ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЭҢ КАРЫ ЭГИЗДЕР 107 ЖАШТА

Япониялык 107 жаштагы эки эгиз эже-сиңди дүйнө жүзү боюнча эң кары эгиздер деп табылып, “Гиннесстин рекорддор китебине” катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтар боюнча, япониялык эгиздер Коуме Кодама жана Умено Сумияма 1913-жылы 5-ноябрда Япониянын Кагава префектурасындагы Седо аралында 13 балалуу үй-бүлөдө төрөлүшкөн.

Эже-сиңди дүйнөлүк эки согушту башынан өткөрүшкөн. Алар кичинесинен эле өз-өзүнчө жашап, үй-бүлө мүчөлөрүндөгү жакшылык-жамандыктарда гана көрүшүп турушкан. Эгиздер 70 жашка чыкканда буддисттик ажылык зыяратын жасоо үчүн сапарга чогуу чыгышкан. Бүгүнкү күндө алар эки башка карылар үйүндө жашашат. Кодама менен Сумиямага алар учурда жашап жаткан эң картаң эгиз аялдар экендигин тастыктаган сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, “Гиннесстин рекорддор китебине” ылайык, эң узак жашоо боюнча абсолюттук рекордду 1875-жылы туулуп, 1997-жылы каза болгон француз Жанна Калмент койгон. Ал кезде ал 122 жашта болчу.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан