МАРЧА, МУКУР, МАШАЙЫК, МАРЧАЙ – БОЮ КЫСКА КАШАЙЫП...

Күнүмдүк жашоодо колдонуудан чыгып бараткан сөздөрдүн маанилерине токтолууну улантабыз. Бул ирет жалаң “М” тамгасынан башталгандарды иргедик.

Мартуу – кыргыздардын байыртадан бери келе жаткан эң эски ишенимдеринин биринен алынган: аялдын төрөтүнө байланышкан оорунун ээси – зыяндуу, терс күч, кээде ошол оорунун аты катары да айтыла берет. Эл арасында “кара басуу, албарсты” деген аттар менен да белгилүү. Аял төрөт учурунда эси ооп калууну “мартуу басты же кара басты, албарсты басты” деп айтышкан. Мисалы: «Энекеси нетти» деп, «Мартуу басып кетти» деп, Катындын баары чочуду («Манас»). Куучу жүргөн жерде төрөгөн аялды мартуу баспайт (К.Каимов).

Марча – тоо этектеринде же боорунда пайда болгон шорлуу жер. Кой-эчки же жапайы кийиктер жалап үңкүр кылып койгон жай. Мисалы: Бадалдан бугу бышкырат, Марчадан элик бакырат («Манас»).

Марчай – кыска бойлуу, борпоң толук адам.

Машайык – 1. Кадырлуу карыя. 2. Уруу башчысы. 3. Дербиштердин башчысы. 4. Мусулмандардын дин башчысынын ардактуу наамы. Мисалы: Жарыктык, машайык эле. Жаны жаннатта болсун (К.Баялинов). 5. Диний түшүнүк боюнча: Кудай сүйгөн олуя, баарын билген, көзү ачык. Аты кызыр, машайык, Ал ооздуктан алыптыр («Сейтек»). 6. Өтмө маанисинде: Эң мыктысы, эң кыйыны.

Меке – 1. Жазында, жайында чала сууган жылкынын моюнунун кээ бир жеринен чыгып туруучу кан. 2. Куу, амалдуу. Мисалы: Торгой чал ээгинде эки тал сакалы жок, чүрүшкөн, кол башындай чал болчу. Өзү меке чал болсо, башындагы саңсаң тебетейи көмкөргөн казан кебетеленип калар эле (Ч.Айтматов).

Мукур – 1. Жешилип, сүрүлүп түгөнгөн, кыскарган, кыска. Мисалы: Такаларынын эмчектери мукур болуп түгөнүп калды (Т.Сыдыкбеков). Калканбай мукур тишин кычырата чайнады (Ш.Бейшеналиев). 2. Малга карата токол маанисинде: мукур эчки.

Сөздүктөрдөн алынды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан