– Аял келип жаныма отурду. Колдорун шалдыратып бош койду да, бир саамга балдар ойноп жаткан жакты тиктеп отуруп калды. Бир маалда эки колу менен бетин жаап, буркурап ыйлап баштады. Ыйында ушунчалык айласыздык бар эле. Бул көз жаш менин да көмөкөйүмдү тешип өттү. Кайдыгер карап отура алган жокмун. Бирок суроо берүү да ыңгайсыз эле. Шаша-буша сумкамдан бет аарчы алып чыгып карматтым да, унчукпай гана далысынан сылап отуруп бердим. Өзү сүйлөп баштады. Ичиндегисин бөлүшүп жеңилдеп алайын деди көрүнөт, жарыктык.
– Кудай мага бала бербеди. Өмүрүм бала тилеп, балалуу болууга аракет көрүү менен өтүп жатат. Күйөөм экөөбүз колубуздан келген чараны көрдүк, дарыландык, табыптарга бардык, иши кылса элдин айтканын кыла бердик үмүттөнүп. ЭКУ жасаттык, бир нече ирет,- сөзүнүн арасында шолоктоп ыйлап кетет да, кайрадан улантат.
– Билесиңби, мен кичинемден көп балалуу болууну кыялдандым. Анткени өзүм жалгыз кыз болуп чоңойдум. Жалгыз болгон жаман. Башкалардай бир тууганым болушун кааладым, аны менен сыр бөлүшкөндү, жөлөгүмдүн болушун каалачумун. Ошол үчүн көп балалуу болом деп тилек кылдым, өмүр бою тилек кылдым... Бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала дейт. “Наристесин сабады”, “төрөп туруп дааратканага таштап кетти” деген кабарларды окуп алып ушунчалык жаным кейийт. Чындыгында, бар алтындын баркы жок экен, сиңдим. Азыр мен кырктан аштым. Кудай мени башка эч нерседен кем кылган жок. Байлыкты берди, сүйүүнү берди, жумушумда ийгиликтерим болду. Бирок жүрөгүмдөгү бир өксүк толбой калды. Бири кем дүйнө, мен ушул арман менен дүйнөдөн өтүп кетет окшойм. Алдабайм, ар бир жаш баланы көчөдөн көргөн сайын жүрөгүмдө бир нерсе тызылдап өтөт. Менин деле балдарым ушул балдардын арасында чаң сапырып ойносо эмне? Мен аларга арнап тамак жасасам, бышканда терезеден кыйкырып чакырсам, алар бири-бирин кубалашып үйгө киришсе, чогуу отуруп алып чай ичсек. Алар достору, ким менен кантип ойногону жөнүндө айтып берсе. Бул көп адамдар үчүн кадимки көрүнүш жана баркы жок учурлар. Мен үчүн кол жеткис кыял, түшүнүп жатасыңбы?,- бетин бир аз бырыш баскан, ыйлагандан көздөрү кызарып калган эже дагы көптү айткысы келди. Бирок сен эмнени түшүнмөк элең дегенсип колун шилтеп, жүз аарчыны бетине жаап бышактап дагы көпкө отурду. Бул учурда такылдаган бир аял биздин жаныбыздан өттү. 5 жаштардагы кызын ээрчитип алыптыр. “Ушу сенден тажап бүттүм. Зыяндан башка пайдаң жок, касиетиң качкыр” деп урушуп алган кызын. Бир дүйнөнүн эки ааламы көз алдымда турду. Мени да ойго салды. Ал эжени көп ойлочу болдум. Анын балалуу болушуна ишенгим келет, наристесин жетелеп жүргөнүн элестетип, ичимден көп тиленчү болдум.
Калия