“Ээнсиреген үй” тасмасында башкы ролду жараткан актриса Марал Койчукараева жакында Орусияда өткөн мигранттар арасында сулуулар сынагында "Вице-мисс" наамын жеңип алды. Сынакка 13 мамлекеттин атынан 50 кыз катышкан. Марал айым менен ушул сынак, мигранттар, “Ээнсиреген үй” тууралуу кызыктуу маек курдук.
– Марал, саламатсызбы? Мигранттар арасында сулуулар сынагында вице-мисс болдуңуз. Куттуктайбыз! Алгач бул сынакка кантип катышып калгандыгыңыз боюнча айтып берсеңиз.
– Саламатчылык. Рахмат. Менин Мигранттар федерациясында иштеген курбум бар. Бул сынак тууралуу ошол курбум айтып, “катышып көрбөйсүңбү” деп калды. Ага чейин эле 30 жашка чыкканча сулуулар сынагына бир да жолу катышпаптырмын деп ойлоп койгом. “Жашым өтүп кетти го” десем, курбум сынакта жаш маанилүү эмес экенин айтты. Анан катышып көрөйүн деп чечтим. Мага жакты. Кыздардын ар биринин бийлегени, ырдаганы сонун, сулуулугун айтпа. Сүрөттөрдө алардын сулуулугу көрүнбөй калыптыр. Ошондуктан комментарий жазгандарга Кудай берди. Жашоодо сүрөттөгүдөн сулуу, мүнөздөрү сонун, билимдүү, тарбиялуу кыздар. Алар менен достошуп калдык.
– Сынакта сиз үчүн эң оор эмне болду?
– Эң оору өзүң тууралуу айтып беришиң керек болгон бөлүк болду. Анткени такалбай, толкунданбай, уккулуктуу кылып адабий сөздөр менен сүйлөш керек болду. Күнүмдүк жашоодо “паразит” сөздөрдү кошуп сүйлөй беребиз да. Анан да кыргыз көйнөк табуу кыйын болду. Акыры театралдар менен киношниктер үчүн костюмдар туруучу үйдөн таптым.
– Кыргыз кыздарынан жалгыз сиз катышкандай болдуңуз?
– Жок, кыргыз кыздары катышышты. Финалга Айгерим деген супсулуу гинеколог кыз келе жаткан. Ушул кыз дагы өтүп кетсе экен деп жаткам. Бирок ал кыз калып калды. Чындыгында, кыргыздар бири-бирибизге сын таккан, колдобогон, пейили бузулган, жаман болуп баратыптырбыз. Тажик диаспорасы күчтүү экен. Көрдүңөр го, финалга 4 тажик кыз чыкты. Эмнеге? Анткени алар бири-бирин аябай колдошот. “Колдоп койгула” деп пост чыгарсам, биздикилер “ой, кебетеси кантет, чачы кантет, мурду кантет?” деп жаман кылышты. Ичим ачышты. Кыргыздар ынтымактуубуз деп ойлогом. Бул жакта тажиктерге караганда кыргыздар көп. Мени колдогон, добуш берген катталуучуларыма, тааныштарыма рахмат. Кесиптештерим улам бөлүшүп, колдоп, “сен утасың” деп жакшы сөздөрүн айтып жатышты, аларга рахмат. Ошентип мен эле финалга чыгып калдым.
– Сынактан кийин өзүңүздү баалооңуз дагы да жогоруладыбы?
– Өзүңдү баалоо мындай окуяларга байланбашы керек. Албетте, өзүмө ыраазы болдум. Баарынан да ата-энем, туугандарымдын сүйүнгөнү баалуу болду. 10 жылдан бери сүйлөшпөгөн туугандар менен сүйлөшүп чыктым. Чалып, жазып куттукташты. Жумуштагылар “биздин сулуу, азаматсың” деп жакын адамы сыйлык алгандай сүйүнүштү. Аны көрүп мен сүйүндүм. Негизи эле өзүңдү кандай болсоң ошондой эле баалаш керек. Марал болуп туруп өзүмдү Анжелина Жоли сезсем туура эмес болуп калбайбы.
– Чет жерде жашоонун оң жана терс жактары кайсылар?
– Москвада ветеринар болуп иштеп жатканыма 4 жыл болду. Мекениңдин, туугандарыңдын алыс болгону терс жагы. Тамактарды, абаны, кээде кыргыздар менен сүйлөшкөндү сагынам. Туугандар менен сүйлөшкөндө Кыргызстанда жүргөндөй болуп жыргап калам. Кудайга шүгүр, бул жакта туугандарым бар, апам, балам бар. Жалгыз жүргөндөргө кыйын болсо керек. Оң жагы деп кесибим менен иштегенимди айта алам.
– Мигранттардын оор тагдыры тууралуу көп кеп козголот. Оор тагдырга кабылгандарды сиз да көп кездештиресизби?
– Чындыгында, жалаң эле байкуш болуп кыйналып жашаган адамдар эмес. Канчалаган кыргыздар байып, жакшы жашоо куруп жатышат. Кыргыздын кыздары азаматтар, мырзалар, кечирип койгула, бирок араңарда пейили жамандар көп. Тытынып иштеп, сулуулук салонун ачып, кийим ташып иштеп, айтор, ишкердик кылып жүргөн кыргыз кыздарын көп көрөм. Алар үчүн кубанам. Бирок билимсиз, тарбиясы жоктор да көп.
– Сизди азыр да “Ээнсиреген үй” тасмасынан улам таанып калышабы?
– Анча-мынча таанып калышат. Кээде сүйлөшүп жатып “сени бир жерден көргөндөй болуп жатам” дешет. Кинодон көргөнүн билип турам да, бирок “көчөдөн көрсөңөр керек” деп коём. Кино тууралуу сүйлөп отургум келбейт. Кээ бирлер “сен актриса Марал Койчукараевага окшош экенсиң” дешет. “Көптөр ошентип айтышат” деп коём. Сүрөттө, кинодо жашоодогудан башкача окшойм.
– Ал тасмага тартылганыңыз боюнча азыр кандай ойдосуз?
– Ал тасмага тартылуу менен кичинекей кезимдеги максатым орундалды. Кичинемден театралдык окуу жайга тапшырсам деп кыялдангам. Ата-энем “кой, аны эмне кыласың, башка жакшынакай кесиптин ээси бол” деп каршы чыгып коюшкан. Бирок жүрөгүмдө актриса болгум келчү да. Жок дегенде 1-2 жолу өзүм үчүн киного тартылсам деп ойлочумун. “Ээнсиреген үйгө” тартылгандан кийин максатым орундалды деп бактылуу болгом. Болгондо да жөн эле тасмага эмес, популярдуу болгон жакшы тасмага тартылдым. Ал киного тартылып уулумдун атасы менен жолуктум, уулум төрөлдү.
– Актрисалыкты улантууну каалайсызбы?
– Ишиме тоскоолдук болбосо тартыла бермекмин. Бирок убактым жок. Актриса болуш үчүн ошол чөйрөдө болуш керек, убакыт бөлүп иштеш керек. Кээде кыска роликтерге тартылып коём. Жакында тааныш балдар кино тартабыз деп Кыргызстанга чакырышты, бара албай калдым. Жумуштагылар “актрисалыкты ушундай сонун баштаптырсың, эмнеге ветеринардыкка тапшырдың, актриса эле болсоң болмок” деп калышат.
– Уулуңуз тууралуу айтып берсеңиз...
– Уулум 1-класска барды. Айкидого, шахматка, сүрөт тартуу ийримдерине барат. Эл катары жакшы тарбия бергенге аракет кылам. Тарбия бериш үчүн ага үлгү болуп өзүм тарбиялуу болушум керек. Өзүмдү алып жүргөнүмдү, ага, башкаларга кылган мамилемди көрүп балам да ошондой болот. Андыктан өзүмдөн башташым керек. Кыргыздын алдыңкы балдарынан болсо экен деп кыялданам.
– Кыялыңыз орундалсын. Маегиңизге рахмат!
Перизат Музуратбекова