КИР ЖУУЧУ МАШИНА МЕНЕН МУЗДАТКЫЧТЫ ТУУРА КОЛДОНУУ

Тиричилик техникасы иштен чыгып калса адамдын түйшүгү көбөйөт жана аны оңдотуп же жаңысын алууга акчасы да кетет. Андыктан аларды этияттап колдонуп, айрым эрежелерди сактоо кажет.

КИР ЖУУЧУ МАШИНА

• Кир жуучу машинаны колдонууда ага салынуучу кирдин өлчөмүнө көңүл буруу зарыл. Эгер ага чоң бир гана буюм салсаңыз анын барабанындагы тең салмактуулук бузулат. Барабан калдырап, тыкылдаган үн чыгып, термелүү жаралат. Ушундан улам машинанын тетиктери бузулуп баштайт.

• Жуулуучу кийимдердин чөнтөктөрүндө ачкыч, тыйын, шуруп жана башкалардын бар же жок экендигин карап чыгыңыз. Кокус курч буюм болуп калса, кир жуугучтун барабанын, кир сууну төгүүчү насосун иштен чыгарат.

• Машинага кир жууганда кийимдер үчүн кондиционерди колдонбоо жакшы. Аталган суюктуктун курамындагылардын кээ бирлери машинанын ичинде топтолуп калат да, машинанын калыптагыдай иштөөсүнө терс таасир этет. Анын үстүнө кондиционер кийимди тез күйүүчү кылып коёт, андыктан балдардын кийимдерине колдонбой эле коюу оң.

• Көрсөтүлгөн өлчөмдөн ашыкча көлөмдөгү кир салганда сыгуу режиминде кир жуугуч машина титиреп иштеп, тетиктерине күч келет.

• Чоң буюмдарды жууш керек болгон учурда орточо буюмдарды да кошо салсаңыз машина бир калыпта иштейт. Мүмкүн болсо чоң, орточо кийимдерди атайын мүшөккө салып жуубаш керек. Сыгуу режиминде машинада тең салмак сакталбайт. Кур, жүз аарчы, байпактарды гана мүшөкчөгө салып жууңуз. Болбосо алар барабан менен цилиндрдин ортосуна кыпчылып калышы мүмкүн.

• Кир жуучу каражатты да өлчөмүнөн көп салбаңыз. Эгер порошок же суюк жуучу каражатты көп кошсоңуз ашыкча көбүк кыймылдаткычына кошумча күч келтирет.

• Суу ысыткычты (ТЭН) кебер басып кетпеши үчүн ага каршы каражатты колдонуңуз.

• Машинанын резина деталдары да көңүл бурууну талап кылат. Аларды тазалоодо чүпүрөктү самын көбүртүлгөн сууга нымдап алып тазалаңыз. Тазалоочу каражат, эритмелер резинанын өмүрүн кыскартат.

• Эгер машина эскирип бараткан болсо анда оор кирлерди жууган соң колго сыккан туура. Бул машинагы күч келтирбейт, дагы узакка колдонууга болот.

МУЗДАТКЫЧ

• Муздаткычты ашканада ыңгайлуу жерге коюу керек. Ашкана плитасы, батарея, ысытуучу шаймандардын, газ түтүкчөлөрүнүн, терезенин жанына койбоо кажет. Анткени аба жылуу болсо, конденсатор тынымсыз иштей берип, моторго күч келтирет. Дубалга такап койсо конденсаторго аба эркин кирбей, ал калыптагыдай иштебей калат.

• Муздаткычка ысык тамактарды салуу, тээ үстүнө чейин азыктарды жыйып коюуга да болбойт. Муздаткычтын керектүү шаймандары интенсивдүү режимде иштеп, күч келет. Эшигин кармагычтан эмес, кырынан кармап тартып ачуу да туура эмес. Тыгыздоочу резинкасы айрылып кетет.

• Тазалоодо сода кошулган сууну колдонуу оң. Музу эрисин деп ичине ысык суу куюлган идишти койбоңуз.

• Конденсаторунун чаңын чаң соргуч менен тазаласа болот.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Altyn10076
2021-10-20 17:27:24
Кебериң не
0
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан