“КАЛЬМАР ОЮНУ” сериалы тууралуу кызыктар

2019-жылы корейлердин “Паразиттер” тасмасы “Оскар” алганда кино дүйнөсү бир дүң деди эле. Быйыл корейлердин кино жаратуучулары дагы бир чоң ийгиликке жетишип, көпчүлүктүн көңүлүн кайрадан өзүнө буруп турган чагы. Бул ирет “Кальмар оюну” сериалы 90дон ашык мамлекеттин тасмаларын чагылдырган белгилүү Netflix платформасында эң мыкты сериал катары лидерлик сапка чыкты. Кантип? Аны макаладан окуңуз.

Тарткан өлкө:
Түштүк Корея

Чыккан жылы: 2021-жыл, 17-сентябрь

Канча серия: 9

Жанры: триллер, драма

Режиссёру: Хван Дон Хёк

456 АДАМДЫ БИРИКТИРГЕН КАРЫЗ

17-сентябрда чыккан сериал бир жума өтпөй дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурду. Тасма жөнөкөй күйөрманга эле эмес, кино сынчылардын да жогорку баасына арзый алды. Австралиядагы Корей илим изилдөө институтунун директору Жо Эльфвинг-Хван: “Кальмар оюну” бир көрүп унутулчу тасма эмес. Анда Кореядагы эле эмес, бүт дүйнө жүзүндөгү адамдардын чоң маселеси, айласыздык чагылдырылган. Австралияны мисалга алсак, бул жактагы адамдар да чоң суммадагы карыз менен өмүр бою күрөшүп келишет”,- дейт.

456 адам. Кореянын ар кайсы бурчунан чогулган 456 адамды бириктирген себеп – баары каржылык каатчылыкка кабылып кыйналган, чоң суммадагы карызын төлөй албай айласыздыкка кептелген адамдар. Эгер оюндан утса, баш байгеге сайылган 40 миллион доллар чөнтөктө дей бер. Бирок бекер тамак капканда эле болот эмеспи. 40 миллион доллар бир эле адамга тиет, ал эми калгандары өмүр менен кош айтышары биринчи эле оюндан билинет. Биринчи оюнда 456 адамдын 201и гана аман калат. Калган оюнчулар өз жанынан коркуп оюндан баш тартканы менен мурдагы жетишсиз жашоо, айласыздыкка кабылышат. Анан кайрадан оңой акчага азгырык, “балким, мен утуп калам” деп сокур ишенимге жетеленип оюнга кайтышат... Баш-аягы корейлер кичинесинде ойногон 6 оюндан турган ажал менен кармашууда ким утат? Сериалдын кыскача мазмуну ушундай, калгандарын көрө электер үчүн спойлер кылбайын, өзүңүз көрүңүз, ээ, окурман?

ПЛАГИАТПЫ?

Америкалык “АБС” компаниясынын кызматкери, корей маданиятын изилдөөчү Синтия Ван: “Ар бир көрөрман азыр креативдүү, жаңы нерсе көргүсү келет. Ал эми Голливуд тарткан супер баатырлар жөнүндө франшизалардан андай жаңычылдыкты көрө албайсың. Netflix ошондой жаңычылдыкты корей кинолорунан таап, дүйнө жүзүнө таратып жатат”,- деген ойдо.

Албетте, акча үчүн өмүр менен күрөшкөн тасмалар буга чейин деле тартылып келген. “Кальмар оюну” чыкканда аны 2014-жылы чыккан япон режиссёру Такаши Миикенин “Кудайлардын эрки” аттуу тасмасына окшоштуруп, плагиат деп күнөөлөгөндөр чыкты. Сериалдын режиссёру Хван Дон Хёк сериалдын сценарийин 2008-жылдан бери жазып келе жатканын айтып, плагиат дегенди четке какты. Режиссёр сценарийди жазууда көптөгөн комикстерге таасирленгенин да жашырган жок. 9 сериядан турган сериал толук бүтпөгөндөй, кайсы бир окуялар көрсөтүлбөй калгандай сезим менен аяктады. Көпчүлүк 2-сезон чыгат деген ишенимде. Бирок режиссёр “азырынча 2-сезон кандай болору тууралуу оюмда эч нерсе жок. Эгер тартыш керек болсо анда дагы башка сценаристтердин жардамына кайрылам” деген оюн айтты. 2008-жылдан бери жазылып келген сценарий быйыл араң экрандаштырылса, 2-сезондун качан чыгары чындап эле белгисиз окшобойбу. Балким, Netflix мындай ийгиликтүү долбоорду көпкө созбой, 2-сезондун жакынкы аралыкта чыгышына салым кошобу, ким билсин.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

1. Ли Чон Жэ, Пак Хэ Су, Ви Ха Жун, Чон Хо Ён, ошондой эле Ли Бён Хон жана Гон Ю сыяктуу атактуу актёрлор катышкан сериалда баш каарман жок. Бирок ар бир каармандын өзүнүн тагдыры, оор өтмүшү бар.

2. Эмне үчүн “Кальмар оюну”? Сериалдын биринчи сериясы кичинекей балдардын оюну менен башталат. Анда эки топко бөлүнгөн балдар жерге кальмарга окшоштуруп сүрөт тартып, чабуулчу жана коргоочу болуп ойношот. Чабуулчулар кальмардын моюнуна жетсе жеңишке жетишет. Сериалдын аталышы дал ушул оюнга байланган. 456 адамга оюнга чакыруу катары визиттик карталар таратылат эмеспи. Анда үч бурчтук, тегерек жана төрт бурчтук формалар тартылган. Бул формалар жөн эле сүрөттөр эмес, байыркы корей тилинде “кальмар оюну” деген түшүнүктү билдирет.

3. Эң биринчи “Жашыл-Кызыл өң” оюнунда килтейген окуучу кыздын куурчагы колдонулат эмеспи. Бул куурчак атайын сериал үчүн жасалган эмес. Ал буга чейин эле Сеулдан 3 саат алыс аралыкта жайгашкан Чунчонбокдо музейинде турчу. Тартуучу топ айыл элинен сурап келип сериалга колдонушкан. Азыр мындай куурчактардын түрүн чыгарып жатышат. Ал эле эмес, сериалдагы каармандар кийген кыпкызыл формалар да популярдуу. Баса, дагы бир оюнда катышуучулар тегерек конфеттин ортосундагы түрдүү формаларды ийненин жардамы менен сындырбай чыгарып алышы керек го? Бул конфет да жаңылык эмес. Корейлердин далгон аталган таттуусунун рецептин дүйнөнүн ар бурчунан жасап көрүп, интернетте челленж кылгандар көп. Тасмалар аркылуу ашканасын да дүйнөгө тааныткан корейлерге бали дейсиң!

4. Сериалда Кан Сэ Бёк аттуу каармандын образын жараткан Жун Хо Ён 27 жашта. “Кальмар оюну” анын кинодогу дебюттук ролу.

Буга чейин ал дүйнө жүзүндөгү ТОП-50 моделдин катарын толуктачу. Баса, моделдин жакын курбусу “Blackpink” тобунун мүчөсү Женни экенин билип алсаңыз ашыкча болбойт.

5. Балдардын оюнун мыкаачылыкка айланткан, баарын ойлоп тапкан О Иль Нам аттуу абышканын ролун 77 жаштагы актёр О Ён Су аткарган.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
1211
2022-01-29 13:14:54
кальмар
0
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан