ЛИМФА – ДЕНЕНИ ТАЗАЛООЧУ СУЮКТУК. Кирдесе варикоз, аллергия, киста, артрит жаралат

Лимфа – латын сөзү, бизче “таза суу” дегенди билдирет. Денедеги лимфа өлгөн клетка, микроб, вирус, уулар жана башкаларды чыгарып, тазалап турат. Денеде андай суюктуктун өлчөмү канча жана ал кирдесе кандай оорулар жаралат? Аны тазалоо жолдору барбы? Бул жаатта “Новоклиник” медициналык борборунун врач терапевти, диетолог жана нутрициолог Теңирберди кызы Жазгүл маалымат берди.

ЛИМФА ДЕГЕН ЭМНЕ?

– Лимфа системи – капилярдык кан тамырлардан, бездерден жана аларда жылып жүргөн лимфа суюктугунан турат. Суюктуктун жалпы көлөмү 1-2 литрдей болот жана алар дайыма ылдыйдан өйдө көздөй жылат. Ылдый агууга лимфа кан тамырларындагы клапандар жол бербейт. Клапандар лимфа суюктугун өйдөгө өткөзгөн соң жабылып, кулпунун милдетин аткарат. Ошондуктан лимфа ылдый ага албайт. Лимфа кан тамырлары кол менен буттун манжаларынын учунан тартып башка чейин жайгашкан, бирок алардын булчуң катмарлары начар өнүккөндүктөн лимфа жайдан жылат.

Лимфа кан тамырлары кан ташуучу кан тамырлар менен жанаша жайгашат жана алар лимфага керектүү азык-заттарды берип турат. Лимфа суюктугунун милдети – ошол азык-заттар менен организмдеги бардык клеткаларды камсыздоо жана клеткалар иштеткен көмүр кычкыл газын, өлгөн клетка, вирус, бактерия, лейкоциттерди, алардан тышкары уу, грибок, шлактарды чогултуп сыртка боор, өпкө, бөйрөк, табарсык аркылуу чыгартып туруу. Башкача айтканда, клеткаларды ашыкча нерселерден арылтып, жууп, тазалап туруу.

Кайсы бир себептерден улам суюктук өтө жай жылып же токтоп калган учурлар болот. Андайда өлгөн бактерия, вирус, лейкоцит, уу, грибок, шлактар лимфа бездеринде топтолуп калат да, лимфа системинин иштөөсү бузулуп, лимфа бездеги жаман топтолгон нерселерди кайра клеткаларга ташый баштайт. Ушундан улам өнөкөт оорулар улам-улам кармап, күчөп жана жаңы оорулар жарала баштайт.

КИРДЕШИНЕ ЭМНЕЛЕР ЖЕТКИРЕТ?

• Инфекция. Организмге аба, суу, тамак-аш, тери аркылуу кирген вирус, микроб, бактериялар ууларды бөлүп чыгарат. Андыктан адамда, мисалы, вирустун айынан оору жаралса жана ал оорудан дарыланып айыкпаса уулар бездерде топтолуп калат.

• Туура эмес тамактануу. Фаст-фуд, майлуу, күчтүү тамак-ашты көп, ал эми жашылча-жемишти аз жегендик. Булардын айынан шлак, уулар көп топтолот.

• Аз кыймылдоо, сууну аз ичүү жана семирүү. Лимфа суюктугу туруп кала баштайт.

• Жаракат алуу, залалдуу шишик, абанын кирдеши, өнөкөт оорулар, E, D, A, C витаминдеринин жетишпестиги.

• Стресстин көптүгү. Стресс лимфанын калыптагыдай иштөөсүн бузат.

• Боор, өт жана бөйрөк, табарсыктын иштешинин бузулушу.

Алар тарабынан да уулардын канча бир бөлүгү чыгарылат. Эгер аталган органдар ооруга чалдыкса уулар лимфа безинде топтолот.

• Лимфа бездеринин сезгенүүсү (сууктан, жийиркенгенден жана башка). Бездер лимфа суюктугун тазалай албай калат.

• Ичегидеги оору жаратуучу микрофлоранын көбөйүп кетиши. Уулар лимфа системине өтүп кетет.

• Азыктарга даам, жыт берүүчү кошулмаларды кошуу.

• Ар кандай оору, дары-дармектерди ичүү.

Лимфанын кирдешинин белгилери

• Организм менен теринин кургашы. Тери кычышат, бүдүрчөлөр, сөөл, папиллома чыгып, пигменттүү так, аллергия жаралат

• Үшүкчөөл болуу, алсыроо, шалдыроо, баштын оорушу

• Аллергиялык жөтөлдүн жаралышы

• Өпкөнүн жакшы иштебей башташы, демигүү, өзгөчө түнкүсүн

• Адам таттууну көп жеп, чачынын түшө башташы

• Арыктоо же семирип кетүү

• Иммунитеттин түшүп, өнөкөт оорулардын козголушу. Адам дары ичкени менен таасири аз болот жана канча бир убактан кийин оорусу кайра кармай берет. Жүрөк-кан тамыр, тери жана дем алуу органдарынын оорулары күчөйт. Мисалы, жүрөк-кан тамыр оорулары барларда инсульт, инфарктка чалдыгуу коркунучу жарала баштайт.

• Адам ар түрдүү ооруларга чалдыга баштайт, айрыкча грипп, сасык тумоо, пневмония, бронхит, аллергиялык бронхит, боор жана ичеги-карын ооруларына чалдыгуу. Органдарда ичине суюктук толгон барсылдак (киста) жаралат.

• Шишип кетүү. Кол, буттун жана көздүн алдынын шишиши, ичтин көбүшү, тамактын оңой менен аш болбошу. Көбүнчө буттун шишигени жука чурайдагы, колдордун шишигени колтук астындагы, көздүн алдынын шишигени бет-жаак бездеринин жаман нерселерге толуп калганынан болот. Буттун шишигени муундарды сезгентип, акырындап артритке жеткирүүсү мүмкүн. Буттардагы вена кан тамырлары кеңейип кетет.

• Тамактагы лимфа бездер баш мээ, калкан сымал без, жүрөк жана бөйрөк менен түзмө-түз байланышта. Эгер ал без шлакка толсо анда без шишип, аталган органдарда да оорулар жарала баштайт.

• Вена кан тамырлары көөп, акырындап варикоз жарала баштайт

Адамда аталган белгилер кездешсе терапевтке же эндокринологго көрүнүп, анализдерин тапшырып, диагнозун тактатуусу зарыл.

ТАЗАЛОО

• Сууну көбүрөөк ичип, көп кыймылдоо. Күнүгө 10 миңдей кадам басуу. Же спорт менен алектенүү, көнүгүүлөрдү жасоо. Эртең менен турганда силкилдеп секирсе лимфа жакшы иштей баштайт.

• Массаж алуу, фитобочкада отуруу, мончого баруу, контрастык душ алуу

• Имбирь, сарымсак, лимон, Омега-3тү колдонуу

• Ышталган, куурулган, күчтүү тамактарды, фаст-фудду өтө азайтуу

• Кадимки чайдын ордуна чөп чайларды, атап айтсак, жалбыз, ромашка, ит мурун чайын ичүүнү адатка айлантуу

• Врачка кайрылган учурда ал тамчылатма дары, таблетка, биологиялык активдүү кошулмаларды сунуштайт.

ӨЗГӨЧӨ КИМДЕР ЛИМФА СИСТЕМИН ТАЗАЛООЛОРУ КЕРЕК?

• Бат-баттан суукка урунгандар, грипп менен көп ооругандар

• Кулак, мурун, көз, тери, аллергия, ашказан, ичеги, боор, жүрөк-кан тамыр, табарсык, бөйрөк, артрит, подагра, кант диабети, варикоз, тамак жана калкан сымал бездин оорусу барлар

• Семиздер, целлюлити барлар

• Туура эмес тамактанууну адатка айланткандар

• Киста, полип, папилломасы барлар

• Стресстерге улам чалдыга бергендер

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

• Туура тамактануу. Майлуу, куурулган, күчтүү тамактарды азайтуу

• Активдүү жашоо образын кармануу. Кеңсе кызматкерлери жумуш убактысында убак-убагы менен басып турушу кажет

• Жаман адаттардан арылуу (тамеки чегүүнү, ичкилик ичүүнү таштоо)

• Убак-убагы менен лимфаны тазалап туруу

Лимфа системи организмди коргоодо турган кароол, ал калыптагыдай иштегенде ден соолукта маселе жаралбайт. Андыктан ал дайыма идеалдуу таза болушу шарт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mahabat84
2021-10-24 13:17:26
Эң жакшы пайдалуу экен)
0
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан