкты өз да,

Жат да угушсун,

Эне тилим –

Энем,

Элим,

Уюткум.

Тунук болсом –

Тилим менен тунукмун,

Улук болсом –

Тилим менен улукмун,

Улут болсом –

Тилим менен улутмун!

Анткени тил –

Ар улуттун улуттугун аныктаар,

Паспорту да,

Мандаты да,

Метрикасы улуттун!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан