АРПА ТАЛКАНДЫН ПАЙДАСЫ

Талкан – ата-энелерибиз күнүмдүк турмушунда кеңири колдонуп келген азык. Учурда аны максым, жарма жасоодо колдонбосок, дээрлик колдонулбай калды. Анын пайдалуулугу тууралуу нутрициолог Чолпон Шамшидин айтып берди.

КАНТИП ЖАСАЛАТ?

Ун буудайдын ички жумшак бөлүгүнөн – эндоспермден гана алынса, талканды жасоодо арпа кабыгы менен тартылат. Дан азыктарынын кабыгында адамдын организмине эң керектүү болгон клетчатка бар. Ал организмди тазалап, ич катуу менен геморройдун алдын алат. Курамында микроэлементтер, витаминдер камтылган. Ошондуктан унга караганда талкан, сулу акшагы сымал азыктарды көбүрөөк колдонууну диетологдор сунушташат.

Казанды ысытып алып тазаланган арпаны кууруп, муздаган соң жаргылчакка аз-аздан салып күйшөп, даяр болгон талканды улам-улам сапыруу менен кылкандарынан тазалашкан. Азыр болсо өздөрүнө жетерлик куурулган арпаны тегирменге тарттырып талкан алышат.

КОЛДОНУУ

Айыл жергесинде күнүмдүк турмушта арпа талкандан жарма жасап, ага сүт, айран, сүзмө катыктап ичишип, жарманы ачытып максым жасап суусун кандырып келишет. Талкан ток кармагандыктан мурунку заманда адамдар алыс сапарга чыкканда ага каймак, сары май, кээде жылкынын майын кошуп даярдап, гүлазык катары алып жүрүшкөн. Ошондой эле жаңы төрөгөн аялдын эмчегине сүт келбей жатканда талкандан кара жарма кайнатып, туз татытып, сүт катыктап жылуу кезинде ичиришкен. Чала кайнатылса адамдын ичи көбөт, ошондуктан жакшы кайнатып бышырышкан. Бул жарма аялды бат тыңытууга да көмөкчү болгон. Ошондой эле шорпого талкан чалып бышырып ичишип күч-кубат алышкан. Жаш балдарга талканды каймак менен сүткө маштап, кумшекер, бал кошуп тоголоктоп же ар кандай формага келтирип кызыктырып беришкен.

100 ГРАММ ТАЛКАНДА:

Калория – 306 ккал

Белок – 9,3 грамм

Май – 1,1 грамм

Углевод – 56,1 грамм

Темир – 7,4 миллиграмм

Кальций – 93 миллиграмм

Калий – 453 миллиграмм

Магний – 150 миллиграмм

В3 витамини – 4,3 миллиграмм

В4 витамини – 110 миллиграмм

РР витамини – 6,5 миллиграмм

ЖАРДАМ БЕРЕТ...

• Курамында лецитин камтылган клетчаткалар ичеги-карындын иштешине, холестериндин сыртка чыгышына;

• Калий менен магний жүрөктүн калыптагыдай иштешине;

• В тобундагы витаминдер эс тутумдун, нерв системинин жакшырышына;

• РР витамини ткандардын иштелип чыгышына жана жаракаттын бат айыгышына жардам берет.

• Биофлавоноиддер антиоксиданттык функцияны аткарып, жаңы клеткалардын иштелип чыгышына, сапатынын жакшырышына таасир этип, ар кандай онкологиялык шишиктин пайда болушунун алдын алат.

• Цистеин аминокычкылы тери, тырмак, чачтын абалынын жакшырышына таасир этип, ультра кызгылт нурлардан сактоого көмөктөшөт.

• Татаал углеводдор ток кармап, ашыкча салмактын алдын алат.

• Ошондой эле кандагы канттын деңгээлин турукташтырып, гормондук баланстын сакталышына жардам берет.

• Арпа талкан калориялуу болгондуктан жана курамындагы микроэлементтердин, витаминдердин көптүгүнөн иммунитеттин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизет.

НОРМАСЫ

Талкандын өзүн колдонууда организмде кальцийдин сиңиши начарлай баштайт. Ошондуктан сүт азыктарын кошуп, күнүнө чоң кишиге 80 граммдан, жаш балдарга 30 граммдан ашырбай колдонуу туура.

Ашказан, ичегисинде жарасы барлар аптасына 1-2 жолудан ашырбай колдонушу керек. Глютенге аллергиясы барларга жана диарея учурунда сунушталбайт.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
gukush_92
2021-10-11 10:10:22
Жүгөрү,буудай талкан деле ушундай пайдалуубу?
0
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан