ДНК (аферист эркектин 2 аялы, алардын күлкүлүү окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

– Эмне кылабыз?- Нурия көздөрүн алайтып Дарияга карады.

– Бербейбиз үйдү!- Дария ишенимдүү үн катты.

– Буларың жамандыкка деле барчудай го... Зыяны тийип калбайбы бизге?

– Анан эмне кылалы дейсиң?

– Үйдү берип коё бербейлиби?

– Билесиңби, сага бул үй бекер келгендиктен баркы сезилбей жатса керек. Бирок бул мен баш көтөрбөй күн-түн иштеп тапкан акчама келген үй. Аферист күйөөмө уурдаткан акчама алынган үй. Мен бул үйгө ээ да эмесмин. Бир да документ колумда жок. Бирок бул менин балдарымдын үйү. Бербейм мен!

ххх

Дөңкөйгөн жигит айткан 3 күндүн биринчи күнү дендароо абалда эле өтүп кетти. Экинчи күнү гана эсине келгендей Дария Кубага телефон чалды.

– Мен сага телефон чалам деп эле таптакыр убакыт таба албай жүрөм... Кандай жүрөсүң?- Куба актангандай үн катты.

– Жакшымын...

– А мен сенин күйөөң тууралуу толтура маалымат таап койдум. Даа-а... Ошончо жигиттердин арасынан сен дагы бир такымын жеген аферисттин колун кармапсың. Акыркы жарым жылда эле 3 чоң афера жасаптыр. Жалаң карапайым адамдарды сыздаткан экен.

– Куба... Анысына мейли. Жасаган иштери үчүн акыры жооп береттир. Бирок менде азыр маселе болуп жатат?

– Эмне маселе?

– Эй, жанагы күйөө сөрөйдүн айынан... Бир далдайган жигиттер келди. Күйөөң карыз, батирди бизге бересиң деп жатышат. Нуриянын атынан үйдү күрөөгө коюп салыптыр.

– Банккабы?

– Жок, банк эмес го. Килтейген эле бирөөлөр келип жатат. Банктын кызматкерине эч эле окшобойт. 3 күн убакыт беришкен. Милиция менен коркутсам, мыйыгынан күлүп шылдыңдашты. “950 миң сом тапкыла же үйдү алабыз” дешти.

– А Нурия анын наамындагы үй күрөөгө коюлуп жатканда кайда болчу экен?

– Ал билбейт күрөөгө коюлганын. Кол-пол коюлган эмес.

– Үйдүн документтери кайда?

– Үйдө.

– Анда эч кимден коркпой эле кой. Эч нерсе кыла алышпайт.

– Өлтүрүп кетишпейби?

– Сени өлтүргүчө мен карап турат белем?! Коркпо! Ошолор келгенде мага чалып кой.

– Рахмат!

ххх

3-күн. Эшиктин коңгуроосу Нурияны кадимкидей чочутуп жиберди. Көзөнөктөн барып сыртты карады, кыйкырып жибере жаздап токтоду.

– Дария эже!- акырын шыбырады.

– Дария эже дейм... Дария эже...- шыбырай берди. Эмнеге шыбырап жатканын өзү деле түшүнгөн жок.

– Да-ри-я э-жее,- шыбырап кыйкырды.

– Омей, эмне эле чыйпылдап жатасың?

– Чүш-ш!

– Эмне болуп кетти?!

– Тигилер келди.

– Кимдер?

– Жанагы бандиттер.

– Азыр...- ары карай чуркап кирип кетти. Аз өтпөй телефон кубаттагычтын ичке зымын көтөрүп алып чыкты.

– Эмнеге USB шнур көтөрүп алдыңыз?

– Бир нерсе десе чабам да...

– Ушуну мененби?

– Ооба...

– Бери келсеңиз... Ии караңыз эми.

Дария көзөнөктөн тиктеди. Далдайган-далдайган 3 жигит турат. Бойлору да теректей.

– Зарядка менен акырын чабыңыз, ээ? Бирөөсүн өлтүрүп албаңыз!

– Ок, шүмшүктөр! Эмне жеп чоңойгон немелер булар?! Азыр башка нерсе алып келиш керек экен,- кайра чуркап кирип кетти. Бирок бул үйдө бирөөнү жаткыра чабууга ылайыктуу бир да буюм жок экен. Буюм да эч нерсе эмес, бул үйдө башка бирөөнү жаткыра чаба алчу адам деле жок болчу. Эки назик аял. Алардын колунан эмне келер экен?

Ар кайсы буюмду кармалап көрүп жатып, акыры шарап куюлган бөтөлкө урунду. Ушуну менен чабууга болот...

Бул учурда эшик дагы бир нече жолу кагылып, дагы бир нече жолу коңгуроо чырылдады.

– Эй! Эмне болду?- Дария эшиктин жанына шашылыш келип үн катты. Нурия болсо көздөрүн алайтып коркуп алган.

– Эшикти ачыңыз... Убакыт келди.

– Кимсиң?

– Биз өткөндө келип кеткенбиз.

– Эй! Өткөндө келип кеткен, өткөндө тиктеген, өткөндө сүйлөгөн кишимин деп айтабы?! Атыңды айтпайсыңбы?

– Мен... Ач, эй!

– Атың ким?

– Мен Козубек!

Алайып коркуп турган Нурия Дария акыры барып тиги неменин атын айттырып алганына күлүп жиберди. А тиги эңгезердей жигиттин жанында турган дагы далдайган-далдайган эки жигит да күлүп жиберишти.

– Кайсы Козубек?

– Эй, ач деп жатам! Азыр эшигиңди талкалайм!

– Омей, эмне жиндисиңби? Кайсы Козубек деп жатам?

– Ач!- жанында жандап жүргөн жигиттердин күлкүсү ардантып жибердиби, айтор, Козубек эшикти каккылап жиберди.

– Эй! Сен Козубек эмей эле, Кочкорбексиң го! Сүзгүлөбө! Эшикти талкалайсың!

– Кочкорбек! Ха-ха!- эшиктин ары жагынан далдайган жигиттердин бирөө каткырып жибергени даана угулду.

– Эмне ылжактайсың?- Козубек жанындагы жигитке жиндене карады.

– Тиги кыз жарып жатпайбы! Кап этпе, дос!- өзүн араң тыйды беркиниси.

– Энең дурайын, жыга чабам азыр!

– Омей, эмне болду? Кой дейм!

– Кандай кой дейм? Кимсиң сен мага буйрук бергендей?

– Эй!- Козубектин каны кайнап чыкты да, маңдайындагы жигитти жакасынан тырыштыра кармады. Тигиниси да токтоп калган жок. Ал дагы Козубектин кекиртегинен алды.

– Эй!- үчүнчүсү ортого түшө калды: – Эмне болуп жатасыңар? Азыр бул жакты бүтүрүп коюп, эшикке чыгып сүйлөшөбүз. Жаш бала болуп жатасыңар да...

Тиги экөө эстерине келе түштү окшойт, бири-бирин бошотушту. Экөөнү ажыратар менен үчүнчүсү эшикти какты.

– Эшикти ачкыла?! Акча даярбы?

– Сен кимсиң?- Дария кайра атын сурады.

– Эшикти ач!

– Кимсиң дейм?

– Мени тааныбайсың! Ач!

– Мен тааныбаган киши менен сүйлөшпөйм. Козубек кана?

– Эшикти жулуп алам. Ач!

– Козубек! Эй, Козубек! Козубек дейм!- Дария кыйкырды.

– Эмне?- таарынгандай үн катты Козубек.

– Келсең, экөөбүз сүйлөшөлү. Таанышып калдык го...

– Сиз менин эшикти талкалашымды каалап жатат окшойсуз!

– Жок, Козубек, сен түшүнсөң... Мен сени коркуткандай болбоюн, бирок мен сенин соттолуп, түрмөгө отурушуңду каалабайм. Ичиңде кириң жок жакшы бала экенсиң.

– Хе, эмне дегиңиз келип жатат?

– Менин жакшы таанышым милицияда иштейт. Ал мени проблема болору менен чал деген болчу. Эгер мен азыр аларга чалсам, подъезддин алдына ОМОН келет. ОМОНдон токмок жеп көрдүң беле? Негизи ошонун кереги барбы сага?

– Эй, сенин участковыйыңдан коркот деп жатасыңбы? Билебиз ал милициядагы таанышыңды... Ач давай эшикти! Же азыр акча менен чыгасыңар, же болбосо үйдү таштап чыгып кетесиңер! Башка жол жок!..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Luna7
2021-10-04 09:48:42
Хаха го
+2
Samieva8890
2021-10-04 19:00:59
Кулоберип жыргадым. Ким жазсада ракмат! Дайыма сууз окуйт элем. Ии Эми эмне болот экен деп...
+1
Gukush8993
2021-10-05 03:12:11
Сууз супсак
0
Aiwa96
2021-10-05 07:06:58
Куло берип ичим эзилдиии
0
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан