ЭМНЕ ҮЧҮН КҮЗҮНДӨ...

...ЖАЛБЫРАКТАР САРГАЯТ?

А эмнеге күзүндө жалбырактар, чөптөр саргаят да, жазында жашылданат? Жазында жана жайында өсүмдүктөрдү жашылга боёгон түс үчүн хлорофилл пигменти жооп берет. Анын жардамы менен фотосинтез жүрөт. Бирок убакыттын өтүшү менен хлорофилл бузулат дагы, күн кыскарып, жер тоңо баштаганда аны калыбына келтирүү үчүн жарык жана суу жетишсиз болуп калат. Жалбырактарда каротиноид пигменти үстөмдүк кыла баштайт, ал жалбырактарга кызгылт сары, сары же кызыл түстөрдү берет. Ошондуктан бак-дарактардын баштары саргая баштайт. Сары түскө каротиноиддер жооп берет, кызыл түскө антоциандар жооп берет. Күн канчалык жарык болсо жана күз кургак болсо, кызыл түстөр ошончолук көп болот.

Суук мезгилде топурак тоңо баштаганда дарактардын тамырынан келген нымдуулук жана минералдык заттар жетишпейт. Алардын жашоо процесстери тоңот. Азык-заттарды үнөмдөө үчүн көптөгөн өсүмдүктөр суук аба ырайы башталганга чейин жалбырактарын түшүрүүгө ылайыкташкан. Жаздын келиши менен тамыры эриген топурактан суу ала баштайт да, өсүмдүктөрдөрдө жаңы жалбырактар өсүп чыгат.

...КАНАТТУУЛАР УЧУП КЕТИШЕТ?

Күзүндө канаттуулар жылуу жактарга учуп кетерин кичинекей балдар дагы билишет. Бирок алардын учуп кетүү себебин көпчүлүк кышында сууктан өлүп калышы мүмкүн, ошон үчүн учуп кетишет деп айтышат. Бул негизги себеп эмес. Анткени канаттуулардын жүндөрү жана мамыктары катуу суукта да аны сактап кала алат. Канаттуулардын күзүндө жылуу жакка учуп кетишинин башкы себеби башка. Кыш мезгилинде баары уйку режимине өтө баштайт: дарактар жалбырактарын түшүрөт, суу тоңот, бардык курт-кумурскалар жердин тереңине же бактын көңдөйүнө жашынышат, өсүмдүктөр куурап, чирип жок болот. Күн кыскарып, түн узарып канаттуулардын тамак табуусуна да убакыт азаят. Демек, кышында алар үчүн тамак таап жеш кыйындайт. Алардын кышты жылуу жактардан өткөрүп келишин ачкалыктан өлүп калуудан сактануучу инстинкт, жашоо үчүн күрөш десе болот.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан