Маркумдун агасы: “СҮЙҮКТҮҮСҮ ИНИМДИ ӨЗҮН-ӨЗҮ ӨЛТҮРҮҮГӨ ЖЕТКИРДИ”

2021-жылдын 7-сентябрь күнү Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылынын 26 жаштагы тургуну Урмат Сейитбеков өз жанын кыйып каза тапкан. Маркум өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө эмнеге өмүрүн кыйып жатканын айтып аудио билдирүү калтырган. Окуянын чоо-жайын иликтеп көрдүк.

“МЕН ТАЖАП КЕТТИМ”

Урмат Сейитбеков өз жанын кыяр алдында аудио билдирүү калтырган:

– Бул менин акыркы билдирүүм. Өз жанымды кыйып жатам. Себеби 3 ай мурун Алтынай Бейшенбек кызы “унаа алганы жатам, 2 айдан кийин кайтарып берем” деп 200 миң сом карыз алган. Мен ал акчаны карыздап алып бергем. 3 айдан өттү. Элге калпычы болдум. 1 айдан бери сурасам ар кайсы калпты айтып, мени күнөөлүү кылып, ортого тааныш тергөөчү, опер кызматкерлерин салып, өзүнүн үйүн өзү өрттөп мага жалаа жаап жатты. Ата-энеме чейин барды. Мен ага ишенип, чын жүрөктөн жакшы көрүп бердим эле. Ишенбесеңер телефонумду текшерип, сүйлөшкөнүбүздү анализдеп көргүлө. Ата, апа, мени кечирип коюңуздар, мага ишенбей калганыңарды билем. Бирок өзүмдүн да күнөөм бар. Силерге ачык айткан эмесмин. Силерди, бир туугандарымды жакшы көрөм, жакшы калгыла. Мен тажап кеттим. Ошондуктан бул дүйнө менен кош айтышып жатам.

“МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ “СЕН СОТТОЛОСУҢ” ДЕП БАСЫМ КЫЛЫШЫПТЫР”

Маркум Урмат Сейитбековдун агасы Азамат Сейитбеков акыйкаттык издеп бизге кайрылып, окуя тууралуу айтып берди:

– Иним Урмат Сейитбеков 1995-жылы туулган. 4 жылдан бери Бишкекте тиричилик буюмдарын саткан компаниялардын биринде иштечү. 2 жыл мурун күйөөсү каза болуп калган, өзүнөн 2 жаш улуу, 2 баласы бар Алтынай Бейшенбек кызы менен таанышыптыр. Экөө кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүшүптүр. Ал “машина алам” деп инимден 200 миң сом алыптыр. Урмат ага ар кимден карыз алып, керектүү сумманы таап бериптир. Алтынай акчаны белгиленген мөөнөттө бербегени үчүн “качан бересиң?” десе, ал өзүнүн үйүн өзү өрттөп, “Урмат үйүмдү өрттөдү” деп милицияга арыз жазыптыр. Атам өрт чыккан үйүнө барып бир бөлмөсүнүн бурчуна бир аз кийимдерин өрттөп, кайра өчүрүп салганын көрүптүр. Өрт өчүрүү кызматы келгенде өрт өчүп калган. Милиция кызматкерлери так иликтебей туруп кылмыш ишин козгоп салышкан. Иниме жалган жалаа жабылып, тергөөчүгө сурак берип жүрдү. Дагы бир күнү Алтынай “Урмат мени сабап салды” деп арыз жазды. Келин ооруканада санитар болуп иштейт. Тааныш врачтарына “сабалды” деген маалымдама жаздырып алган окшойт. Ошентип иниме акча бербештин айласын кылып, 2 кылмыш ишин козготуп салды. Милиция кызматкерлери “сен соттолосуң” деп басым кылышыптыр. Көрсө, ал келин көп жылдан бери милиция кызматкерлери менен ар кимди коркутуп акча тапчу экен. Анткени 6 миң сом айлыкка иштеген келиндин айдаганы унаа, моюн-колу алтынга толгон, үйү евроремонт. Инимди өлүмгө түртүп, карызга батырып сатып алган унааны 2 айдан бери айдап жүрөт. Каза болгон адамды жөн жаткырбай апасы да “Урмат алтындарымды уурдаган” деп арыз жазды.

Урматтын телефонун күйгүзсөм чалуу келди. Алсам "Урмат 17-августта 38 миң сомго апасына алтын сөйкө, билерик сатып алып, жетпей калган акчанын ордуна паспортун күрөөгө таштап кеткен" деди. Бишкектеги “Берекет грандга” барып инимдин паспортун алып кеттим. Инимдин колунда документи жок болсо кантип күрөөканага алтын таштай алат? Булардын калп айтып жатканын ушул жактан эле билсе болот.

Урмат жоош, спирт ичимдиктерин ичпеген, түз жүргөн жигит болчу. Иним менен дайыма сүйлөшүп турчумун. Акыркы күндөрү менден алыстап, чалсам албай, жазсам жооп бербей калган. Эч кимге сырын айтчу эмес. 6-сентябрь күнү кечинде тиги келин менен телефон аркылуу сүйлөшүп ызаланган экен. Эртеси эртең менен тергөөгө барып, маанайы суз кайтыптыр. Ата-энем “чай ичели” десе, “жуунуп алайын” дептир. Көпкө жок болуп кеткенинен ата-энем тынчсызданып издешет. Жаныбыздагы урап калган үйдөн асынып алган абалда табышыптыр. Биз “инимди өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирди” деп 2 милиция кызматкеринин, келиндин үстүнөн арыз жаздык. Эки милиция кызматкери иштеп жүрүшөт. “Иштен убактылуу бошотуп тургула” деп өтүнүп бардык, болбой коюшту.Тергөө иштери жүргүзүлбөй жатат. Ат-Башы РИИБи убакыт созуп, 20 күн мурун телефондогу фактыларды берсек, бүгүн араң “флешкаңар ачпай жатат” деп кайра беришти. Ошол эле күнү берсе кагазга болсо да чыгарып берет элем. Эптеп тиги үчөө инимди каралап, жаман көрсөтүп, ишти жапканы жатышат. Ат-Башы РИИБи болсо инимди “акча бергиси келбей асынып өлдү” деп Алтынайды жабырлануучу кылып жатышат.

Инибизден айрылып, кан жутуп отурабыз. Ата-энемдин абалы оор. Инимди өлүмгө жеткирген сүйүктүүсүн, милиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылам.

“ТЕРГӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТАТ”

Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы окуя тууралуу:

– 2021-жылдын 7-сентябрь күнү болжол менен саат 13:20 чамасында Ат-Башы айылынын тургуну С.А. Ат-Башы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө “иним С.У. муунуп каза болуп калыптыр” деп билдирген. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барганда 1995-жылы туулган С.У. кошунасынын үйүндөгү кампанын ичине кирип асынып алганы аныкталды. Бул факт Ат-Башы РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

2021-жылдын 22-августунан 23-августуна караган түнү С.У. Ат-Башы айылынын тургунунун үйүн өрттөп кеткендиги аныкталган. Мындан тышкары 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү С.У Б.Аны эч себепсиз уруп-сабагандыгы аныкталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Тергөөдө С.Унун күнөөсү толугу менен далилденген.

Бул окуя болгондон кийин Ат-Башы айылынын тургуну Н.С. 2021-жылдын 23-август күнү “С.У. мага тиешелүү алтын шакек, билерик уурдап чыгып, күрөөканага өткөрүп салыптыр” деп арыз менен кайрылган. Бул факт каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталып, тергөөнүн жүрүшүндө С.У. билерик өткөрүп күрөөкананын кызматкерлеринен 4300 сом алып кеткендиги, андан кийин алтын шакек таштап 3000 сом алып кеткендиги аныкталган.

Жогорудагы кылмыш жана жорук иштери боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

“УРМАТТЫ ЖАКШЫ КӨРЧҮМҮН”

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Алтынай Бейшенбек кызына байланыштык. Айтымында, маркумдан карыз алган эмес.

– Урмат экөөбүз 2 жыл мурун WhatsApp аркылуу таанышканбыз. 1 жыл жакшы сүйлөшүп жүрдүк. Былтыр уруша кеткенден бери коркута баштады. Видео байланыш аркылуу чалып, бир бөтөлкө аракты бир эле жутуп койчу. Ошондон кийин “сүйлөшпөй эле коёлу” десем, “өлөм” деп коркутууга өттү. Карантин маалында Урмат айылга келип, туулган күнүмдө колумду сурап шакек салды.

22-августта курбумдун туулган күнүнө баргам. Түнкү 12 жарымда Урматка чалдым, ал досунун тоюнда жүргөн. Кызуу экен, “бошой элекмин” деди. 1 саат өткөндөн кийин чалсам, “Ат-Башынын кире беришиндемин, кел” деди. “Жаныңда мас досторуң болсо барбайм” десем сөгүп салды. Телефонду коюп салсам кайра чалып, эркелетип, көңүлүмдү жибитип “досторум мас кылып таштап кетишти, баса албай калдым” дегенинен бардым. Достору жанында экен. “Алдамайын келбейсиңби?” деп таш менен урду. Достору “жинди болуп калдыңбы?” деп Урматты токтотушту. Мен үйгө жетерде чалып, “үйгө кел, болбосо тапкан жеримден өлтүрөм” деди. Ага чейин мага кол көтөрүп жүрчү, коркуп жалгыз барган жокмун. Жашынып отурсам “үйүңдү өрттөйм” деди. Сөзүнө ишенген жокмун. Таң атып калганда үйгө барып эшикти ачсам үйдүн ичи түтүн экен. Кире албай кошуна эжеме чуркап бардым. Баары жетип келишти. Өрт өчүрүү кызматы келип “өрт өчкөн турбайбы” дешти. Терезе ачык экен, ошол жактан киргенин билдим.

“МЕНИ ТАШТАП КЕТЕ АЛБАЙСЫҢ”

– 6-сентябрь күнү Урмат “сен мени таштап кете албайсың. Кайын журтуңа уят кылам” деп телефонумду алып кетти. Менин телефонум аркылуу акыркы билдирүүсүн WhatsApp`тагы тайпаларга таратып, жазышууларды тазалап салыптыр. Бир маалда кошуна эжеме телефон чалды. Дамбадан жолукмай болдук. “Мени аябасаң да, ата-энеңди аячы. Өзүң да кыйналып кеттиң” дедим. “Ушунун баары сенин айыңдан болду” деп ичке тээп, чачымдан сүйрөп сабады. Бир байке көрүп калып, ажыратып калды. Качып баратсам телефонумду ыргытты. Үйүнө барып апасына “Урматты сүйүп баарына чыдап келгем, мындан ары чыдай албайм. Милицияга арыз жазам” дедим.

7-сентябрь күнү эжемди жеткиргени бараткам, апасы чалып, “Урмат сени өлтүрүп, өзүн да өлтүрөм деп кетти. Таппай жатабыз. Алыска кач” деди. РИИБге бурулуп келип, милиция кызматкерлерине “чара көргүлө” десем чара көрбөй коюшту. Ак-Музга жеткенде иниси чалып “байкем асынып өлдү” деп суук кабарды угузду (ыйлап).

Урматты жакшы көрчүмүн. Ата-энем “балдарыңды карабай, Урмат деп жашап калдың” дешчү.

“УРМАТТАН КАРЫЗ АЛГАН ЭМЕСМИН”

– 2013-жылы балдарымдын атасы каза болуп калган. Арабдардын кайрымдуулук фонду атасы жок деп 2 балама 149 миң сом берген. Унаа алганга 80 миң сом жетпей калып банктан насыя алгам. Өзүм ооруканада санитар болуп иштейм. Урматтан акча алган эмесмин. Алсам берет элем. Кайсы арыма көөп, унаа алыш үчүн Урматтан акча алам? ДЦП болуп ооруган кызым быйыл мектепке бармак. Аны ташып турайын деп алгам. Тергөөчүнү үй өрттөнгөндөн бери эле тааныйм.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-10-10 21:53:37
Кимисине ишеничти билбейсиңго.
0
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан