ЖЕЙСОН МОМОА

Актёрду бир карап туруп эле өзгөчө адам дейсиң. Анын чыныгы Жейсон Момоа деген аты көп деле айтылбайт. Ага караганда кхал Дрого, Аквамен же болбосо Баба Восс десеңиз “аа, баягыбы? Аны тааныйм” деген жооп аласыз. Турган турпаты, көз карашы, кыймыл-аракети менен күчтүү мырза экенин далилдеген актёр айымдардан комплимент укса жаш баладай уялып кетет. “Жашоодогу эң чоң жетишкендигим – Лиза Бонеге үйлөнгөнүм” деген Жейсон Момоанын жашоосундагы урунттуу учурлар назарыңызда.

Аты-жөнү: Жозеф Жейсон Намакеаха Момоа

Туулган жери: АКШ, Гавайи

Туулган жылы: 1979-жыл, 1-август

Жылдыз белгиси: арстан

Бою: 193 сантиметр

Салмагы: 106 килограмм

Кесиби: актёр, модель, сценарист, продюсер

Белгилүү тасмалары: “Конан-варвар”, “Так талашуу оюну”, “Аквамен”, “Жылдыздуу дарбаза: Атлантида”, “Көрүү”, “Дюна” жана башка

ЖАРАТЫЛЫШ АДАМЫ

Жейсон Момоаны экзотикалык келбетке ээ дешет. Атасы Жозеф Момоа өзүн таза кандуу Гавайи жаранымын деп эсептейт. Ал эми апасы Кони Ломкенин генинде немис, индей жана ирланддардын каны бар. Бул улуттардын гени чогулуп Жейсон Момоага берилген. Анан албетте, экзотикалык келбетке ээ адам жаралат. Жейсон Гавайи аралдарындагы Гонолулу шаарында төрөлгөнү менен, балалыгы АКШнын Айова штатында өткөн. Анткени ата-энеси ал кичине кезинде эле ажырашып кетип, Жейсон апасы менен кетет.

Айовада колледжде деңиз биологиясы боюнча билим алгандан кийин билимин өркүндөтүү максатында Колорадо университетине тапшырып, жапайы жаратылыштын биологиясын изилдөөгө өтөт. Кичинесинен жаратылышка болгон сүйүүсү азыр да сакталган. Техника өнүккөн заманда да Жейсон уюлдук телефон колдонгонду, электрондук почта аркылуу кат алышканды жактырбайт. Ал эле эмес, кесиби актёр болсо да сыналгынын алдына отуруп кино көргүсү келбейт. Анын ордуна китеп окуп же тоого чыгып альпинист болуп, океанга барып сёрфер, токойго барып бак-дарактар менен маектешкен жагат. Мындайча айтканда, ал жаратылыш адамы.

ШОУ-БИЗНЕСКЕ КАДАМ

Жейсонду жаратылыш коюнунда эле жүрө берген жапайы адамга окшоштурсаңыз жаңылышасыз. Студент кезинен саякатка көп чыккан ал учурда дүйнөнүн жарымын кыдырып койгонун айтат. Атасы сүрөтчү, апасы фотограф. Алардын таасири менен Жейсон да Парижге барып, живопись боюнча атайын билим алып келген. Тибетке болгон сапарында буддизмге берилип, азыркыга чейин бул диндин өзгөчөлүктөрүн изилдеп келет. Мына ушундай адам кантип шоу-бизнеске аралашып калды?

1998-жылы экзотикалык келбетке ээ, бою узун жигитке япон дизайнеринин көзү түшүп, моделдик кесипке чакырат. 1999-жылы болсо ал атактуу “Малибунун куткаруучулары” сериалында Жейсон Иоанндын образында экранга чыккан. Мына ушундан кийин ал кино дүйнөсүнө байланды.

ИШ ТАРТИБИ 3 ЖЫЛ АЛДЫГА ПЛАНДАЛАТ

Голливуддагы миңдеген таланттуу актёр-актрисалардын арасынан суурулуп чыгуу Жейсонго оңой болгон эмес. 2005-2009-жылдар аралыгында чыккан “Жылдыздуу дарбаза: Атлантида” сериалы башка тасмаларга караганда актёрдун атын аз да болсо тааныткан. 2010-жылы болсо “Конан-варвар” тасмасы чыкты. Тасма прокаттан өзүн актабай, кино сынчылардын “каарына” калганы менен, Момоанын аты ийгиликтин ачкычын тапты. Дал ушул тасмадан кийин актёр “Так талашуу оюнуна” чакыруу алган. Кхал Дрогонун ролу менен дүйнөлүк атактуулук келди. Азыр Жейсондун куржунунда “Так талашуу оюнунан” сырткары “Аквамен”, “Көрүү”, жакында эле прокатка чыккан “Дюна” сындуу популярдуу тасмалар бар. Мурда ал режиссёрлордун аркасынан чуркаса, азыр Момоанын артынан чуркагандар көп болуп, актёрдун иш тартиби 3 жыл алдыга пландалары айтылат. Келечектеги пландарынын бирин ачыктасак, буюрса, 2022-жылы “Аквамен-2” тасмасы жарыкка чыгары айтылууда. Баш каарман, албетте, Жейсон Момоа.

12 ЖАШ УЛУУ АКТРИСАГА ҮЙЛӨНГӨН

Эки далысына эки кызды оңой эле көтөрүп жүрчүдөй көрүнгөн Жейсон үй-бүлөлүү болсо да ага көз арткан айымдардын саны арбын. Бирок колго түшүргөндөрдүн саны аз. “Малибунун куткаруучулары” сериалына тартылып жүргөн кезде Жейсон менен актриса Симон Жейд Маккиннондун ортосунда сүйүү оту жанып, 2004-жылы актёр сүйүктүүсүнүн колун сураган. Бирок үйлөнүү үлпөт тою болгон жок. Экөөнүн жашоосуна актриса Лиза Боне аралашкан. Лиза Боне да кызыктуу инсан. Учурунда атактуу музыкант Ленни Кравицке турмушка чыгып, андан Зои Кравиц аттуу кыздуу болгон. Кызы да учурда белгилүү актриса. 2005-жылы Лиза Жейсон Момоа менен таанышып, ошондон тарта экөө жетелешип чогуу жүрүшөт. Мамилесин расмий түрдө 2017-жылы гана бекемдеп, нике кагазын алышкан. Экөөнүн сүйүүсүнө ортодогу жаш айырмачылык да тоскоол болгон жок. Анткени Лиза жолдошунан 12 жаш улуу. “Мага бирөө “колумдан эч нерсе келбей жатат” десе “эй, койчу. Мен Лиза Бонеге үйлөндүм, бул кыялдагы гана нерсе болчу. Бирок менин колумдан келди. Демек, чындап кааласаң сен да кыялыңды ишке ашыра аласың” демекмин. Чынында эле жашоодогу эң чоң жетишкендигим – Лизаны тапканым”,- деген бактылуу актёр жубайы менен Лулу Иолани аттуу кызды жана Накоа-Вульф Манакауапо Намакеа аттуу өзгөчө ысымга ээ уулду тарбиялап келишет.

  • Жейсондун сол кашынын үстүндөгы тырыкты баары эле көрсө керек. Бул тырык бардагы мушташтан келип чыккан. Мастардын урушунда бири стакан менен Жейсонду бетке чапкан. Кудай жалгап, сокку кашка туура келип, көзүнө бир аз эле жетпей калган.
  • 19 жаштагы Жейсон деңиз жээгиндеги дүкөндө сёрфингисттердин формасын сатып жатканда аны “Малибунун куткаруучулары” сериалына тартылууга чакырышкан. 1500 каалоочунун арасынан жөн турган дүкөнчү кастингден өтүп кеткен.
  • Актёр гитараны жакшы чертерин билчү белеңиз?
  • Актёр томогавка (индейлердин балтасы), бычак жана жырткыч жаныбарлардын терисин коллекциялайт.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан