КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Арс тоону томкоргондой керсейе басып кызын кучактап турган Баатырдын жанына келди. “Оо, азаматсың!” деп мактоого алат деп күтүп жаткан. Бирок ал күткөндөй болгон жок. Бир заматта оюна келбеген окуяга дуушар болгон Баатыр Арска көңүл бурбастан кызын алып сыртты көздөй бет алды. Азыр Баатыр уккан кулагына ишенер-ишенбесин билбей турду. Маржандын кулап бараткандагы кебетеси көз алдынан кетпей, “ал сенин уулуң” дегени кулагына жаңырган абалында калды. Коркуп калган кыз жолду катар атасына башын жөлөп келе жатты. Атасы азыр андан баарын сурап-тактап, ар бир кадамы үчүн урушуп баштайт деп ойлогон. Бирок атасы ооз ачкан жок. Сурак албай унчукпай келе жатканына таң калып турду. Ал атасын мындай абалда эч качан көргөн эмес. Үйгө жетип эле кыз апасынын бөлмөсүнө чуркады.

– Апа-а-а!- кыз керебетте жаткан апасын кучактап жыгылды.

– Кызы-ым, берекем,- эне кыздын чачы-башын өөп-жыттап жатты. Алсырап жаткан энеге кубат бүттү. Өмүр бою алаканына салып бөпөлөп өстүргөн кызына өз өмүрү дагы байланып калганын, ушундан кубат алып, кызы үчүн жашап калганын эне эми аңдады. Эне төшөктөн туруп кызын бир саамга кучактап турду да, жанына алып жатты. Азыр кызын бир мүнөткө болсо дагы көзүнөн, жанынан алыстаткысы келбей турду. Эне-кыздын жанына атасы кирген жок. Ал азыр өз ойлору менен алпурушуп жаткан кези. Сыртта адатынча тумандата чылымын түтөтүп бассейнди карап ойлуу отурат.

– Маржан эмне деди, чын элеби? Болбосо азап тартып ошол талаага эмнеге барсын, эмнеге буга чейин айткан жок?..- Баатырдын башы маң болуп, суроо артынан суроолор жоопсуз калып жатты.

– Маржан эмне болду?- Баатыр ордунан тура калды. Маржандын абалына санааркап кетти. Болотко телефон чалды.

– Алло, Батыке?- деген Болоттун беймарал чыккан үнүнөн Баатыр ойлонуп кетти.

– Боке, кызымды таптым, баары жакшы,- деп жиберди. Эмне, аялың каякта деп сурамак беле?

– Демек, Маржандын абалынан кабары жок...- дембе-дем чылымын тартып телефонунан Арстын номерин издей баштады. Баатыр тынчсызданып турганда болгон күчүн чылымдан чыгарат. Бир күндө 5-6 куту чылым чегип койгон учурлары болот.

– Алло, Арс, жанагы жигитти алып келген балдар каякта?

– Алар кетишкен.

– Мага толугураак келген кара тору жигиттин номерин берчи.

– Эме...- байланыш үзүлүп калды. Шектүү шекинет болуп Арс өзүнөн чочулай баштады. Баатыр кайра чалса Арстын телефону өчүк болуп чыкты. Маржанга чалып көрмөй болду. Анын дагы телефону өчүк экен.

ххх

Тергөөчүнүн алдында дендароо болуп Байэл отурду. Тергөөчү шымалана келип отурганы менен, Байэлди сүйлөтө албай койду. Эки-үч суроо берди эле, Байэл лям деген жок. Баштапкы сустайган абалында отура берди.

– Эй, сен негизи сүйлөйсүңбү?- кулак түпкө бир урду. Байэл буга дагы реакция кылган жок.

– Эй, бул соо неме эмес, муну алып барып салгылачы. Эртең сурайбыз,- тергөөчү папкасын көтөрүп сыртка чыгып кетти.

Байэлди камерага кайрадан киргизишти.

– Кел, тууган, эмне болду?- улуураак киши Байэлди далыдан таптады. Жигит унчуккан жок.

– Маанайың такыр жок го, ээ?- экинчиси сүйлөдү. Байэл баштапкы абалынан жазган жок. Жанындагы эки киши бири-бирин карап ийиндерин куушуруп коюшуп, экөө өзүнчө сүйлөшүп кетишти.

Байэлдин көз алдынан кулап түшкөн аял, анын башына тапанча такап башка-көзгө койгулап турган киши кетпей турду. “Сенин уулуң, сенин уулуң” деген сөз мээсин жарып жатты. Ал аял ким? “Аделя сенин тууганың” деген кат эсине түштү. “Тууганың”, “сенин уулуң” мунун баары мынча жылдан кийин каяктан чыкты? Уккан кулак, көргөн көзүнө кантип ишенет? Буларды көтөрө албай башы жарылып кетейин деп турду. Нес болуп калган Байэл өзүн башкарууга кудурети жетпей калды...

ххх

Арстын телефону өчкөн бойдон күйгөн жок. Арстын атасына чалды эле, үйгө келбегенин угуп отуруп калды. Болотко кайра чалууга дити барбады. Маржанды ойлоп жатып түнү менен уктай алган жок. Өзүнчө тынчы кетип кызы менен аялынын жанына дагы бара албады. Эмне кыларын билбей, бир орунга тура албай кыйпычыктап жатты. Мындай абалда түнү менен уктай алган жок. Жерге жарык түшүп калган маалда көзү илинип кеткен. Көп узабай эле Камчыдан чалуу келди.

– Кандайсыз, Баатыр байке?

– Тынччылыкпы?- таң эрте чалганына чочулап кетти.

– Уктуңузбу? Маржан эже ооруканага түшүп калыптыр. Болот байкеге барып сурап коёлубу?

– Ооба, барыш керек,- шашып айтты. – Кайсы оорукана экен? Азыр жарым саатта барып калам,- көктөн издегени жерден табылгансып, ордунан тура калды. Маржандын дайынын билгенине кубанды. Шаша-буша кийинип, эч кимге айтпай эле жөнөп кетти. Ооруканага баш бакканда эле кире бериште турган Болот көзүнө урунду, андан арыраакта уулу менен кызы турушат.

– Ассалом алейкум, Маржандын абалы жакшыбы?- Баатыр жетип эле Маржанды сурады.

– Кудайга шүгүр, жакшы. Бир аз эс алышы керек экен. Убара болуп келбей эле койбойт белеңер.

– Ой, тирүүлүктө ден соолук сурашып турганга эмне жетсин, ушунун дагы убарасы барбы?- деди Баатыр Болотко карап.

– Үстүнө киши киргизбей жатыптыр, бара бергиле, келгениңерге рахмат.

Баатыр менен Камчы коштошуп сыртка чыгып кетишти. Үстүнө киши киргизбей жаткандыктан бир аздан соң Болот балдарын алып үйүнө кетмек болду. Баатыр кеткен түр көрсөткөнү менен, Камчыны кетирип жиберип, өзү оорукананын жанында калган. Унаасында кете албай отура берди. Көп өтпөй эле ооруканадан чыгып келе жаткан Болот менен балдарын көрдү. Алар унаасына отуруп узап кетишкенден кийин Баатыр ооруканага кайра келди. Түз эле Маржандын палатасын көздөй жөнөдү. Ал кирген тушта палатанын эшиги ачылып медайым чыгып келе жаткан эле. Аны утурлай басып, жолун тосту.

– Кечиресиз, бейтабыңыз азыр ойгообу?- деп шашыла сурады.

– Сиз кимиси болосуз, биз баарына эле маалымат бере албайбыз?

– Жакыны болом. Абалы кандай, тынчсызданып жатам. Бир көрөйүнчү.

– Жок, байке, болбойт. Азыр эле үй-бүлөсү келип кеткен.

– Эмнеге, мен акырын эле кирип көрүп чыгам,- Баатыр медайымдын колуна 100 доллар кыстарды.

– Байке, негизи ал өзү тынчтыкты каалап жатат,- акчаны көргөн медайым жибий түштү.

– Мени киргизип жибериңиз, палатанын ачкычын алып бериңиз. Анын үстүнө уктоо мөөнөтү дагы болуп калды. Эч ким деле келбесе керек.

– Эме...- медайым кыйылгансып Баатырды карады.

– Коркпоңуз, карындаш, муну экөөбүз эле билебиз,- Баатыр жылуу карап акырын башын ийкеди.

– Болуптур, байке, андай болсо,- медайым Баатырга ачкычты берип, аны палатаны көздөй баштады.

– Качан мен ач дегенде ачыңыз, ага чейин эч кимди киргизбеңиз,- Баатыр палатага кирип, эшикти бекитип алды. Анын кирип келе жатканын Маржан көрдү, бирок унчуккан жок. Терезени тиктеген абалында жата берди. Бөлмөдө тынчтык өкүм сүрдү. Экөө тең өз ойлору менен алек. Маржандын жанында ак халатты желбегей жамынып отурган Баатыр бир маалда Маржандын колун кармады. Бул өзүнөн-өзү болуп кетти. Эмнегедир анын колун кармагысы келди, бул сезимди өзү дагы түшүнө албай турду. Маржандын көзүнөн сызылып жаш агып жатты.

– Маржан, айтчы, чынбы?

Маржан “ооба” дегенсип жаштуу көзүн узакка жумуп турду. Көзүндөгү өксүү үнсүз эле түшүнүктүү болуп турду. Баатыр эки колун кайчылаштыра башына жөлөп отуруп калды. Бирок бул минтип үнсүздүк менен түшүндүрүлүп бүтүп кала турган нерсе эмес экенин экөө тең туюп турушту...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан