“АКШ, ЕВРОПАДА ЖУМУШКА ОРНОШТУРАБЫЗ ДЕГЕН ШЫЛУУНДАРДЫН ТОРУНА ТҮШТҮК..."

Өлкөбүздө миграция агымы күчүндө, Европага, АКШга агылган мекендештер көп. Чет өлкөдөн иш таап берип, жумушка орношууга ортомчу болгон компаниялар бар. Алардын көмөгү менен чет жерде иштеп жүргөн жарандарыбыз көп эле. Медалдын экинчи тарабы да бар, чет өлкөдөн жакшы маяналуу иш убадалап, акчасын алган соң жарандарды сызга отургузуп кеткендер да жок эмес. Ортомчу фирмадан жабыр тарттык деген жарандар редакциябызга кайрылышты. Кепти алар улантсын...

Айжамал Муханбетова: “ШЕКТҮҮНҮ БОСТЕРИДЕ ЭС АЛЫП ЖҮРГӨН ЖЕРИНЕН КАРМАШЫПТЫР”

– Европа, АКШга барууга документ жасап бере турган Бишкектеги “Peace” компаниясы тууралуу эжемден уккам. Ал 2020-жылдын ноябрь айында Францияга шенген визасын жасатам деп акча төлөгөн. Мен 2021-жылдын март айында барып, Польшага виза жасап бергенге деп 400 евро бердим. Негизи жалпы кызмат 800 евро болот экен, бирок мен калганын документ даяр болгондо 3 айдан кийин берем деп сүйлөштүм. Бирок документтер убагында келген жок. Чалып документтерди сурасак компаниянын эсепчиси Касиет күйөөсү компаниянын жетекчиси Улан Жумакуновду жашырып “Улан жүрөгүнөн операция болду, коё тургула” дейт, башка күнү чалсак “Улан коронавирус менен ооруп жатат, акыбалы оор” дейт, дагы бир күнү “мен сүйлөшө албайм, тамчылатма укол алып жатам” дейт. Айтор, түрдүү шылтоолорду айтып бизден качып жатты. Ошондо алданып калганыбызды түшүндүк. Башка жабырлануучулар анын үстүнөн арыз жазып салышыптыр. Биз да жаздык. Көрсө Улан жүрөгүнөн операция болбой эле, аялы Касиет экөө Бостериде эс алып жүргөн жеринен милиция кызматкерлери кармап келишиптир. Бизди эртеси Улан менен бетме-бет кезиктиргенде “операция болдум дебедиңиз беле?” десем, “ооба, мына операция болдум” деп футболкасын көтөрүп курсагын көрсөтүп шылдыңдап жатпайбы. Төшүндө чоң татуировкасы бар экен, эч кандай операциянын изи жок. Уланды кармап келишкенде ал тергөөчүлөргө 1 миллион сом сунуштады деп сөз уктук. Акчабыздан жок же документтен жок, алданып отурабыз. Тергөөчү анын үстүнөн арыз жазгандардын саны 28ге жеткенин айтканын уктум. Жабырлануучуларга келтирилген жалпы чыгымды эсептесек, 7 миллион сом болуптур. Бул акчанын баарын бизге ким төлөп берет? Улан бизден түрмөгө отуруп кутулуп кеткиси келип жатат.

Аида Турсунова: “БУЛ КОМПАНИЯ ОШТО ДА ФИЛИАЛ АЧЫП ИШТЕТИП ЖАТЫПТЫР”

– Мен да АКШга виза ачып, жумушка орноштуруп берет деп “Peace” компаниясына 2 миң доллардай бергем. Кызыгы, бул окуяда Уланды эле баары күнөөлүү кылып, калгандары көлөкөдө калып жатат. Компанияда аялы Касиет да иштеп, биз акча бергенде күбө болгон. Азыр ал “мен да алдандым, мен да эч нерсе билген эмесмин” деп жатат. Уланды “ооруп жатат, операция болду” деген калптарды айтып жаап-жашырган ошол болуп жатпайбы. Кантип билбей калат? Уландын эжеси менен да сүйлөштүк, ага да баары бир экен. “Эмне кылсаңар ошо кылгыла” деп койду. Ал эми Уландын атында бир да мүлк катталбаптыр. Бул компаниянын кеңсеси жабык, бирок соцтармактагы баракчасы иштеп жатат. Угушубузча, учурда Ошто филиал ачып иштетип жатышыптыр. Ал жакта дагы канча адамды алдап жүрөт билбейбиз. Компаниянын эсепчиси Касиет бизге "англис тилин үйрөтөм, АКШга кетсеңер керек болот" деп ал кызматы үчүн да акча алчу. Касиеттин үстүнөн да арыз жазабыз десек тергөөчү Чынара Эрикова “келишимди Улан менен түзүпсүңөр, ошого эле жазгыла” деп тоскоол болуп койду.

Урмат: “УКРАИНАДАН ДЕПОРТАЦИЯ БОЛУП КЕЛДИМ”

– Мен 2019-жылы ноябрь айында Швецияга виза ачып бергенге акча бергем. 2020-жылы пандемия болуп виза жасоо токтоп калды дешти. Андан кийин Уланга “барбай калдым го акчамды кайтарып бер” дедим. Ал Европага кетүүнүн башка жолдорун сунуштап баштады. “Бельгиянын жарандыгын алып берем, паспорт жасайбыз” деди, Улан өзү абдан сабаттуу жигит, кыскасы, паспорт жасап бере аларына ишендирди. Мен паспорт үчүн 12 миң евро бердим. Бельгиянын паспортун жасап берди, ал паспорт менен Украинага учуп барып жасалма экенин билдим. Украина аркылуу Бельгияга учуп кетмекмин. Украиналыктар мени кармап, кайра Кыргызстанга депортация кылышты. “Акчамды таап бер” деп Уланга барсам “бир жума күт, 10 күн күтүп тур” деп түрдүү шылтоолорду айтты. Тажап кеткенимден милицияга арыз жазып кайрылдым.

Окуя тууралуу Ленин РИИБинин маалымат катчысы иш тергелип, сотко жөнөтүлгөнүн билдирди. Ал эми Ленин райондук соту иш өндүрүштө экенин, иш келсе сот отуруму белгиленерин кабарлады. Ошондой эле шылуундукка шектелген Улан мырзанын туугандары менен байланышканыбызда окуя тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Maguska555
2021-10-12 17:36:48
Ушунун баары олкобуздо жарытылуу иш жок, жетпеген жашоонун артынан чет жерге кыдырып, тирлик учун аракет кылганы да элдин. Кээде мен деле качып кетким келет.
+3
AidaKurman
2021-10-12 20:49:21
Кудайдан коркпогон адамдар да бар экен да тообо кылдым.
+4
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан