ЖЫНЫСТЫК ЖАКТАН АЛСЫЗ ЭРКЕКТИ ДАРЫЛОО

Кыргыз мырзалары оңою менен дарыгерге барып көрүнбөйт эмеспи. Эгер оорусу жыныстык органдар жаатта болсо, анда ого бетер уялып барышпайт. Балким, ушул макаланын жардамы тиер. Жыныстык жактан тубаса алсыздык, бул дартты дарылоонун жаңы ыкмалары тууралуу сексолог, андролог Мирлан Айбашов айтып берет. Уят дебей-этпей окуп билип алыңыз.

"ЖЫНЫСТЫК ЖАКТАН АЛСЫЗДАРДЫН ЖЫНЫС МҮЧӨСҮНӨ ПРОТЕЗ КОЮЛАТ"

– Жыныстык жактан алсыздык же эректилдик дисфункция мурун жыныстык жактан шалдык катары каралчу. Чынында, эрекциянын канча бир даражада бузулушу, жыныстык мүчөнүн калыптагыдай катпашы жана турбашы. Импотенция эрекциянын таптакыр жок экендиги.

Эркекти жыныстык жактан алсыздыкка кант диабети жана жүрөк-кан тамыр оорулары (жогорку кан басым, атеросклероз, тахикардия, аритмия) жана аларга каршы жылдап ичилген дарылар, бактериалдык жана вирустук оорулар, эркек гормондордун азайып, ургаачы гормондордун көбөйүп кетиши, жыныстык жактан жугуучу оору, отуруп иштөө, стресс менен семирүү жеткирет. Консервативдүү дарылоо алсыздыкка эмнелер себеп болгонуна жараша жүргүзүлөт. Мисалы, кант диабетинен жабыркаса канттын өлчөмү түшүрүлөт. Андан тышкары жыныстык мүчөнүн алдындагы мүчөнүн узундугун бойлоп кеткен көңдөйчөгө кавержект дарысы куюлат.

Оперативдик ыкмада жыныстык мүчөнүн алдындагы ошол көңдөйчө канчалык бир деңгээлде кырылып, ал жерге жыныс мүчөнүн узундугу менен тең узун, ичке, ийкемдүү жана стержендүү протез коюлат. Протез коюлган мүчө дайыма тик турат. Эркекте бир аз дүүлүгүү болгондо протезди өйдөгө же бир жакка бир аз буруп койсо болот. Протездин 1 жана 2 компоненттүү түрү бар.

Жыныстык жактан алсыздыкта аталган оорулардан улам көңдөйчө иштебей калат да, эркек дүүлүккөндө ал жерге кан толбойт, жыныстык мүчө көөп, жооноюп чыкпайт.

Операция менен протез үчүн 2000 доллардын тегерегинде кетет. Көбүнчө кант диабети бар жана жашы 50дөн ашкандарга коюлат. Операциядан мурун толук текшерилүүдөн өткөрүлөт. Өнөкөт оорусун дарылатып, анан операцияга алынат. Операция 2 саатка созулат.

"ТУКУМСУЗДУКТУ ЦИТОХРОМ ДАРЫСЫ МЕНЕН АЙЫКТЫРЫП ЖАТАБЫЗ"

– Баласыз жубайлардын 40 пайыздайына эркектердин тукумсуздугу себепкер болот. Эркектердин тукумсуздугу негизинен секретордук, иммундук, экскретордук жана айкалышкан инфертилдик, шарттуу тукумсуздук деп бөлүнөт.

Эң көп кездешкени секретордук түрү. Бул урук иштеп чыгаруучу жумурткалардын иштөөсүнүн бузулушу. Жумурткалар тиешелүү сандагы калыптагыдай сперматозоиддерди иштеп чыгара албайт, же алардын кыймылдуулугу аз же түзүлүшүндө кемтик бар (куйругу жок, башы узун жана башка) болот.

Мунун келип чыгышына жумурткалыктагы венанын кеңейип кетиши (варикоцеле), тепме, суу калта оорусу (водянка), жумурткалардын жумуртка калтасына түшпөй калышы (крипторхизм), гормоналдык бузулуу жана башкалар таасир этет.

Эркек кичине кезинде тепме менен ооруп, бирок дарыланбай же толук дарыланбай калганда вирус эркектин организминде өмүр бою калат да, уруктуктун иштелип чыгышына терс таасирин тийгизе берет.

Секретордук тукумсуздукту дарылоодо учурда цитохром каражаты колдонулат. Биз да ошону пайдаланып жатабыз. 20-25 күн дарылайт, анан сперматозоиддер 72-75 күндө пайда болуп, өсүп жетилет. Ошондуктан 75 күндөн кийин кайра спермограмма жана гормондорго анализ тапшыртуу керек. Айрымдардын сперматозоиддери 5-6 айда бир пайда болуп өсүп жетилиши ыктымал. Эгер натыйжа болсо кайра дагы 5-6 айдан кийин дарыланууну кайталоого болот.

Менин бир кардарым бар, 10 жылдан бери тукумсуздуктан жапа чегип келген. Спермограммасын текшергенде бир да сперматозоид чыккан эмес, дарылагандан кийин алардын саны 4 миллионго жетти. Бойго бүтүрүү үчүн сперматозоиддердин саны 40-50 миллиондон ашык болушу кажет. Биз кардарыбыздын сперматозоиддерин криоконсервация ыкмасы менен тоңдуртуп койдук. Себеби кардарыбызда сперматозоиддер канча бир убактан кийин кайра иштелип чыкпай калышы мүмкүн. Кардар каалаган убакта тоңдурулган уруктугун алып, аялы экөө ЭКО жолу менен балалуу боло берет. Уруктугун тоңдуртуп коюу Кыргызстанда 5-6 жыл мурун эле мүмкүн эмес болчу. Криоконсервация кызматы үчүн 1 жылга 13 миң сомдой акча төлөнөт.

"УРУКТУГУ ТУБАСА ЭРТЕ ТҮШЧҮЛӨРДҮ АЗЫР ДАРЫЛООГО БОЛОТ"

– Уруктуктун эрте түшүүсү (преждевременная эякуляция) классификациясы боюнча экиге бөлүнөт: тубаса жана кийин пайда болгон.

Тубаса түрү эркек жыныстык жашоого аралаша баштаган кезден, айталы, 16-17 жашында эле билинет. Өтө эрте бүтүп баштайт же жыныстык катнаш баштала электе эле уруктугу түшүп калат.

Мурун мунун келип чыгышын медицина так аныктай жана дарылай албай келген. 2019-жылы армениялык сексолог Вреж Шахраманян бул мээнин урогениталдык бөлүгүн башкаруучу кыртышынын жабыркашынан (синдром парацентральных долек) келип чыгарын айтты. Аталган кыртыш табарсыкты, урук чыгарууну башкарат. Мындай болуу баланын түйүлдүк кезинде мээ кыртышына энесинин оорусунан же башкадан улам зап кеткенден, же туулуп жатканда мээ жаракатка учурагандан болот. Бала чоңойгондо интимдик байланышка терс таасир этип, урук бат эле түшүп калма болот.

Азыркы убакта муну хлорэтил каражаты менен блокада жасап дарыласа болот. Дарылоо 20-30 күнгө созулат. Дары Орусиядан да чыгат, бирок учурда пандемияга байланыштуу чыгарылбай токтоп турат. Эгер Орусияда чыгарылып, бизге алып келинип башталса аны дарылоого колдонуп баштайбыз.

"УРУК ЧЫКТАГЫЧ БЕЗДИН ЗАЛАЛДУУ ШИШИГИН ЭМИ НУР МЕНЕН ДАРЫЛАШАТ"

– Мурун аденоманы (урук чыктагыч бездин залалдуу эмес шишиги) алуу үчүн операцияны ачып жасашчу. Азыр эндоскопиялык хирургия ыкмасы колдонулат. Башкача айтканда, аппарат менен заара чыгаруучу канал аркылуу аденомага жетип, ал кырылып алынат. Операциядан кийин эркек 2-3 күндө үйүнө чыгып кетет.

Түркиялык профессор, онколог-уролог кыргызстандык урологдорго урук чыктагыч бездин залалдуу шишигин айыктырууда дүйнөдө жаңыдан колдонулуп жаткан брахитерапия ыкмасын колдонууну сунуштады. Мында радиоактивдүү нурлар менен рак “өлтүрүлөт”. Бул бир нече этаптан турат. Аталган ыкма Кыргызстанда жок. Түркия, Орусия сыяктуу өлкөлөрдө бар. Дарылоо 30 миң доллардан өйдө турат.

Буга чейин жана азыр деле аталган оорудан айыктыруу үчүн операция ачылып жасалат жана урук чыктагыч менен кошо табарсык да алынып салынат. Анткени рак табарсыкка чейин өсүп кетет. Атайын медициналык түтүк коюлуп, заара ал менен сыртка чыгып турат. Операциядан кийин химиялык терапия жүргүзүлөт.

Айрым кезде жоон ичегиден табарсык жасалып коюлат.

Эгер керектүү аппараттар өлкөгө алынып келинсе аталган ыкма колдонула баштамак.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Mister-XXX
2021-10-11 19:38:01
Эркектер врачка көрүнүүдөн уялат дегени туура эмес.Эмне баарына "врачка барам"- деп жарыя кылмак беле.Урологго көрүнүп эле жүрүшөт го.Көп эле тааныштарым көрүнүп,дарыланып жүрүшөт.Уяты деле жок да.
0
bazar
2021-10-12 19:58:39
Mister-XXX,бизде серезный проблемма болгондо барып көрүнөбүз. Алдын ала сактанып көрүнө бербейбиз.
Мен жакында эле даарыландым уролого көрүндүм. Сийдик кармай албай аз жерден шымга сийип алчудай шаштырып чыгып кетет. Араң үлгүрүп калам. Эркектер, жаштар, ден соолука карагыла. Муздак нерселерге отурбагыла. Табарсык, бөйрөкө суук тийип калышы мүмкүн экен
+3
bazar
2021-10-12 19:59:02
Mister-XXX,бизде серезный проблемма болгондо барып көрүнөбүз. Алдын ала сактанып көрүнө бербейбиз.
Мен жакында эле даарыландым уролого көрүндүм. Сийдик кармай албай аз жерден шымга сийип алчудай шаштырып чыгып кетет. Араң үлгүрүп калам. Эркектер, жаштар, ден соолука карагыла. Муздак нерселерге отурбагыла. Табарсык, бөйрөкө суук тийип калышы мүмкүн экен
0
bazar
2021-10-12 19:59:20
Mister-XXX,бизде серезный проблемма болгондо барып көрүнөбүз. Алдын ала сактанып көрүнө бербейбиз.
Мен жакында эле даарыландым уролого көрүндүм. Сийдик кармай албай аз жерден шымга сийип алчудай шаштырып чыгып кетет. Араң үлгүрүп калам. Эркектер, жаштар, ден соолука карагыла. Муздак нерселерге отурбагыла. Табарсык, бөйрөкө суук тийип калышы мүмкүн экен
0
ChagyIgan7
2021-10-13 08:46:19
Эркектикин кантип чоңойтсо болот билгендер барбы? Күйөөм гель колдонсо жардам бербеди
+5
yazem
2021-10-15 18:44:31
Гель жардам бербейт, лохотрон, просто акча жасоо ыкмасы ага караганда аялдыкын кичирейтүү жакшы
+4
Nursul
2021-10-15 20:00:33
ChagyIgan7, гелдер жардам бербейт, аябай эле кичине болсо анда операция жасатсын андан башка жанагындай гелдер жардам бербейт.
+1
ChagyIgan7
2021-10-15 23:59:47
Nursul,11см, улам чыгып кетип адамды кыйнайт
+1
Nursul
2021-10-16 08:24:46
ChagyIgan7, 11 стандартка кирет норма эле. Операция жасатып чонойтсо кубатын жоготушу мункун.
+1
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан