(Башы өткөн санда)
– Коркпойсуңбу?
– Койсоңчу, Козубек! Өлө чатак болот ишиң...
– Ач дейм!- эшикти жулуп алчудай силкти.
Дария да кармана албай кетти, эшикти ачып жиберди.
– Эмне болду? Ии, сүйлө эми! Урасыңбы?! Сага алы жетчү киши табылбайт! Эки бирдей жесир аял менен тамтаң баскан эки наристе бар! Кааласаң кууруп жеп ал! Бирок бул үйдөн эч ким чыкпайт!
Козубек кетенчиктей түштү. Чын эле алы жете турган ушуларбы?! Килтеңдеген өзүндөй бирөө болсо бир жөн эле. Бирок башчысы тапшырма берген, же акча менен келесиң, же батир алардыкы болушу керек…
– Карыз убагында төлөнүшү керек! Эреже ушундай!
– Карыз болгон менминби?
– Күйөөң...
– Анан эмне мага келип жатасың?
– Күйөөң кайда?
– Көлдө…
– Качан келет?
– Билбейм.
– Келсе айткының, карызды баары бир төлөйт. Эч кайда качып кутула албайт.
– Келсе айтып коёюн, бирок келбейт болуш керек.
– Эмнеге келбейт?
– Чөгүп кеткен көлгө. Табылбай жатат сөөгү. Сөөгү табылса айтам ошого, карызыңды жаап кет деп.
– Омой! Сен эмне мени менен тамашалашып жатасың?
– Тамаша эмес. Издеп сөөгүн таппай койдук.
– Даана го могу! А биз акчаны кайдан алабыз? Карызын ким берет?
– Өзү берет!
– Өлүп калган турбайбы?!
– Билем өлүп калганын, сага мен айттым го!
– Кантип берет?
– Аны өзүнөн сура?
– Эй! Эмне деп эле башты айлантып жатасың?
– Сен кап этпе! Бирок бул үй менин акчама алынган! Балдарымдын үйү… Балдарың барбы сенин?
– Биз кайра келебиз! Карызды баары бир төлөтөбүз!
– Эй Козубек, жүрү, досторуңду ээрчитип үйгө кирчи…
– Эмнеге?
– Тамак бышып калды. Чай үстүндө сүйлөшөбүз…
Козубек таң калып калды. Адатта анын түрүнөн коркуп эле көп адам карыздарын заматта таба калчу… А бул аял болсо коркмок тургай, чайга чакырганы кандай?
– Бассаң, менде сага сунуш бар.
Козубектин жанында турган жигит кирсе кирели дегендей баш ийкеди.
ххх
– Ал бизден карыз акча алган. “Төлөй албай калсам үй силердики” деп сөз берген…
– А билесиңби, ал шүмшүк мага эмне деп сөз берген? Экөөбүз чогуу карыйбыз, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болом деген. Акыры эмне болду? Карызга батырып коюп жок. Баарынан дагы ал шүмшүк, менимче, тирүү… Баягы «Бригаданы» көрдүң беле? Саша Белый өзүн өлдү кылып туруп, качып кетет го. Ошентип качып жүрөт. Сен андан көрө анын өзүн тап.
– Тирүү экенин кантип далилдейсиң?
– Далилдей албайм. Аялдык интуицияма ишенип жатам. Ал тирүү… Жанын кыйбайт болчу. Өзүмчүл неме.
– Сенин интуицияң далилденбесе үйдү бересиңби?
– Сөөгүн таап өлгөнүн далилдесең батирди бошотуп берем. Эркекче!
– Болуптур! Келиштик!- Козубек Дариянын колун кычырата кысты.
– Акырын карма, манжаларымды бүрүштүрүп салдың!
ххх
– Сен даана делдирексиң го? Анын күйөөсүнүн сөөгүн кайдан табабыз? Эмне макул болуп салдың?
– Ачыгын айтканда… Каныбек чынында тирүү болушу мүмкүн! Аны жакында эле бирөө көрдүм деп жаткан.
– Балким, ал көргөндөн кийин өлүп калгандыр…
– Жо-ок. Эки күн мурун эле көрдүк деп жатышкан. Аны өлгөн деп айтса ишенип-ишенбей жаткам. Аны таап алсак тиги акчаны дагы, батирди дагы алабыз.
– А эгер өлүп калганы чын болсочу? Сөөгүн таппай калсаңчы?
– Анда баары бир батирди алабыз. Кам санабачы! Маалыматты тактап, издеп көрөлү да биринчи. Миллион чыга турчу жерден 2 миллион чыгарып кетсек жаманбы?!
ххх
– Эмнеге Каныбектин өлгөнүнө ишенбей жатасыз?- Нурия идиш жууп жаткан Дариядан сурады.
– Сөөгү табылбаса ишенбейсиң да… Анын үстүнө документ менен кийимин жээкке таштап койгону кызык болуп жатат. Атайын калтыргандай. Ошентип адаштырып из жашырганга аракет кылып жатат го дейм.
– А эгер тигилер анын сөөгүн таап, алып келишсечи? Батирди бересизби?
– Жо-ок. МЧС таба албаган адамды ушулар табат дейсиңби? Же эмне алар сага водолаз көрүндүбү? Булчуңун тынбай чыңдай бергенден мээсине кычкылтек жетпей калган дөөпөрөстөр экени көрүнүп турбайбы?!
– Ой Дария эже! Такыр коркпойт экенсиз!
– Коркконго акым жок. Балдарым турат. Алардын келечеги үчүн күрөшүшүм керек…
ххх
Асанбайдагы кичинекей кафеге кирип келген, аба ырайынын кандай экенине карабай дайым көз айнек тагынып жүргөн бул адамды бармен жакшы эле таанып калды.
– Сизге баягыдай элеби?- кирип-кире электе сурады бармен.
– Ооба…
– Жарайт!
Бармен аз өтпөй тиги кара көз айнекчен адамдын столуна сыра менен шишкебек көтөрүп келди.
– Баса, сиз жөнүндө бир адам сурап кетти,- бармен сынай карап үн катты.
– Кайсы адам? Эмне деп?- Каныбек чочуп кетти.
– Тааныбайм. “Качан келет?” деди. Ар күнү эле төрттөн кийин ушул жерде деп жооп бердим. Келебиз дешкен.
– Эмне айтасың? Жиндисиңби?- Каныбек алактап коркуп кетти. Ал аңгыча эшиктен Нуриянын апасы Айша кирип келди. Артынан эле мурда көрбөгөн чоочун жигит кирди.
– Тиги эжеге даараткана жакта күтүп турат деп айтып койчу,- ордунан тура калып дааратканага жөнөдү.
ххх
– Жемпириңизди чечиңиз… Жоолук барбы?- Каныбек шашкалактап жатты.
– Ой, эмне болду, айтчы?
– Билип калышыптыр мында экенимди. Өлтүрүп салышпасын, сиздин кийимдериңизди кийип чыгып кетейин. Башка арга жок.
– Аа…- мына анда. Айша шашкалактап кетти.
ххх
Аз өтпөй күрөң жоолук салынып, колуна да ошол түстө сумка көтөргөн Каныбек Айшанын басыгын туурап, анын узун жемпирин кийип кара көз айнегин тагынып кафеден чыгып кетти. Жанатан ээрчип кирген чоочун жигит аны теше тиктеп кала берди. Жаңы эле басыгы башкача, кара көз айнекчен «аялды» узата карап калган жигит бурула берип кара капюшон кийген, көз айнекчен, шишкебектен бурдап, сыра ичип отурган адамды көрдү. Башкача боло түштү. Жана киргенде көргөн жигит карып кеткендей туюлду Кемшеңдеп чайнаганы да башкача… Этке тиши өтпөй жаткандай. Ордунан туруп ал тарапты карай жөнөдү.
– Брат?- деди ал баш көтөрбөй шишкебек жеп жаткан адамдын тушуна келип. Тиги болсо ого бетер жүзүн катып эңкейип алган. Аны таң кала карап жатканда, шишкебек салынган табакка чала чайналган эт менен кошо тиштер шылдыр эте түшүп кетти. Айшанын протези катуу эт менен алышып жатып оозунан чыгып кетсе болобу?!
– Омей! Эмне болду, брат?- чоочун жигит чочуп кетти.
– Блат эмесмин мен. Мен эшемин…- деди Айша күнөөлүү кишидей тиши жок чулдурап. Чоочун жигит сыртты карай зуу койду. Тигилер кийимдерин алмашып алышканын ал эми түшүндү...
(Уландысы кийинки санда)