ЭРТЕ ЖАТЫП, ЭРТЕ ТУРСАҢЫЗ ДЕНИ САК ЖҮРӨСҮЗ!

Ар кимдин уктоо, эс алуу режими ар башка. “Үкүлөр” – кеч уктап, кеч тургандар, “торгойлор” – эрте жатып, эрте тургандар деп эки топко бөлүнөт. Уктоонун маанилүүлүгүн, эмнеге эрте жатып, эрте туруш керектигин төмөнкү макаладан окуңуз.

КЕЧ УКТАГАН КИШИНИН ДЕН СООЛУГУ НАЧАРЛАЙТ

Мээ саат 21:00дөн 23:00гө чейин активдүү эс алат. Андыктан бул убакта уйкуга кетпесеңиз мээңиздин иштөө функциясы начарлайт. Саат 23:00дөн кийин жаткандардын акыл иштетүү жөндөмү алсырап, интеллектуалдык деңгээли төмөндөйт. Бул нерселер адамга дароо байкалбашы мүмкүн. Мээ чарчаганда оюңуз чаржайыт болуп, бир жерге чогулта албай каласыз. Башыңыз чыңалып, жаман адаттарыңыз көбөйүп, тамакты көп жеп, ызы-чууга жакын, чыргоо болуп каласыз.

Ал эми саат 23:00дөн 1:00гө чейин нерв жана булчуң системдери эс алат. Эгерде бул убакка чейин уктабасаңыз нерв эс албай калат. Чарчаңкы абал, тамакка болгон табит төмөндөп, дене оор сезилип, психикалык жана физикалык жактан алсыздык болот.

Саат 1:00дөн 3:00гө чейинки убакта уктабаса адам эмоционалдык жактан жабыр тартат. Жыйынтыгында ашыкча агрессивдүүлүк, себепсиз кыжырдануу пайда болот. Эгер туура режимде уктоодон баш тартып, каалаганындай жатып тура берсе адам депрессияга кабылат, бирок бул уйку жетишпегенинен болуп жатканын сезбейт. 1-3 жылдан соң депрессия чогулуп отуруп, адамды пессимистке айлантат. Кеч уктоону өнөкөт кылгандардын ден соолугу жылдан жылга начарлайт.

КАНЧАДА ТУРУУ КЕРЕК?

Саат 4:00дөн 6:00гө чейин турсаңыз жаратылыш сизге күч берип, бир күнгө жетчү энергия ала аласыз. Бул үчүн сиз түнкү саат 10дордо уктооңуз керек. Күн чыгарга 20 мүнөт калганда дене күндүзгү активдүүлүккө даярданып аракет жасап баштайт. Ушул убакта организм зыяндуу токсиндерди табигый жол менен иштеп чыгарат. Андыктан эртең менен душка түшүп, тамактанууга чейин дааратканага барып алганыңыз туура.

“УЙКУ ЖҮРӨКТҮ ТЫНЧТАНДЫРАТ”

Уйку – жүрөктү тынчтандырат, чарчоону жазат, нерв системин бекемдейт, күчтү, энергияны толуктайт. Техника өнүгүп, жашообузда сыналгы, чөнтөк телефон жана башка техникалык каражаттар пайда болгондон баштап түнкү уйку азайды. Түнү менен телефон чукулап, түшкө чейин уктаганды адат кылып алгандар бар. Эсиңизде болсун, эртең менен канча уктасаңыз да ал түнкү уйкуну алмаштыра албайт. Саат 24:00дө жатып эртең менен 7-8де турган адамдар да бар, алардын көбү эртең менен уйкусу канбагандай, чарчаңкы абалда, кыйналып турушат. Адамда күн бою ошол абал калып калат. Мындай абалдын негизги себеби – уйку режиминин табигый жаратылыштын ритмине төп келбегендигинде. Адамдын организми – бул майда космос, ааламдын кыймылдаткыч күчү, биологиялык саат менен иштейт. Чарчаңкы абалда жүрүп көп иш бүтүрө албайсыз.

КАНЧАДА ЖАТУУ КЕРЕК?

Уктоо үчүн эң сонун убакыт 22:00-22:30, бул убакта организмибиз активдүү тазаланат. Кийинки күн үчүн дене энергия алууга даярданат. Бул учурда уктабай жүрө бергендер энергиядан куру калат. Негизи ал энергия организмдин табигый жол менен тазалануусуна берилген. Ал энергияны сыналгы көргөнгө, телефон чукулаганга кетирсеңиз, эртеси чарчаңкы абалда ойгоносуз.

ТАБИГЫЙ РЕЖИМДИ ТУУРА САКТАСА...

Эртең менен туруу кыйын болсо ойготкуч сааттын коңгуроосун алгач 10 мүнөткө артка жылдырыңыз. Андан соң 15-20 мүнөткө... Айтор, сиз каалагандай жыйынтыкка жеткиче жылдырып туруңуз. Бир күндүк режимиңизди туура сактасаңыз, дене өзү эле зыянсыз заттардан арылып, биологиялык убактысын – эс алуусун табат. Жаратылыштан берилген биологиялык убактыңызды таап, организмди туура эс алдырсаңыз, энергия алуунун, күч топтоонун жаңы булагын табасыз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Dolon-3008
2021-10-04 13:22:14
Москвада жургондор кандай кылабыз?
0
nurdan2018
2021-10-04 14:57:37
Dolon-3008, москвада такси кылгандар мындай режимге уйроно албаса керек
+2
Asmat84
2021-10-08 11:28:57
Кечинде 10 эмес түнкү 2,3 болуп кетет го телефон чукулап жатып. Анан эрте менен 9,10 болуп кетсе да уйку канбай кечке кыйналып жүрөбүз уйкусурап
+2
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан