ОҢОЙ! ТАТТУУ! ПАЙДАЛУУ

Таттуу жеп, бирок ашыкча салмак кошпой, ошол эле кезде көбүрөөк пайда алгыңыз келсе, төмөнкү рецепттер сиз үчүн.

АЛМУРУТТАН ГАЛЕТА

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 280 грамм

Кумшекер – 70 грамм

Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Туз – 1 чай кашык

Жылуу суу – 80 миллилитр

Туурамжы үчүн

Алмурут – 3-4 даана (500 грамм)

Каймак май – 30 грамм

Кумшекер – 50 грамм

Даярдоо ыкмасы

1. Алгач ичине салынуучу туурамжыны даярдап алыңыз. Ысып турган көмөч казанга каймак майды салып эритип, үстүнө кумшекерди кошобуз. Ал эрип чыккан соң үстүнө кабыгы аарчылып, 1х1 сантиметрлик төрт чарчыларга бөлүнгөн алмурутту салабыз. Орточо отто ширеси сиңип кеткенче 10-15 мүнөт кайнатуу керек. Оттон чыгарып муздатыңыз.

2. Эленген унга туз, кумшекерди кошуп аралаштырып, суу май, жылуу суу кошуп камыр жууруйбуз. Камырды 15 мүнөт тыныктырып алыңыз.

3. Камырды 6 бөлүккө бөлүп, калыңдыгын 1 сантиметр кылып жаябыз. Ар биринин ортосуна туурамжыны бөлүп салып, бош чекелерин кайрып чыгуу керек. Өсүмдүк майы менен майланган табага галеталарды тизип, 200 градуста ысып турган электр мешине 25 мүнөткө салып бышырабыз. Таттуу, пайдалуу галетабыз даяр!

"3 СТАКАН" ПИРОГУ

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 1 стакан

Манна акшагы – 1 стакан

Кумшекер – 1 стакан

Каймак май – 150 грамм

Алма – 4-5 даана (800 грамм)

Көптүргүч – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Унду элеп, ага манна акшагын, кумшекер менен көптүргүчтү кошуп аралаштырабыз. Каалооңузга жараша 2 чымчым ванилин кошсоңуз болот. Кургак аралашманы төрткө бөлүп алуу керек.

2. Алманы жууп, сүргүчтүн чоң көзүнөн өткөзүп алабыз. Бул туурамжыны үчкө бөлүү керек.

3. Электр мешин 180 градуска коюп иштетип коёбуз. Бышыра турчу таба өтө чоң болбошу кажет. Табанын түбүнө, капталдарына пергамент кагазын төшөйбүз. Пергамент кагазы болбосо табаны каймак май менен майлап, үстүнө ундан себелеп коюңуз.

4. Алгач табага кургак аралашманын бир бөлүгүн себелеп салабыз, үстүнө алманын бир бөлүгүн салып ныгыра басып коюңуз. Мындай ыкманы үч жолу кайталайбыз да, төртүнчү катмарды кургак аралашма менен бүтүрөбүз. Тоңуп турган каймак майды майда бөлүктөргө бөлүп, пирогдун үстүнө салабыз. Ысып турган электр мешине 40-45 мүнөткө салып бышырыңыз. Оңой жасалган жумшак пирогубуз даяр!

АЛМА САЛЫНГАН ПЕЧЕНЬЕ

Керектелүүчү азыктар

Ун – 200 грамм

Быштак (5%) – 180 грамм

Айран (3%) – 5 аш кашык

Кумшекер – 100 грамм

Алма – 3 даана (300 грамм)

Майдаланган корица – 0,5 чай кашык

Кант упасы – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы

1. Кумшекердин жарымына айран, быштакты кошуп бир массага келгиче аралаштырабыз. Үстүнө унду аз-аздан элеп жумшак камыр жууруйбуз. Камырдын үстүн жаап 20 мүнөт тыныктырып коюңуз.

2. Алманы аарчып, тең экиге бөлүп, аны 3 миллиметр калыңдыктагы кесимдерге бөлүп алабыз.

3. Тыныккан камырды 3-4 миллиметр калыңдыкта жайып, аны калып же стакандын жардамы менен тегерек бөлүктөргө бөлөбүз. Алардын ар бирине алып койгон кумшекерди, корицаны бөлүп салып, алма кесимдерин бирден коёбуз. Камырдын бош жагын жаап, майланган табага тизебиз. 180 градуста ысып турган электр мешинде 13-15 мүнөттө бышат. Кант упасынан себелеп, жакындарыңызды таттуу менен кубантыңыз.

АЛМУРУТТАН КЕКС

Керектелүүчү азыктар

Ун – 200 грамм

Каймак май – 50 грамм

Көптүргүч – 1 чай кашык

Каймак – 100 грамм

Жумуртка – 2 даана

Кумшекер – 80 грамм

Алмурут – 2 даана

Мак – 2 аш кашык

Апельсин цукаты – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы

1. Алмурутту жууп, кабыгын аарчып сүргүчтүн майда көзүнөн өткөзөбүз. Ал эми мактын үстүнө жылуу суу куюп 10 мүнөт коюп, анан суудан чыпкалап алабыз.

2. Жумурткага кумшекерди кошуп көбүртө чалабыз да, аз-аздан каймакты кошуп дагы чалабыз. Бөлмө температурасында эриген каймак майды аз-аздан кошуп аралаштырабыз.

3. Суюк массага көптүргүч кошулган унду аздан элеп чалуу керек. Эми даяр алмурут, мак жана апельсин цукатын кошуп аралаштырабыз. Кекстин формаларына теңинен өйдө куюп, 10 мүнөткө коё туруңуз.

4. Көтөрүлүп баштаганда 180 градуста ысып турган электр мешине салабыз, 20-25 мүнөттө бышат. Алмуруттан жасалган өзгөчө даамдуу кексибиз даяр!

Кошумча: Пайдалуулугун арттырам десеңиз көптүргүчтүн ордуна уксуска күйгүзүлгөн соданы кошсоңуз болот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
i-bilim
2021-10-19 09:16:23
Алмадан эле жасачу элем галетаны, алмуруттан да жасап көрүш керек экен.
0
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан