УКТООЧУ БӨЛМӨ ЖАШООБУЗГА КАНДАЙ ТААСИР ТИЙГИЗЕТ?

Фен-шуй жаатындагы адистердин айткандары боюнча, уктоочу бөлмөнүн эмереги, жасалгасы жеке жашоого да таасирин тийгизет.

Керебет кенен жана ыңгайлуу болушу шарт. Анын башы дубалды, аягы эшик тарапты карашы керек. Антпесе бөлмөдөгү энергиянын айланышы жакшы болбойт да уйку канбай, баш ооруу, чарчоо жана жаман маанай жаралат.

Эмерек, дубал “жылуу тондо” болуп, жарык чакчайбаган болушу шарт. Эмеректердин өтө чоңу болбойт.

Картиналардан фен-шуй боюнча уктоочу бөлмө үчүн классикалык варианты – пиондун сүрөтү болмокчу. Пион – узак жашоонун символу. Анын желекчелеринин учтары тегерек тартып, кубаныч менен тынчтыкты чагылдырып турат. Пиондун картинасы жок болсо кооз пейзаж тартылган картинаны такса болот.

Үй-бүлөлүүлөр эч качан уктоочу бөлмөгө суу кошо тартылган картина такпашы шарт. Бул көзгө чөп салууну шарттайт. Анткени жубайлардын ортосундагы жакшы мамиле суудай агып кетип, анын ордун көзгө чөп салуу ээлейт экен.

Бөлмө гүлүн коём дегендер кескин жыты жок, желекчелери жана жалбырактары тегерек же жарым тегерек келгендеринен койсо болот.

Чырмалып өсө турган гүл уктап жаткан адамдын энергиясын соруп алат, андыктан андайды жолотпоңуз.

Шып тегиз, жылмакай болуп, ага көз чаптырганда көзгө эч нерсе илинбеши кажет. Бассейн жана башка формада жасалгаланган шып болсо бөлмөдөгү энергетикалык агым айланбай токтоп калат да, уктап жаткан адамды “кысат”. Бул нервденүү, чыңалууну жаратат. Бойдоктордун ушундан иши жакшы жүрүшпөйт, жубайлар көп уруша турган болот.

Бөлмөдөгү чачылган буюмдар, чоң шкаф, китеп текчелер жана андагы эски китеп, гезит, журналдар, сейф, караңгы бурчтар адамдын аң-сезиминде тынчсыздануу, түйшөлүүнү жана уйкусуздукту чакырат. Андыктан уктоочу бөлмөдө алардын болушу керек эмес.

Чоң саатты койбоо керек. Анын тыкылдап иштеши уктаганга жолтоо болгондон тышкары жаман энергияны топтойт. Эгер саат керек болсо анча чоң эмес коңгуроолуу саат колдонуңуз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан