Өткөн санда айтылгандай, 3D сүрөттөр учурда Европанын көчөлөрүн каптоодо. Мисалы, Жулиан Бивер аттуу улуу британиялык сүрөтчү асфальтка ар кандай кызыктуу сүрөттөрдү тартуудан рахат алат. Мекенинин көчөлөрү мындай сүрөттөргө толуп бүткөндүктөн, эми Голландия, Бельгия, Франция өңдүү өлкөлөрдүн көчөлөрүн кооздоого өттү.