ЖЫГЫЛДЫҢБЫ, КҮБҮНҮП ТУРУП КЕТ!

 

Жашоо жоготуулар, түрдүү сыноолор менен коштолот, бул нормалдуу көрүнүш. Турмуштан сокку албаган адам аз. Мындай абалдан чыгуу, сынып калбоо жолдорун психолог Сейил Калдыбаева айтып берет.

“БАЛАЛЫКТАН БАШТАЛАТ”

– Психологияда бардык нерсенин башаты балалык. Өзөгү бекем (внутренний стержень) адамды тарбиялоо дагы балалыктан башталат. Баланын пайдубалы 6 жашка чейин түптөлөт. Ата-энеси ага кандай мамиле кылса, ал көмүскө туюмга (подсознаниеге) түшөт жана анда жылдар бою жашайт. Мисалы, ата-энеси балага “колуңдан эмне келмек эле?”, “жүдөмүш”, “ушу баланы төрөбөй эле койбой” деген сөздөрдү айтса же ойлосо бул сөздөр баланын аң сезимине орноп калат. Мындай мамиледе балдар турмуштун чоң күрөшүндө утулуп калат. Анткени көмүскө сезимде “эмнени кыйратмак элем?” деген ата-энесинин баасы бар. Балага “сен күчтүүсүң, мыктысың, сенин колуңдан баары келет” деген сөздөрдү айтсаңыз, анын өзөгү бекем, стресске туруктуу болот. Эмоциясын чыгарып мээрим төгө айта албаган ата-эне жок дегенде “балам күчтүү жана ийгиликтүү болот” деп ойлонгону туура.

“БАЙКУШТУН” КИЙИМИН КИЙБӨӨ КЕРЕК”

– Турмушта биз көзөмөлдөй албай турган кырдаалдар бар. Ажырашуу, жоготуу, бизнесте банкрот болуу, бир кырсыкка кабылуу, айтор, толтура. Окуя болуп өттү, ооба, оор. Мындан ары эмне кылуу керек?

• Өзөгү бекем, анализи күчтүү адам болсо тырмалаңдап жатып абалдан чыгып кетет. Өзү менен өзү иштейт, “жашоо бүтүп калган жок, абалдан чыгып кетүүм керек” деп ойлойт. Булар ошол учурда абалдан чыгып кетет, бирок окуянын жаралары калып калуу коркунучу бар.

Өзүнө ишеними жарды, бирөөнүн таасиринде жашаган адамдардын стресс абалында калып калуу коркунучу бар. Андан да жаманы – бирөө жардам берип аяп жатканына көнө түшүп “байкуштун” образынан такыр чыкпай коюшу мүмкүн. Мына ушу адамдарды сынып калды деп айтсак болот.

Экинчи категориядагы адамдардын атайын адиске баруусу талап кылынат. Каражаты болбосо интернет айдыңында онлайн сабактарды таап катышканы туура. Жакындары ага каражат жагынан жардам бербей, өзүн тапканга көмөк кылганы оң.

КАНДАЙ АДАМДАР СЫНЫП КАЛАТ?

– Логик жана сезимтал деп бөлөбүз. Көп учурда сезимтал адамдар сынып калууга жакын. Алар абалды жүрөгү менен кабылдайт. Булар “менин ушундай абалым ата-энеме, бир туугандарыма, жада калса кошунама кандай таасир берет?” деп эзилип ойлой берип сынып калышат. Ал эми логиктер акылдын күчүнө салып анализдеп отуруп чыгып кетет.

СЫНООЛОРГО ЫРААЗЫЧЫЛЫК АЙТУУ

– Окуя болду, биз аны өзгөртө албайбыз, бирок ошол кырдаалга карата көз карашыбызды өзгөртүүбүз мүмкүн. Ал окуя менен жашоо бүтүп калбайт, дагы деле күн чыгып, түн кирип жашоо тегеренип жатат. Көп учурда адамдар маселени мээсинде гана жаратып алышат, реалдуулукта ал анчалык чоң деле маселе эмес. Бардык маселе мээбизде, мисалы, “бүттү, банкрот болдум, күйөөм таштап кетти, тагдырым талкаланды” деп мээге блок коюп алабыз. Мээдеги блок бардык организмге таасир берет. “Бүттү” деген команда кеткенде адам кыймылдагысы келбейт, көңүлү ачылбайт, тамакка табити тартпайт. Ойлорду оңдоо керек.

Адам жашоосундагы негативдүү учурдан дагы позитив тапканга аракет кылганы оң. 5-10 жыл мурун болгон абалга карап “эгерде ошол окуя болбосо азыр мен ушундай күчтүү болбойт элем деген адамдар жок эмес. Анткени сиздин күчтүү жагыңызды такшалткан ошол абал болушу мүмкүн. Жашоодогу бардык сыноолордон туура сабак алып, алдыга умтулуу керек.

ЖАРАЛАРДЫ АЙЫКТЫРУУ

– Бала кезден баштап түрдүү этаптарда адамдарда психологиялык травма, жөнөкөй тил менен айтканда, жан дүйнөнүн жаралары пайда болот. Айрымдар жараларды өмүр бою көтөрүп жүрүшөт. Тагдырына наалыйт, кайгысын ичине катат, таарынат. Кутулуунун ордуна аларды “тамактандырат”. Жаралардан кутулуу керек. Кутулбаса турмуш аны кайра эле ошол абалга кептей берет. Мисалы, зөөкүр күйөө менен жашап, аны менен ажырашып 10 жыл өткөндөн кийин башка бирөөгө жолугат. Аялдагы сүйүү чөйчөгү бош, “жакшы адам турбайбы” деп баш кошот. Кайра мурункусунан өткөн зөөкүр адамга туш келип калат. Эмнеге? Ал жараларынан айыккан эмес, аң сезими менен иштеген эмес. Жан дүйнөнүн жараларын психологдун жардамы мененби, же өзү изденеби, айыктырса гана турмуш кайра аны ошол жарга түртпөйт.

ЭГЕРДЕ СИЗ ООР АБАЛДА ТУРСАҢЫЗ, СИЗГЕ БУЛАР КЕРЕК!

Психологго кайрылыңыз. Элибиз адистен жардам алгандан көрө ал акчаны тойго кошумча катары кошконду артык деп эсептейт. Жан дүйнөнүн ыйлаганын жаңы көйнөк эки саат гана жабат, андан кийинчи? Жараларды жаңы көйнөк, алтын сөйкө, жасалма жылмаюу менен таңа бергенден пайда жок.

Адиске баргыңыз келбесе сизди түшүнгөн адамга абалды айтып бериңиз. Ичиңиздеги коркуу, кайгы сөз аркылуу сыртка чыкканда гана өз күчүн жоготот. Ичте сакталса кайгы организмге жүк болот, айыкпаган оорулар башталат.

Күндөлүк жазыңыз. Бул нерсени ичим тап (интроверт) адамдар жакшы кыла алат. Сөз жазуу иретинде түшсө күчүн жоготот.

Психологияда “бош стул” деген ыкма бар. Маңдайыңызга бош стул коюп, анда таарынычыңыз бар адам бар деп элестетесиз да, ага абалды айтып бересиз.

Ар бирибиздин колубузда телефон бар, аудио жазуусун иштетип болгон жаман нерселерди айтып алсаңыз жардам берет. Муну “жасалма кулак” деп коёбуз.

Жашоо бүткөн жок! Сынак менен кошо тагдырдын сюрприздери да бар. Жакшы сөздөрдү тез-тез кайталаңыз.

Спорт же хобби менен алаксыңыз. Китеп окуңуз. Жакшы маанайдагы адамдар менен сүйлөшүңүз.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Sakubek
2021-10-13 17:16:07
Кыскасы мага келип акча берип көйгөйүнөрдү чечип алгыла дептир
+1
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан