ОШОНДО КОЛУҢДУ КОЁ БЕРБЕГЕНИМЕ СҮЙҮНӨМ...

Сыртта кеч күз... Аба сууп, салкын тартып калган күздүн күндөрүнүн бири. Адаттагыдай жумуштан кеч чыктым. Жашаган жерим жакын болгондуктан сейил бакты аралай жалгыз басып үйдү көздөй бара жаткам. Керели кечке жумуштан колум бошобой чарчаганга жээкте турган отургучка эл катары мен да отургум келди. Аңгыча сени көрдүм. Отургучтун бир четинде көз жашыңды сүртүп отуруптурсуң. Ыйлап жатканыңды көрүп сенден алыс отуруп ала албай койдум. Жаныңа басып бардым.

– Сизге эмне болду, эмнеге ыйлап жатасыз, жардам керекпи?- деп сурадым.

– ...

Үндөгөн жоксуң, өксүп ыйлай бердиң. Өзүм ыңгайсыз боло түштүм. Бирок эмнегедир кете албай койдум. Менден тажадыңбы же кетишиң керек беле, айтор, көп өтпөй отургучтан туруп басып кеттиң. Сен бир аз узагандан кийин дароо аркаңдан ээрчий бастым. Сендей мөлтүрөгөн сулууну жөнөтүп жиберип ордумда узата карап кала албадым. Мындай өксүп ыйлап турган абалыңда сени коюу түнгө жалгыз таштоого жүрөгүм даабады. Сенин араң шилтенген жай басыгыңды бат эле кууп жеттим. Жаныңа жанаша басып:

– Каякта жашайсыз? Үйүңүзгө жеткирип коёюн.

– Өз жолуң менен кете бербейсиңби!- титиреп араң жооп бердиң. Орой жооп берейин дегенсиң, бирок үшүгөнүңдөн үзүк-үзүк айтылган сөзүң мага сонун эле угулду. Өтө жука кийинип алыптырсың, күрмөмдү чечип үстүңө жаптым. Жамынбай коёсуң деп ойлогом, бирок жамындың. Жакасын өзүңө тартып кымтынып жатканыңда колуң колума урунду. Тоңуп калыптырсың.

– Кийип эле алчы, карачы титиреп жатасың,- маңдайыңа өтүп күрмөмдү кийгиздим да, колуңду кармадым. Чочугандай ичиркене колуңду тарттың, бирок мен коё берген жокмун. Эки колуңду алмак-салмак укалап, дем менен жылытып жаттым. Сага да менин аракетим жагып жаткандай эркиңди мага таштап унчукпай туруп бердиң. Буралган узун чачтуу, кымча бел сулууну жандап турганыма мен дагы толкунданып кубанып жаттым. Үшүп турган соң ысык кофе көтөрүп келейин деп сенден озуп жакынкы кофейняны көздөй чуркадым. Бир заматта сага көнө түшкөнүмдү айт, сени жоготуп жиберчүдөй болуп кылчактап улам аркамды карап коём. Баштагыдай эле жай басып келе жаттың. Сен качып кетчүдөй сезилип кофе даяр болгончо улам терезени карап коём. Кофени алып чыгып сунганымда мени күлмүңдөй карадың. Ыйлагандагы сулуу көздөрдүн күлгөндөгү көркөмүн сүрөттөй албасам керек. Ичимди кандайдыр бир жылуулук уялады. Ошентип көчөдө башталган сапарыбыз байсалдуу болду. Азыр уулубузду колго алып, жытына мас болуп турган чагыбыз. Ошол күнү колуңду коё бербегениме сүйүнөм...

Эрмек

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 983, 7-13-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан