АК КАЛПАК ТУУРАЛУУ КАНЧАЛЫК БИЛЕСИЗ?

Калпак – кыргыздын улуттук баш кийими. Жакында интернет желесине модель кыздардын калпак кийип подиумга чыкканы тартылган эски видео тарады. Ал видеодон улам талаш пикирлер жаралды. Бул макалада улуттук баш кийим тууралуу атайын сөз кылалы дедик. Улуттук тарых музейинин кызматкери, этнограф Назира Момунбаева кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү.

“УРУУ БАШЧЫЛАРЫ АЛТЫН ЖИПТҮҮ КАЛПАК КИЙИШКЕН”

– Мурун кыргыздар көчмөн турмушта жашап, кой-жылкы, төө багышкан. Койдун жүнү жылуу, жумшак, бышык болорун билген көчмөн эл аны таза жууп, кийиз басып баш кийим жасап кийишкен. Калпак кийизден жасалгандыктан кышында жылуу, ысыкта күндүн аптабынан коргойт. Калпак тууралуу маалымат биздин заманга чейин 3000 жылдыкта кытай жазма булактарында кездешкен. Маалыматта кол башчылар, бай-манаптар алтын жип, алтын чок (чачысы) карматылган калпак кийишкен деп айтылат. Уруу башчылар кийген алтын жиптен тигилген калпакты европалык окумуштуулар Кыргызстандан алып чыгып кетишкен деген маалымат бар. Өзүм Европадагы көп музейлерди кыдырдым, бирок экспозициялык залдардан алтын калпак кездештирген жокмун. Дагы бир кыргызга тиешелүү уникалдуу калпакты 1946-жылы орус окумуштуусу Саул Абрамзон экспедиция учурунда тапкан. Аны окумуштуу “Кары бойлуу киш калпак” деп жазып кеткен. Калпактын жээги киштин терисинен жасалган. Кийиз кылымдар өтсө да сапатын жоготпойт, ал эми киштин териси эскирип түшүп калган. Илгери сак уруусундагылар учу шуштугуй калпак кийишкен, бул уникалдуу калпак да ошого түспөлдөш төбөсү шуштугуй болгондуктан, окумуштуу кары бойлуу деп сүрөттөсө керек.

“КЫРГЫЗ, КАЗАК, КАРАКАЛПАК ЭЛДЕРИНИН КАЛПАКТАРЫНЫН АЙЫРМАСЫ”

– Кыргыздардан башка казак, каракалпак элдери калпакты баш кийим катары кийишет. Ар бир элдин кол өнөрчү, уздары өздөрүнүн улутуна таандык белгилерди, оймо-чиймелерди коюшкан. Алар формасынан, бычылганынан, тигилишинен айырмаланып турган. Мисалы, кыргыздардын илгерки калпактарынын төбөсү жапыз болгон. Париждеги музейге барып 1750-жылдары кыргыздар кийген калпактарды көргөм, азыркы биз колдонуп жүргөн калпактардан такыр башка. Учурда соодада жасалышына, кооз көрүнүшүнө карап тигип калышпадыбы. Ал эми мурунку калпактарда эч кандай оймо-чиймеси жок, кесиксиз жасалган же туюк калпак болгон. Ал эми казактардын хан калпактары эки жагындагы айрысы аябай чоң, төбөсү бийик, кайрып кийишчү. Учурда каракалпактардын, казактардын калпактары деле биздикине окшош болуп калды. Азыр калпактын 100гө жакын түрү бар.

“КЫРГЫЗДАР БАШ КИЙИМДИ ТАРТУУГА БЕРИШКЕН ЭМЕС”

– Мурун калпакты жаш балдар кийчү эмес, азыр кийишет. Жаш балдар топу же тебетей кийишкен. Улгайган эркектерге кара, күрөң, кочкул көк түстөгү кездемеден жээк коюшса, жаштарга ачык түстөн коюшкан. Салтыбызда калпакты белекке берүү болгон эмес. Баш кийимди белекке берсе башын бергенге барабар деп калпакты тартууга беришкен эмес. Менимче, калпакты кыз кишиге белекке берип, аны ар кайсы багытта колдоно бергендери туура эмес. Мисалы, тажик, өзбек, түркмөндөрдө салттарды тескеп, элге салт-санаасын туура колдонууга багыт көрсөткөн тескөөчү орган бар. Балким, бизде да ушундай мамлекеттик орган болсо калпакты каалаган жагына колдоно бербейт беле деп ойлойм. Мисалы, бизде башка элдин улуттук кийимин кийип көчөдө жүрө берсе болот, ал эми тажик, өзбек, түркмөндөрдө ал нерсеге тыюу салынган. Салттарды тескөөчү орган болсо аны мончого кийип барып, итке, койго калпак кийгизген көрүнүштөр болбойт эле.

КАЛПАК ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

• Белгилүү адам гана калпакка чок (төбөсүндөгү чачысы) коюп кийген. “Манас” эпосунда Манас баатыр алтын чогу бар калпак кийген деп сүрөттөлөт.

• 2016-жылы Жогорку Кеңеш 5-март күнүн Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп белгилөө боюнча токтом кабыл алган.

• Байыркы кыргыздар кара калпак кийишкен, “Манас” эпосунда калпактын жасалуусу боюнча “тармал ирик жыктырдым, таза жерге кырктырдым, кыздарга кылын тердирдим” деп сүрөттөлөт. Мындан улам Жусуп Мамай калпактын кара эмес, ак болуп калуусуна Каныкей энебиздин салымы зор деп айтып кеткен.

• Калпактар “тилик калпак”, “айры калпак”, “сайма калпак”, “туюк калпак” болуп бөлүнөт.

• 2018-жылы Бишкекте иттердин көргөзмөсү өтүп, анда итке калпак кийгизген айым интернетте чуу жараткан. Улуттук баш кийимди жаныбарга кийгизгендиги үчүн көпчүлүк нааразы болгон. Тойлордо дасторконго коюла турган козу гриллге дагы калпак кийгизген окуяны ыксыз жорук деп сындашкан.

• Жогорку Кеңештин депутаты 2011-жылы Финляндияда жергиликтүү аткаминерлерге кыргыз калпагын берип, мончого кийүүнү сунуштаганы үчүн сынга кабылган.

• 2016-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери бийиктиги 3 метрге жеткен калпактын макетин жасашкан.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан