4-октябрда кечке маал сиз да Facebook, Instagram жана WhatsApp’ка кире албай кабатыр болдуңузбу? Сиз эле эмес, бүткүл дүйнө жүзү 5-6 саатка чейин бул тиркемелерди колдоно албай калышты. Муну менен катар Netflix, Steam, PlayStation, Google, Amazon, TikTok, Viber да үзгүлтүккө учураган. Тиркемелер техникалык оңдоолордун айынан иштебей калганын аналитиктер билдиришүүдө. Натыйжада Facebook`тун негиздөөчүсү Марк Цукерберг 6 миллиард 400 миллион доллар жоготуп, дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинен бир канча тепкичке түшкөнүн Форбс журналы аныктап чыкты. Ал эми компаниянын акциялары 5 пайызга түшкөн.
Бул мүчүлүштүктөн улам Telegram мессенжерине бир сутканын ичинде 50 миллиондон ашуун колдонуучу катталган. Мындай маалыматты Telegram каналдардын рейтингин аныктоочу TgStat аналитикалык сервисинен билдиришти.
Асел Ишенбай кызы