101 РОЗАДАН БАШКА ЭМНЕ БЕРДИҢ?

Пайда болдуң... Жок болдуң... Кайра пайда болдуң... Бул эч пайдасыз болчу. Сен жашоомо келген бойдон калышың керек эле. Кеттиң да, менин көзүмдү ачтың. Мен сени тааныдым. Кеч болгондо келип алып эшик каккылай берген кишини деле эч ким сүйбөсө керек. Сен дал ошондой болдуң.

Катардагы иш күндөрдүн бири эле. Ал күнү жумушум өтө көп болчу. Керели кечке телефон чалып, социалдык тармактардан утур-утур кат жаза бердиң. Менде чындап сага бөлүүгө убакыт жок болчу. Жогорку окуу жайды бүтүп жаткандыктан бир бутум жумушта, бир бутум университетте, андан башка маселелер, айтор, башымда боштук жок. Балким, бул жөн гана шылтоо болгондур... Акыры тынбаган чалуулар, катарлашып келген каттардын саны сенин бир чалууңду алууга түрттү. Эмне мынча чалат, деле бир жолу алып коёюнчу дедим.

– Тобо, сен дагы телефонду алат экенсиң? Акыры алдырдым, ээ? Ошончо чалууну көргөндөн кийин Кудай үчүн кайра бир жолу чалып, "эмне болду?" деп сурап койчу, суранам сенден,- сөз ушинтип башталды. Менде алынбай калган чалууга кайра чалып коюу деген түшүнүк жашачу эмес.

– Айта бер, эмне болду?- чарчап турган менден жылуу деле сөз чыкмак эмес.

– Кандайсың, ден соолугуң жакшыбы?

– Жакшы.

– Бүгүн жолуксак болобу?

– Мен жолуга албайм, убакыт болбойт,- чын эле жолугушууну каалаган жокмун. Баш тарттым да, телефонду таптакыр өчүрүп салдым. Түндө маанилүү иштер чыгып, эжеме телефон чаларым менен сен чалдың, күтүүдө турдуң. Көрбөй калдым, укпай калдым, уктап калдым деп актанууга мүмкүн эмес эле. Алдым.

– Мен эшигиңдин алдында турам.

– Эмне?!- дарегимди билбейт да деген ой менен ишенген жокмун.

– Чын айтам, чыкпасаң дарбазаны такылдатам.

– Жинди болбо, байкемдер...- деген бойдон эшикке чуркап чыктым.

– Мына азыр каккылайм,- деп бир жолу тык эттирдиң.

Бирөө көрүп калбасын деп дарбазадан чуркап чыктым. Чын эле сен туруптурсуң.

– Жиндисиңби, кет бол!- дегенимди укпай, машинаңдан чоң букет кызыл розаларды көтөрүп чыктың. Албай убакытты созбоюн деп алдым дагы, үйгө кирип кеттим. Сен кеттиң. Тигил гүлдү очокканага киргизип, үстүн жаап койдум. Эртең менен үйдөгүлөр ойгонгончо ал гүлдү үйдөн алып чыгып кеттим. Бул 101 розаң мени же мамилебизди өзгөрткөн жок. Мен сенден издеген сапатты, күткөн аракет, чечкиндүүлүктү көрө алган жокмун. Негизи сен 101 роза бергенден башка эмне кылдың?

Бермет

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Luna7
2021-09-27 11:22:55
Чыкпасан эшигинди каккылайм дегенде башын жара койсо
+2
№ 981, 23-29-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан