Салидинас – ырчынын сахнадагы каймана аты. Толук аты-жөнү – Диана Салиева. Өзү ачык, шайыр кыз. Үнү да жагымдуу. Сулуу бийкеч бул жолу биздин оңтойсуз суроолорубузга жооп берди.
– Салам, Салидинас! 1-ноябрдан тартып Бишкекте маршруттук таксиде жол кире 15 сом болот экен. Каршы эмессиңби?
– Каршы эмесмин. 15 сом боло берсин. Бул баага даяр болуп калдык окшойт.
– Кафе-ресторанда кальян, тамеки чегүүгө тыюу салынды. Буга көз карашың кандай?
– Колдойм. Бул ден соолугубуз, тазалык үчүн керек.
– Акча тапкан кызыктуубу же коротконбу?
– Экөө тең. Акчаны тапкандан кийин коротуш керек. Мен өз эмгегим менен иштеп тапкан акчаны жыргап коротом. Эң биринчи 2 жарым жаштагы сиңдиме кийим сатып барам. Жашоого бир келебиз, көзүң өткөндөн кийин акчаны ала кете албайсың.
– Кийим сен үчүн маанилүүбү?
– Кийген кийимин карап кандай адам экенин баамдап койсо болот. Кыял-жоругу, өзүн алып жүргөнү билинет.
– Гардеробуңдагы эң кымбат кийим?
– Жакында 25 миң сомго кроссовки сатып алдым. Бул бут кийим үчүн кымбат. Мүмкүнчүлүк болду, кыйылбай туруп сатып алдым. Бирок кадимки эле бут кийим, кымбат көрүнбөйт. Кымбат кийимдин өзүнүн “кайфы” бар. Негизи кийимдеримдин баасы 500 сомдон башталат. Базардан, секонд-хендден, бутиктерден сатып алам.
– Эгерде сени жиндиканага жаткырып коюшса “мен андай эмесмин” деп кантип ишендирмексиң?
– Мен кандай окуяга туш келбейин эч нерсе кыла албай, дендароо болуп туруп калат экенмин. Бул тууралуу виртуалдуу оюн ойноп жатып билдим. Мени бирөө өлтүрүп же зомбилер кармалап жатканда эч нерсе кыла албай калдым. Нормалдуу адам кыйкырып эмоциясын чыгарышы керек экен. Негизи эч качан мушташып көргөн эмесмин. Анткени андай жерлерден качып кетем.
– Сулуулук сынактарына катышуу тууралуу ой болду беле?
– Студент кезде болгон. Бирок менин боюм 155 сантиметр. Университетте сулуулук сынагына кастинг жарыяланганда резюмемди бергем. “Бой маанилүү эмес” дешкен. Бирок узун бой башкы критерий экенин билем да. “Катышканга татыктуу эмесмин” деп кетип калгам.
– Жараткан сага сулуу жүз же узун бой деген тандоо мүмкүнчүлүгүн берсе кайсынысын тандамаксың?
– Сулуу жүздү тандамакмын.
– Боюңа нааразы эмессиңби?
– Жок. Чоңдор батпаган жерге батып жыргап жүрө бересиң (күлүп).
– Сиңдиң биринчи турмушка чыгып кетти...
– Сиңдим менден озуп кетпедиби (күлүп). Ага жол бошоттум. Ал “2 жылдан кийин кетем” деп жаткан. Кезеги менен кетебиз деп ойлочумун. Бактылуу болсун эми.
– Ичиң ачышкан жокпу?
– Ачышты. “Дагы жүрө турса болмок” дедим. Анткени акыркы кезде каалаганымды кылып эркиндиктен ырахат алып жашап жатам. Ушул ырахатты жакшы сезбей калды да (күлүп).
– Эркек менен аял бири-бирин жакшы көрүшсө никени расмий каттоонун зарылдыгы жок деген пикирлер бар. Сен үчүн расмий нике маанилүүбү?
– Расмий никеге туруу мен үчүн маанилүү. Бул үй-бүлөнүн өзөгү. Аны баалай билиш керек.
– Бай кишиге же жөнөкөй кишиге турмушка чыгуу тандоосу болсо кимди тандамаксың?
– Адамгерчилик сапатына карап, кимисин сүйсөм ошону тандамакмын.
– Жигит биринчи жолугушууда кызды өпкөнгө укугу барбы?
– Акысы да, укугу да жок. “Сулууларга суктанууга акым бар” деген ырды уккан сайын апам экөөбүз “эч кандай акысы жок” деп ачуубуз келе берет. Кыз-жигит биринчи жакындан таанышып алышы керек.
– Кандай мырзалар жагат?
– Өзүн татыктуу алып жүргөн адамгерчиликтүү, ыймандуу, өзүн таза алып жүргөн мырзалар жагат. Ак, сары, кара экени маанилүү эмес.
– Кыргыздын кайсы салттары жакпайт?
– Кызды турмушка узатып жатканда бири-бирине себет беришет экен го, ошону такыр түшүнгөн жокмун. Калың беришет, ага кайра сеп алышат. Ошентип айланып жүрө берет экен (күлүп).
– Оңтойсуз учурга кабылдың беле?
– Анда сиңдим экөөбүз өспүрүм куракта болчубуз. Бир велосипедге экөөбүз отуруп алганбыз. Мен көп кабаттуу үйдүн артынан дат басып жерде жаткан велосипедди көрүп калдым. Сиңдим “алба” десе болбой ошол велосипедди алып алдым. Ээси билип калып кармалып калганбыз. Эртең менен алсак кечинде алып барып бергенбиз (күлүп).
– Ырчылыктан башка кандай талантың бар?
– Актёрлук жаатта окуп билим алгым келет. Фотомоделинг менен алектенем. Боюм сулуулук сынактарына жарабаганы менен, сүрөткө түшкөнгө жарайм (күлүп). Фотографтар “жүзүң сүрөткө жакшы чыгат” дешет. Үйдөн сүрөт тартып калам.
– Ырчы болбосоң ким болмоксуң?
– Силердин ордуңарда отурмакмын. Теле-радиодо иштемекмин. Негизи журналистика факультетине тапшырайын деп жаткам. Бирок эстрадалык вокал бөлүмүнө тапшырып калгам.
– Алдыда кандай пландар бар?
– Туруктуу жумушум болушу үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетине жумушка орноштум. Эстрадалык вокалдан сабак берем. Мурда студент болгонго чыгармачылыкка көңүл бөлө алчу эмесмин. Азыр өзүмдү толугу менен чыгармачылыкка арнаганга даярмын. Ютубдагы каналыма жаңы каверлерди чыгарып, ыр сүйүүчүлөрүн кубандырып турам.
– Маегиңе рахмат. Ийгилик коштосун!
Динара Абдыкадырова