МУРУН АЯЛЫН ӨЛТҮРГӨН ЭРКЕК ЭМИ КЫЗЫН ЗОРДУКТАГАНЫН МОЮНУНА АЛДЫ

Нарындын Жумгал районунда ушул жылы сентябрь айында төбө чачты тик тургузган окуя катталды. 54 жаштагы эркек 13 жаштагы кызын зордуктап жүргөндүгү маалым болду. Үрөй учурган окуянын чоо-жайын иликтеп көрдүк.

“АТАСЫ 2 ЖЫЛДАН БЕРИ ЗОРДУКТАП ЖҮРГӨНҮН АЙТКАН”

Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы окуя боюнча буларды билдирди:

– Жумгал РИИБине Жумгал районунун 1967-жылы туулган тургуну узак убакыттан бери өзүнүн 2008-жылы туулган кызын мажбурлап жыныстык катнашка барып жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Аталган факты 21-сентябрь күнү Жумгал РИИБинде каттоого алынып, текшерүүнүн жүрүшүндө шектүү С.Т. суракка алынган. Анын көрсөтмөсүнө ылайык, ал кызы менен 2021-жылдын июль айында 1 жолу жыныстык катнашта болгондугун айткан. Ал эми өспүрүм кыз атасы аны 2 жылдан бери зордуктап жүргөнүн айтып берген.

Учурда Жумгал райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

“ШЕКТҮҮ 2010-ЖЫЛЫ АЯЛЫН ӨЛТҮРҮП, 16 ЖЫЛГА КАМАЛГАН”

Кыздын абалын билүү үчүн Жумгал райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Аида Бектургановага байланышканыбызда ал буларга токтолду:

– Кыз учурда Жумгалда эжесинин колунда. Кызга райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан реабилитациялык жардам көрсөтүлүүдө. Психологдор иштеп жатышат. Жаман окуя болду, кызга оор болуп турат, бирок биз колубуздан келген жардамыбызды берип жатабыз. Шектүү 2010-жылы үй-бүлөлүк уруш-талаштан улам аялын өлтүргөн. Сот аны 16 жылга эркинен ажыраткан. Экөөнүн ортосунда 4 уул, бир кызы болгон. Ошол кезде кызы бир жарым жашта болгон. 5 баланын тең туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болуп, биздин кызматкерлер алып беришкен экен. Балдардын чоң энеси өзү багып калган. Чоң энеси балдарды өтө жакшы караган, алар мектепте окуп, тыкан, таза жүргөн. Бирок жазасынын 8 жылын өтөп бүткөн соң анын апасы сотко кайрылып, "мен карып калдым, атасы балдарын өзү баксын" деп тийиштүү документтерди чогултуп, абактан чыгарып алган. Шектүүгө пробация мыйзамы колдонулуп, ошонун негизинде көзөмөлдө болуп келген.

“КЫЗ ЖООШ. МЕКТЕПТЕ ЖАКШЫ ОКУП, ТЫКАН КИЙИНЧҮ”

– Кызды атасы зордуктап жүргөнүн алгач туугандары билишкен. Ушул жылы сентябрь айында кызды эжелери Бишкекке алып келип, окууга кийим алып беришмек болот. Бирок атасы анын шаарга баруусуна каршы болуп жатып араң жөнөткөн. Кыз жолдон эсин жоготкондон улам туугандары аны ооруканага алып барууну чечишкен. Бирок кыз ыйлап, барбай турганын айткан. Себебин сурашканда ал ыйлап, атасынан зордук көрүп жүргөнүн айтып берген. Кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында ал зордукталганы аныкталган.

Азыркы учурда кыз мектепке барбайт, шаарга жөнөтүлүшү мүмкүн. Себеби ал дарыланууга, ар кандай жардамдарды алууга муктаж. Азыр ошол жагын карап жатабыз. Кыз өзү көп сүйлөбөйт, жоош. Мектепте жакшы окуп, тыкан кийинчү. Ал эми балдардын чоң энеси ооруп, учурда Бишкекте.

Шектүүнүн 4 уулунун экөө мектепти аяктаган, бирөө Бишкектеги музыкалык окуу жайда билим алат, бири эжесиникинде. Кыздын атасынын ичимдик ичпегени, айылда трактор айдап, мал багып иштеп жүргөнү белгилүү болду.

Айсалкын Качкынбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
mirlanpiter
2021-10-19 03:36:16
Эркек эмес бул шайтан!!! Өлүм жазасын дароо бериш керек, болбосо таш бараң кылып өлтүрүш керек..
+2
Sajakat14
2021-10-21 19:45:34
Бизде мамлекет барбы деги? Түрмөдөн чыгып келген киши өлтүргүч менен чогуу балдарды мамлекет калтыра береби? Социалдык жумушчулар барбы Кыргызстанда? Балдардын апасын өлтүргөн мыкаачы балдарды өлтүрбөй коймок беле? Түрмөдө жашап келгендин психикасы өзгөрөтда. Кыздын психикасы өлдү өмүр бою! Ага өмүр бою психолог керек. Өзүнө өзү кол салышып мүмкүн болбосо.
0
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан