КАЗАКСТАН ЭЛ АРАЛЫК ЧАЛУУ КОДУН ӨЗГӨРТҮҮНҮ ПЛАНДООДО

Казакстанда байланыш операторлорунун кодун жаңы эл аралык +7ден +997 кодуна өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Казакстандын Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Учурда жаңы кодго өтүүнүн деталдуу планы иштелүүдө.

“Өткөн жылдан бери Казакстан үчүн уникалдуу эл аралык кодду алуу үчүн телекоммуникациялык компаниялар менен иштешип жатабыз. Бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында +997 деген эркин код келип чыкты. Жаңы кодго өтүү үчүн тиешелүү документтер даярдалып, чаралар көрүлүүдө”,- деп билдирет Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмостук өнөр жай министри жергиликтүү маалымат каражаттарына.

Улуттук кодду өзгөртүү 2023-жылга пландалып жатат. Бирок эки жыл бою эки код тең (азыркы дагы) жарай берет, толук өткөрүү 2025-жылы ишке ашырылмакчы.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан