БАЙЫРКЫ ШААР МАЧУ-ПИКЧУ

Туристтерди өзүнө тарткан өзгөчө аймактар жер жүзүндө абдан көп. Алардын бири – байыркы Мачу-Пикчу шаары тууралуу билип алыңыз.

Мачу-Пикчу – инк цивилизациясына таандык шаар. Тарыхый маалыматтарда шаар байыркы Америкада болжолдуу түрдө 1430-жылы курулуп, 1572-жылга чейин гүлдөп турганы жазылат. Шаарды ошол убактагы инк элинин башчысы Пачакутек Юпанки негиздеп, императордун кышкы резиденциясы катары салдырганын америкалык изилдөөчүлөр испандардын XVI кылымдын хронологиясындагы маалыматтарга таянып белгилешет. Бул жайдын өзгөчөлүгү – дубалдар мололонгон таштардан кынаптап салынып, ортолоруна жабыштыруучу каражат колдонулган эмес. Шаарда 200дөй курулуш бар, анын көпчүлүгү чиркөө, ак сарай, кепе. Бийик жеринен айлана тегиз көрүнөт. Тоонун бетинде, деңиз деңгээлинен 2400 метр бийиктикте жайгашкан. Мындай курулуш менен башчы тарыхта өз атын кылымдарга калтыргысы келген. Учурда шаарды “талкаланган шаар”, “булуттардын арасындагы шаар”, “инктердин жоголгон шаары” деп атап жүрүшөт.

Мачу-Пикчу учурдагы Перу мамлекетинде, Урубамба деңизинин жээгинде жайгашкан. Инктердин империясы кулагандан кийин ал жакка келгендер азайып, кийин 400 жыл бою унутта калган. 1911-жылы америкалык изилдөөчү Хайрам Бингем тарабынан табылган. Алгач ал коштоочулар менен барганда шаарда дыйкандар жашап турушкан. 2007-жылы Дүйнөнүн жаңы 7 кереметинин бири болуп кошулган. Бул жай ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине катталгандан кийин туристтердин агымы көбөйгөн. Шаарды сактап калуу үчүн күнүнө 2500 туристтен ашык киргизилбейт. Маданий жайды коргоо үчүн ЮНЕСКО туристтердин санын дагы кыскартуу керек экенин айтып келишет.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан