АХ, ЖЫПАР ЖЫТТАР!

Ааламды бийлеп, мен-мен деген чыгаандарды да өз кучагына багындырып алган жыпар жыттарга туруштук берүү кыйын. Бул ирет ушул атырлар дүйнөсү тууралуу сөз кылууну туура таптык. Бул макала аркылуу атырлардын жыты сиздерге жетет деп ойлойм.

ТҮТҮН АРКЫЛУУ...
Эң алгачкы атырдын жасалган күнү белгисиз. Атырлар жөнүндө алгачкы эскермелер биздин доорго чейинки IV миң жылдыкта айтылат. Кокустан ачылып калган улуу ачылыштардай эле атыр да адамдардын гүлдөр менен өсүмдүктөрдү өрттөөсүнөн, кокустуктан келип чыгыптыр. Анткени өрттөн чыккан түтүндөн ар кандай жыпар жыттар чыгып, адамдарга жакшы маанай тартуулай баштаган. Акырындап отуруп мындай атыр жыттар алтынга тете баага жетет. Атырлардын аталышы “per fumum” латын сөзүнөн алынып, мааниси “түтүн аркылуу” дегенди билдирет. Көрсө, “парфюм” деген атырлардын жалпы аталышынын келип чыгыш төркүнү түтүндө жатат турбайбы.
Атырларды жасоонун өнүккөн убагы XI кылымга туш келет. Римдин ак сөөктөрү атырларды денесине гана чачпастан, уктоочу бөлмөсүнөн тарта мончодо да колдоно башташат. Анын касиети күч деп саналып, чиркөөлөрдө гана чыгарып турушкан. Атыр адамдарды терс күчтөрдөн коргойт деп эсептешкен.

ДАРЫДАН ИСКУССТВОГО АЙЛАНУУ
Ошентип узак убакыт өтүп, терс күчтөрдөн сактагыч күч эми искусствого айланып, дүйнө жүзү атырлардын кучагына багынып берет. Биринчи болуп флакондогу атырды франциялык “Герлен” фирмасы чыгарат. Азыркы убактын көз карашы менен алганда, жупуну флакон ал кезде калың журтка тараган.

АТЫРЛАР ДҮЙНӨСҮНӨ ЖОЛ
Өзүңүздү жыпар жыт менен курчап, айлана­ңыз­дагыларга жакшы маанай тартуулагы­ңыз келсе, төмөнкү кеңештерди колдоно жүрүңүз.
Атырдан тарта жыпар жыттуу сууга чейинки парфюмдардын максаты бир. Ал – кожоюнуна жагымдуу жыт, аура тартуулоо. Бирок колдонуу эрежелери ар түркүн.
Биринчиден, атырды аз гана өлчөмдө, чеги менен колдонуу кажет. Ал эми жыпар жыттуу сууну көбүрөөк өлчөмдө колдоно берсе болот. Атырдын жыты кашемир, жүн, жибектен жасалган табигый кездемелерде жакшы сакталат жана таралат. Ал эми синтетикалык жана булгаарыдан жасалган кийимдерде начарыраак сакталат. Жабык имараттарда атырды аз өлчөмдө колдонуу абзел. Ченемин ашырып жиберсеңиз, жагымдуу атмосфера түзбөй эле жаныңызда туруудан баары качып калышы мүмкүн. Атырлардын түрүн тез-тез алмаштырып туруу да жакшы натыйжаларды алып келет.
Атырды колдонор алдында аны тирүү жандык деп элестетиңиз. Анткени ал адамдын терисинин өңүнө, табигый жытына жараша жыт берет. Эмне үчүн десеңиз, жооп табалы. Адамдан анын кыймыл-аракетине, жеген тамагына, кылган жумушунун түрүнө жараша 25 түрлүү жыт бөлүнүп чыгат. Ошол бөлүнүп чыккан түрдүү жыттар менен атырлар ар башкача жыпар жытты пайда кылат. Жана да дененин ар кайсы бөлүгү ар башкача жыт берет. Мисалы, бир эле атырды кол жана моюнга сүртүп көрсөңүз, экөө эки башка жыт берет. Мындан улам атыр аларда ар тарабына көңүл бөлгөнүңүз туура. Жаңы атыр сатып аларда бир нече күн атыр себинбей коё туруңуз. Жаңысын тандоодо адашпайсыз. Андан сырткары атыр алып жатканда кардар аз, тандоо кенен жерден алыңыз. Сатып аларда үчтөн ашыгын тандабаңыз. Жыт сезүүңүз басаңдап, өзүңүз эңсеген атырды тандай албай каласыз.
Атыр тандап алгандан кийин аны кайсы жериңизге сүртүүнү аныктап алыңыз. Атыр жыт кан тамыр күчтүү соккон жерлерге сүртүлүшү керек. Мисалга алсак, желкеге, кулактын түбүнө, билектерге жана төшүңүзгө. Кошумчалай кетчү нерсе, азыктандыруучу жана жумшартуучу крем сүртүлгөн жерде жыпар жыт жакшы сакталат.
Шарап караңгы жана салкын жерде жакшы сакталгандай эле, атыр да так эле ушундай жерде жакшы сакталып, жыты аңкып турат. Кийимиңизди ар дайым жыпар жыт аралай жүрсүн десеңиз, кийим сакталган шкафка атырдын бош флаконун салып коюңуз. Жуулган кирди чайкаар алдында сууга атырдан бир нече тамчы кошуп койсоңуз да ашыкча болбойт.
Сөз аягында айта кетчү нерсе, белгилүү Голливуд жылдызы Мэрилин Монродон:
– Түндө кандай кийимчен жатасыз?- деп сурашканда: "Шанель №5" атырын кийип жатам",- деген экен.
Ар дайым жыпар жытка бөлөнүп жүрүңүз­дөр!

БИЛИП АЛГАН ОҢ
Атыр (духи) – парфюмердик товарлардын эң кымбаты. Чоң эмес флакондордо чыгарылат. Курамында 20дан 30 пайызга чейин жыпар жыттуу май болот. Атырды эртең менен жана күн ысыкта колдонуудан баш тартканыңыз туура. Себеби эртең менен адамдардын жыт билүү органы жакшы ойгоно элек болсо, күн ысыкта атырдын жытын ысык күчөтүп жиберет. Атырдын жыпар жыты 6 саатка чейин сакталат.
Парфюмердик суу бул – курамынын 10-20 пайызын жыпар жыттуу эфир майы түзгөн парфюм товары. Жытын 4 саатка чейин сактайт. Күндүз колдонгонуңуз оң, анткени атырдан айырмаланып жыпар жыты бир калыпта сакталып жүрөт.
Жыпар жыттуу суу (туалетная вода) бул – атырдын жеңилирээк түрү. Курамындагы эфир майы, болгону, 4-10 пайызды түзөт. Бир күндө бир нече жолу колдонсоңуз болот. Жай мезгилинде колдонууга болот.
Парфюмердик дезодорант бул – курамына 3-5 пайыз жыпар жыт майын камтыган атыр түрү. Жайкы мезгилде жана башка атырлар менен биргеликте колдонууга болот.

ЖЫПАР ЖЫТТУУ КАБАРЛАР

  • Атыр колдонуу алдында зер буюмдарды чечип коюңуз, анткени алар жалтырак өңүн жоготушу мүмкүн.
  • Жыты билине бербеген гүлдөр кездешет. Бирок алардан жасалган атырлар баалуу. Кызгалдак гүлү ошолордун арасында.
  • Апельсин жемиши эркектер үчүн жасалган атырларда колдонулат. 1 литр эфир майын алыш үчүн 3000 даана апельсин керектелет. Сапатын жоготпоо үчүн анын баарын кол менен терип алуу кажет.
  • "Француз атырчылары байыркы Мисирдин фараондору колдонгон атырды иштеп чыгышкан" дешет. Ал атырлар адамдын сексуалдык каалоосун жогорулатат экен.
  • Париж шаарында Фрагонар аттуу атыр музейи бар. Көзүңүздү жумуп туруп, ошол музейде жүргөнүңүздү элестетип көрсөңүз, ах, кандай керемет, ээ?!

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
alexandra
2010-11-21 00:22:26
ah, sonun keremet!
0
Robin Hood
2010-11-22 11:14:25
mdaa
0
samara
2010-11-23 06:33:12
мой любимый аромат - это DKNY Be delicious// а у вас?
0
cosmopolit
2010-11-24 02:22:20
обожаю CHANEL аромттарын...
0
Elkata
2010-11-26 13:43:44
мен коптон бери озумдун жытымды таба албай журом,кантип менин жытым экенин билсем болот?Сиздерден мен жардам сурайм.
0
Love_kg
2011-11-13 14:15:53
Mexx очень нравится
0
janara_3006
2013-09-18 17:09:55
обожаю ХОГО
0
janara_3006
2013-09-18 17:11:54
мне нравится не знаю
0
№ 420, 19-25-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан