СЮЦАЙ. МИССИЯҢДЫ БИЛ ДА, ЖАШООҢДУ ӨЗГӨРТ!

“Менин бул жашоого келгендеги максатым эмне?” деген суроону өзүңүзгө берип көрдүңүз беле? Ар бир жаратылган нерсенин өз максаты, миссиясы болот. Сюцай илими адамдардын туулган күн, ай, жыл сандарын бириктирип эсептөө менен миссиясын аныктайт. Биз буга чейин сюцай илими, туулган күн саны, аң-сезим саны, ийгилик алып келчү түстөр тууралуу жазганбыз. Бул жолу миссия сандары тууралуу кеп кылмакчыбыз. Сюцай илиминин чебери, цифролог Милана Мамытова айтып берет.

МИССИЯ САНЫН КАНТИП ЭСЕПТЕЙТ?

Алгач миссия санын кантип эсептеш керектигин билип алалы. Мисалы, сиз 27-сентябрда, 1991-жылы туулдуңуз дейли. 27.09.1991 – мындагы ар бир санды бири-бирине жалгыз сан келип чыккыча кошуп чыгасыз:

2+7+0+9+1+9+9+1=38;

3+8=11;

1+1=2. Демек, сиздин миссия саныңыз 2 болот.

Дагы бир мисал: Сиз 10.02.1990 туулдуңуз дейли:

1+0+0+2+1+9+9+0=22;

2+2=4. Демек, сиздин миссия саныңыз – 4. Миссия саныңызды ушинтип аныктап аласыз.

МИССИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Миссия – бул биздин максатыбыз, иш-аракеттерибиз. Сюцай илими адамдардын сандарга катылган миссиясын эсептеп чыгып, калыптанып калган программадан чыгууга жардам берет, адамды пайдалуу жашоого багыттайт.

Бала 7 жашка чейин энесинин таасиринде болот. 7 жаштан 14 жашка чейин ата-энесинин аурасында болот. 14 жаштан өтүп бала ата-энесинин аурасынан чыга баштайт. Ошон үчүн балдарга 14 жашка чейин сюцай же астрология боюнча талдоо жүргүзбөй эле койгон жакшы. 14 жаштан баштап аң-сезим саны таасир эте баштаса, 24 жаштан миссия саны аз-аздан, 15 пайызга иштеп баштайт. Ал эми 33 жашта миссия толук күчүнө кирет. Ушул куракта чоң өзгөрүү болушу мүмкүн.



Урматтуу окурман, сюцай илими адамдарды бул сандардын тийгизген таасирин жакшылап түшүнүү менен жакындарыбызды, адамдарды түшүнүүгө, сабырдуу болууга чакырып, эго сезимдеринен баш тартууга үндөйт. Ошондой эле бул калыптанып калган программадан чыгып, жакшы, пайдалуу жакка өзгөрүүгө жардам берет.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2021-10-04 13:06:57
Такыр башкача чыгып жатат!
Жөн эле жомок!
+1
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан