«БАЛА 2-3 ЖАШЫНДА СҮЙЛӨБӨСӨ АДИСТИН ЖАРДАМЫ КЕРЕК»

Бишкектеги Сүйлөөнү жана угууну өнүктүрүү борборунун жетекчиси, көп жылдан бери балдар менен иштешип келе жаткан сурдопедагог, дефектолог, тил адиси-логопед, билим берүүнүн отличниги Гүлнара Ногойбаева менен маектештик.

– Саламатсызбы? Мугалимдердин эл аралык күнү менен куттуктайбыз. Көп жылдан бери бул тармакта иштеп келесиз, эмне үчүн так ушул кесипти тандадыңыз эле?

– Саламатчылык. Рахмат. 1989-жылдан бери ушул тармакта иштеп келе жатам. Алматыдан Казак улуттук педагогикалык университетинен билим алгам. Биринчи кесибим сурдопедагог, андан кийин сурдопедагог-дефектолог, андан кийин кайра логопедияны бүтүп келгем. Бул кесипти тандаганымдын себеби – бала кезимде кошунамдын кызы бар эле, анан башка дагы ушундай кемчилиги бар (сүйлөй албаган, акыл-эси жетилбей калган жана башка) балдарды көрүп, аларга жардам бергим келчү.

– Мындай өзгөчө балдар менен иштешүүнүн оош-кыйыштары тууралуу айтсаңыз.

– Азыркы убакта технология өнүгүп, жардам берүү мурдагыдан алда канча жеңилдеди. Азыр кохлеардык имплант (операция) жасоо менен көпчүлүк балдарга жардам берилүүдө. Бирок ошондо дагы балага биринчи укканды, сүйлөгөндү нөлдөн баштап үйрөтүш керек. Буга демөөрчүлөр да табылып, өкмөт тарабынан да жардам болууда. Азыркы кезде эмнегедир акылы толук жетилбей, артта калган балдар көп болуп жатат. Аларга сөздөрдүн маанисин түшүнгөндү, сүйлөгөндү этап менен үйрөтөбүз. Укпаган бала операциянын, аппараттын жардамы менен уккан күндө дагы акылы жетилбеген үчүн ал сүйлөбөй, сөздөрдүн маанисин түшүнбөй калат. Кээ бир балдарда угууга такыр эле мүмкүнчүлүк жок болот, аларга ооздун кыймылы менен сөздөрдү окуганды үйрөтөбүз.

Баланы жөн эле күчкө сала берсе бала сүйлөгөнү менен, сөздүн маанисин билбей калат, жөн эле уктура берсе ал тыбыштарды туура айта албай калат. Ой жүгүртүүсүн өстүрүш керек. Андан сырткары балдар менен эле эмес, ата-энелер менен иштеп, аларга да балага туура мамиле кылганды үйрөтүп келебиз.

Кесибимдин кубаныч тартуулаган жагы да көп. Бизде окуп кеткен балдардын ийгилик жаратып жатканы, коомдон өз ордун тапканы эле абдан чоң кубаныч, ийгилик. Мисалы, бир бала ДЦП болуп туулуп, төрөлгөндөн кулагы укпай келген экен, бизге 5 жашында келди эле, 7 жашында өз алдынча басып, укпай туруп ооздон окуп сүйлөп кеткен. Азыр зыңкыйган жигит. Шахматтан республикалык чемпион болду. Андан башка да көптөгөн балдар бар, дарыгер болуп, котормочу болуп иштеп жаткандарын көрүп абдан кубанам. Биздин борборго да “мени окуткан элеңиз” деп ыраазычылыгын айтып көп келишет.

– Ата-энелерге кеңешиңиз.

– Мектепке чейин бала тыбыштарды жөн же туура айта албаса, ата-эне баланы тил адиси-логопедге алып барышы керек. Акыл-эси ордунда болсо бала кыска мөөнөттүн ичинде тыбыштарды туура айтып, сөздөргө кошуп айтып калат. Мындай аракет мектепке барганда баланын жазуусуна жана окуусуна тоскоолдук болбошу үчүн керек.

Бала 2-3 жашында сүйлөбөсө, атынан чакырса карабаса, сүйлөгөн сөзгө түшүнбөсө, анда балага нейропсихолог, клиникалык психолог, дефектолог адистердин жардамы керек.

Биздин борборго шаар тургундарынан тышкары өлкөбүздүн бүт бурчунан, ошондой эле Орусия менен Казакстандан келгендер көп. Өкүнүчтүүсү – балдарды кеч алып келишет. Жашын өткөрбөй убагында алып келишсе аларды кемчиликтеринен эртерээк арылтып, өзү теңдүү балдардын катарына кошот элек.

– Маегиңизге рахмат!

АТА-ЭНЕЛЕРДЕН ПИКИРЛЕР: «ГҮЛНАРА ЖЕҢИШБЕКОВНАГА РАХМАТ!”

– Кызым начар угат эле, 3,5-4 жашынан баштап бул борбордо окуп келе жатат, 6 айдын ичинде кызым көп жетишкендикке жетти. Бизге көрсөткөн жардамыңыз үчүн чоң рахмат, Гүлнара Жеңишбековна! Алла Таалам сизге бекем ден соолук берип, өмүрүңүздү узун кылсын!

Маликанын апасы

“МЫКТЫ АДИСТЕРДИН АРТЫ МЕНЕН БАЛАМ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШТИ”

– Мен өз кесибинин мыкты адиси Ногойбаева Гүлнара Жеңишбековна, Аманкулова Гүлүм Болотбековна, Абыкеева Айгүл Асылбековнага терең ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бир нече жыл мурун сиңдимдин сунушу менен ушул борборго барган элек. Балам ал кезде биз менен сүйлөшчү да, тилибизди түшүнчү да эмес. Гаджетке көз карандылыгы бар эле. Бактыга жараша, борбордон татаал темаларды так жана оңой түшүндүрүү, окуучуга жекече мамиле кылуу менен балабызды ийгиликке жеткире алышты. Гүлнара Жеңишбековна өз ишине так адис, Гүлүм Болотбековна өзгөчө балдардын психологиясын жакшы түшүнгөндүктөн баалуу кеңештерин берди. Айгүл Асылбековнанын берген билими балама мектептин программаларын өздөштүрүүгө жардам берди. Ишенимдүү түрдө бул борборду баарына сунуштай алам.

Камилла, Эмилдин апасы

Ынтымак конушу, Азия көчөсү, 41. Тел.: 0557900940, 0556825961

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан