Меңди Мамазаирова, Кыргыз Республикасынын Эл акыны: “ЖОЛОН ҮЧҮН ТОКТОТКОН ЫРЛАРЫМ АЛ КАЗА БОЛГОНДО АГЫЛДЫ”

Ыр, проза, драма жанрын чогуу алып кетип, үч багытта тең ийгиликке жетишкен, 78 жашка келсе да чыгармачылык эргүүсү кайта элек, алп акын Жолон Мамытовдун жубайы Меңди Мамазаирова маек төрүбүздө. Эженин өзүндөй көп кырдуу, эргиткен, мотивация бере турган маек сиздер үчүн.

– Саламатсызбы, Меңди эже? Ден соолугуңуз жакшыбы?

– Рахмат, ден соолугум жакшы.

– Поэзияны, прозаны, драманы чогуу алып кетип жатасыз. Энергияны, эргүүнү кайдан аласыз?

Көзүмө баткан ааламды,

Көтөрүп жүрөм күнүгө.

Талыкшып денем чарчады,

Күч келип эки мүрүмө (ойлонуп)...

Кээде чарчайм, 80ге чукулдап калдым. Аялдын милдети көп эмеспи, балдар, жумуш, тиричилик деп жүрүп чындап чыгармачылык менен эми алек болуп жатам. Акыркы 10 жылдан бери катуу иштеп жатканымдын себеби – пенсияга чыккам. Билесиңби, азыркы заманды, башыңдан өтүп жаткан жашоону жазуу өтө кыйын. Анткени биз Союздун адамдарыбыз. Дүйнө тааным, аң-сезим башкача. Бирок эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл жашап койдук. Жарык көргөн “Аймаран” деген романымда эгемендүүлүктүн бизге алып келген кыйынчылыгы менен артыкчылыгы баяндалат. Энергияны кайдан алам? Энергия Жараткандын шыбагасы. Кудай жазганга дарамет-шык бердиби, көкүрөгүңө бир нерсе салып койдубу, демек, энергияны табасың.

– “Актриса” деген пьесаңыз көп жылдан бери театрда коюлуп келе жатат. Башкы каарман Назира Мамбетова “ролду мага арнап жазган” деди эле...

– Назира Мамбетова чыгаан актриса. Экөөбүздүн көз карашыбыз, мүнөзүбүз окшошуп кетет. Өзүм жөн турбай “сага бир жакшы образ чыгарсам” деп жүрчүмүн. Бир жолу командировкага Ош шаарына бара жаткам. Элдин баары уктап калды, мен уйку-соонун ортосунда баратып акылымда драманы толугу менен жазып чыктым. Азыркылар муну “аян” деп калышпадыбы. Бишкекке келгенде Назираны чакырдым. Келгенде сюжетти айтып берип, “кандай экен?” десем, “оор экен, бирок ойнойм” деди. Даяр болгондо шадыраңдап көтөрүп алып экөөбүз ошол учурдагы маданият министри Түгөлбай Казаковго бардык. Окуп жактырды, бирок “театрга койгонго каражат жок, эмдиги жылы таап берейин” деди. Биздин супсунубуз сууй түштү. “Өзүбүз коё берели” деп демөөрчү таап, Назира экөөбүз пенсияларыбызды кошуп, айтор, 2017-жылы “Актриса” драмасы коюлган. Ошол жылы төрт байге алды. Эл аралык фестивалда “Эң жакшы драматургия” деп мага сыйлык беришти.

– “Наристеге арналган хризантема” чыгармаңызды окудум эле, “Актриса” анын уландысыбы?

– Биринчи пьесамды жазып, бирок эч кимге, Жолонго да (ред.: Мамытов, белгилүү акын, Меңди Мамазаированын жолдошу) көрсөтпөй тытып салгам. “Колумдан келбейт окшойт” дегем. Андан кийин “Наристеге арналган хризантеманы” жаздым. 10 чактыдай пьеса жаздым, бактылуу экенмин, бардыгын мыкты режиссёрлор коюшту. Советбек Жумадылов, Ашыр Чокубаев деген мыктылар ролдорумду аткарып калышты.

– Жолон Мамытовдун аялы катары ага жол бошотуп, сиздин талантыңыз көлөкөдө калгандай сезилет...

– Жолондун кесиби башка болгону менен, жазган ырлары тез таанылды. Экөөбүз баш кошкондо анын ырларын жатка билбеген жаштар дээрлик жок эле. Мен бүт ырын билчүмүн. Мен кичинемден ыр жазчумун, кийин жазсам эле Жолондун таасири бардай, анын саптары ырларыма кирип кеткендей сезиле берди. “Ыр жазбай эле коёюнчу” деп чечтим. Жолон “кызык саптарың бар эле, жаза берчи” дейт. Болбой койдум. Жолон Москвага окууга кеткенде мен айылга кетип мугалим болуп иштеп калдым. Көкүрөктө данек болсо кыбырата берет экен, колума туш келген дептердин баарына эле ыр жаза бериптирмин. Жолон каникулга үйгө келди, кызганчаак болчу (күлүп). Мен жокто дептерлерди аңтарып отуруп менин ырларымды окуптур. Мага айтпай машинкага басып, радиого жаздырып “5 мүнөттүк поэзия” деген рубрика менен чыгарыптыр. Бир күнү чакырып радио угузду. Уксам эле менин ырларымды диктор музыканын коштоосунда көркөм окуп жатат. Угуп өзүм ыйладым. “Карачы, кандай таасирдүү саптар, талантыңды эмнеге катып, ыр жазбай коёсуң? Мен ыр жазганым үчүн сен баш тартканың эмнең?” деп урушту Жолон.

Тиричиликтин дөңгөлөгү чимириле берди, 4 балалуу болдук. Гезитте журналист болуп иштеп калдым. Гезит деген тегирмен да, чуркай бересиң, чыгара бересиң, деги түбү көрүнбөйт. 10 жыл эч нерсе жазбай калдым. Кээде чиймелеп жазымыш этип, бирок катып коём. Жолон бир күнү дагы таап алыптыр. “Меңди, бул жоругуңду кой, сенин жазган ырларың баары бир акындардын тизмесине киргизилет” деди. Сөздүн таасирин карачы, канча жыл өткөн соң мен Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамын алдым. Мага Эл жазуучу деген наам берилиш керек эле. Документ ошондой кеткен, бирок жаңылыштык болуп, Эл акыны болуп калдым. Таң калып эле отуруп калдым.

– Жолон аганы жоготуу оор болсо керек?

– Мени чыгармачылык сактап калды. Ооруп, ыйлап жүрдүм. Мүрзөсүнө күнүгө барчумун, тирүүсүндө ал жазсын деп токтоткон ырларым аны жоктоо ырлары катары агылды. “Кайгыдан тургуздум сага бир эстелик” деген ыр китебим жарык көрдү.

– Жолдошуңуз каза болуп калгандан кийин төрт баланы чоңойтуп, тиричилик, чыгармачылыкты кантип чогуу алып кеттиңиз?

– Жолон каза болгондон кийин күйүткө алдырып отуруп калсам төрт балам эмне болот? Алар үчүн жеңиш керек болду. Балдарды окуттум, үйлөндүрдүм, күйөөгө бердим, балдарын карадым. Өзүм өмүр бою жан талашып иштедим. Ал жылдары жеке Меңдиге таандык үйдөн жумушка чейинки гана жолдогу убакытым бар болчу. Ошол жолдо ырлардын саптарын ойлонуп барып убакыт таап чиймелей калчумун.

– Күйөөңүз каза болгондон кийин турмушка чыгууну ойлогон жоксузбу?

– Бул суроону мага ошол убакта эч ким бербептир (күлүп). Колумду сурагандар болду. 45 жашымда жесир калсам, колумду сурагандар жаш же бойдок болмок беле? Бир жолу Жолонду жакшы тааныган эки адам кабинетиме келип калышыптыр. Сүйлөшүп отурдук. “Сен мыкты аял болдуң, Жолондун төшөгүн тепсеткен жоксуң. Мына, Турар Кожомбердиевдин аялы турмушка чыгып кетти” деп кеп кылышты. “Абакелер, күйөөдөн калган аял эмнеге турмушка чыгат, билесиздерби?” дедим. Мени карап эле калышты. “Себептери мындай, табияттын сурагы болот, андай нерсе жок менде. Күйөө мени бакса дейт, мен тапканыма каниет кылам. Элдикиндей менин деле үйүмдө бир эркек кирип-чыгып жүрсө дешет. А менин арстандай үч уулум бар, үч Жолон үйүмдө. Жолон экөөбүз жомок элек, легенда элек. Ыйлап, күйүп жүрүп үйлөндүк. Турардын аялын эмне сөз кыласыздар, ал байкуш жаш калды. Бир кыз менен калды. Ар кимдин өз тагдыры бар” дедим. Тиги экөө “муну карасаң” деп ыңгайсыз болуп чыгып кетишти. Азыр деле ошол жоопту бермекмин.

– Балдарыңыз кандай кесипти тандашты?

– Балдарыбыз китепкөй болушту. Мында атасынын тарбиясы зор. Балдарым неберелүү болуп калышты. Улуу балам режиссёр, сценарист, экинчи балабыз каза болуп калды, кызымдын кесиби модельер, кийим бычып, тигет. Кичүү уулум дагы режиссёр. Мен пенсияга чыкканда “апам эми иши жок эмне кылат?” деп корей, түрк сериалдарын ноутбукка коюп беришти. Бирди көрүп эле “кой” дедим. “Көрбөйм, ишим толтура” деп 10 жылдан бери чыгармачылык менен алпурушуп келе жатам. Буга да шүгүр.

Маек соңунда айтарым, аалам тынч болсун, ааламдын ичинде Ала-Тоо аман болсун.

– Маегиңизге рахмат.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан