Адатта котормону кагазга түшүрүп, үн кошот эмеспи. Маектешимдин үн жаздыруу бөлмөсүнө кирип, тасманы көрүп, дароо которуп, ошол эле учурда актёрдук чеберчилик менен каармандын эмоциясын кошуп үн коштоп жатканын көрдүм. Ал учурда талкууга түшүп жаткан "Игра в кальмара" аттуу корей тасмасын которуп жаткан экен. Турусбек Жумалиевдин рекорд койгонунан башталган маек актёрлук кесиби, жашоонун сынактары, жолун жолдогон балдарына чейин барып токтоду.
– Саламатсызбы? Котормо жана үн коштоо ишин качан баштадыңыз?
– Саламатчылык. Котормону мындан 20 жыл мурун «Очарованный странник» деген көрсөтүүдөн баштагам. Өзүм которуп, үн кошком. Телеканалдардын биринин сунушу менен документалдуу тасмаларды которуп жүрдүм. Башында үйдөн которуп келип, студиядан үн жаздырчубуз. Кийин убакыт тар болуп, жетекчилик “тасманы көрүп жатып эле которуп, үн кошуп кете аласызбы?” деп сунуш кылды. Ошентип көрсөк болот экен, ошол форматка өтүп кеттим. Документалдык тасмалардан көркөм тасмаларга өтүп, Италия мафиясы тууралуу тартылган “Крёстный отец” тасмасын котордум. Канча роль болсо ошонун баарынын үнүн өзүм коштодум. Башында жөн эле үн кошчумун. Бирок актёрмун да, канымда актёрлук шык дайым ойноп турат. Эмоция кошпой которо бергенге жүрөгүм чыдабай кетти. Бакырып, ыйлап, каткырып, тасмада актёр катары жашап үн коштой баштаганда кино кызыктуу боло баштады.
– Канча тасма которуп, үн коштуңуз?
– 2000 тасма котордум. Өзгөчө пандемия учурунда эл үйдө отуруп калганда күнү-түнү уктабай иштедим. Ошондо ыраазычылык каттар көп келди. Анткени кыргызча котормого эл суусап калган экен, анан түрдүү эмоциялар менен коштоп боёк берсек кызыктуу болду окшойт. Бир ат-башылык жигит келип “мурун “Троя” киносун көрүп, бирок түшүнчү эмесмин, сиз которуп бергенде терең маанисин түшүнүп ыйлабадымбы” деди. Орто Азияда мынча көп тасма которуп үн кошкон жалгыз мен экем, кесиптештер изилдеп чыгып "рекорд койдуңуз" дешти. Элибиз үчүн ушундай иштерди жасап жатканыма кубанып жүрөм.
– Сиз актёрлукту 5 жыл Москвадан окуп келгенсиз, ал кезде өтө баркталса керек?
– Ооба, Москва шаарында Луначарский атындагы театралдык жогорку окуу жайды бүтүргөм. 1983-жылы бүтүп келгенден кийин жубайым экөөбүз тең (актриса Зоя Токторбаева) Каракол шаарындагы театрда иштедик. Ал театр мурун жок болчу, биз лентасын кескенбиз. Жетекчибиз Бообек Ибраев мыкты режиссёр эле. Театрда чоң ролдорду жараттым. Шекспирдин Ромеосун, “Абийир кечирбейтте” Ниязды ойнодум, “Курманбек” драмасында Аккандын ролун ойнодум. Келинчегим менден да көп башкы ролдорду ойноду. 10 жыл иштедик. Чолпонбек Базарбаев ал кезде маданият министри эле. Жубайым экөөбүздүн талантыбызды көрүп “силер борбордо иштейсиңер” деп Бишкекке жаштар театрына которуп жиберди. Анан эле Союз кулап, бардыгы өзгөрө баштады. Оор жылдар эле, 1995-жылы мен театрдан кетүүгө аргасыз болдум. Анткени жубайымдын оорусу күчөй баштаган, бөйрөгү ооручу. Айлык аз, аялыма дары алыш керек, үй-бүлөнү багыш керек деген маселелер бар. Артисттер торт, нан жасап сатып, ар ким өз алдынча турмуш менен күрөшө баштадык. Кыйналганыбызды айтпа...
– Сиз да соода жакка өттүңүзбү?
– Жок, сахнаны таштаган жокмун. “Кырк кыз” деген долбоорду ойлоп таап, ошону менен абалдан чыгып кеттим. Драматург Мар Байжиев “Турусбек, менде бир идея бар, пьесаларымдын атынан көрсөтүү жасабайсыңарбы?” деп калды. Идея жагып, коомдук телеканалда “Алтынчы күнү кечинде”, “Кер какшык” деген эки долбоордун алпаруучусу болуп калдым. “Байкем, эжем жана биз” деген долбоордо иштедим. Эл мени актёр катары эмес, алып баруучу катары таанып калды. Концерт, иш-чаралар менсиз өтпөй калды. Мурунку актёр театрда жана кинодо эле жүрүш керек деген стереотипти буздум окшойт. Жолум ушинтип ачылып кетти.
– Тиричилик жагын да күчтөп алыптырсыз да?
– Ооба, ошол жылдары эс албай иштедим. Үйгө кээде жуунуп, тамак ичкенге эле келип калган учурлар болду.
– Актёрлук канымда дедиңиз го, роль жаратууну сагынган учуруңуз болдубу?
– Мен сахнада эле жүрдүм. Актёрлукту таштаган жокмун, кээде ролдорду аткарып, коюп жүрдүм. Алып баруучулук деген оор иш. Кийин тойлор чыкты. Үй сатып алдым, уулумду үйлөнттүм, аялымды дарыга муктаж кылган жокмун. 10 жыл мурун жаштарды сахнага, актёрлук чеберчиликке үйрөтүү мектебин ачтым. Шакирттерим Москвадагы мыкты театралдык окуу жайларга бюджетке өтүп кетишти. Негизи мен кыргыз элинин маданиятына күйгөн адамдарды катуу сыйлайм. Ошолордун бири Алай Тойчубеков деген мыкты жигит. Кыргызстандын айылдарына чейин кыдырып жүрүп быйыл Москвадагы Щепкин атындагы жогорку окуу жайга 25 баланы өткөрдү. Бул элибиз үчүн чоң эмгек. Аялымдын узак оорудан улам 3 жыл мурун көзү өтүп кеткенден кийин мен театрга жумушка кирдим. Биздин жаштык, сүйүүбүз ошол жерлерде өткөн. Сагынычымды ошентип басып өзүмдү алаксытайын дедим.
– Кинодо роль жараттыңызбы?
– Москвадан балетмейстердин окуусун да окуп келгем да, бир жолу суукта гастролдо цыган бийин бийлеп ден соолугума зыяны тийип калган. Ошол үчүн азыр акча берилбеген жерге барбайм. Мурун Геннадий Базаров, Жалил Соданбековдун кинолоруна тартылгам, азыр деле сунуштар болот. Бирок баш тартам. Киного тартылуу үчүн мен таанылбай чыгышым керек. Мени эл алып баруучу Турусбек Жумалиев катары кинодон көрүшүн каалабайм. А театр башка нерсе да, таанылбайсың. Менин жүзүм, түзүлүшүм классикалык ролдорго ылайыктуу. Шекспирдин, Шиллердин, Бернард Шоунун, Чеховдун, Гоголдун спектаклдеринде роль жаратканга төп келем. Биздин учурубуздагы мектеп америкалык драматургия болгон да. Обу жоктонуп өзүмө туура келбеген роль ойногум келбейт.
– Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
– Улуу балам Дмитрий көп кесипти аркалады. Юрист, айкидо боюнча инструктор, азыр ырчылык боюнча жогорку диплом алганы турат. Төрт неберелүү кылган келиним менен ынтымактуу жашашат. Чогуу турабыз. Экинчи уулум Эрлан Улуттук консерваториянын 4-курсун бүтүп, азыр Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайда окуп жүрөт. Балдарым оюмдагыдай чыкты, ыраазымын.
– Маегиңизге рахмат, ден соолукта болуңуз.
Нуржамал Жийдебаева