АЛМУРУТ - КЛИМАКСТЫН АЛДЫН АЛАТ

Алмурут байыркы Рим, Персия, Грециядан тарап, учурда ысык да, суук да өлкөлөрдө өсөт. Алсак, Орусиянын суук аймактарында, түндүк-чыгыш Кытай менен Кореяда бышып жетилген түрлөрү да бар. Алмурут тууралуу алгач Гомердин “Одиссея” чыгармасында жазылган. Ал чыгармада римдиктер алмуруттун 38 сортун билишип, алардын көпчүлүк түрүнүн мөмөсү супсак жана арзан болгону үчүн кедейлер жешкени маалымдалат. Азыркы учурда бул жемиштин 3 миңден ашык сорту бар. Дүйнөдө алмурутту өстүрүп сатуу боюнча Кытай 1-орунда турса, Орусия 2-орунда турат.

ПАЙДАСЫ

Алмуруттун баалуулугу (100 граммында)

Энергетикалык баалуулугу – 58 ккал

Суу – 83,71 грамм

Углевод – 15,46 грамм

Белок – 0,38 грамм

Калий – 119 миллиграмм

Кальций – 9 миллиграмм

Магний – 7 миллиграмм

С витамини – 4,2 миллиграмм

В3 витамини – 157 микрограмм

  • Алмурут клетчатканын табигый булагы, ал тамак сиңирүүчү органдардын иштөөсүнө оң таасирин тийгизип, ууларды сыртка чыгарат.
  • В тобундагы витаминдер, айрыкча В9 (фолий кычкылы), танин алмуруттун кабыгында жайгашкан. Булар адамга сергектикти тартуулап, нерв системинин иштешин жакшыртат.
  • Курамындагы жөнөкөй углеводдор ашыкча салмактын алдын алат.
  • Микроэлементтер иммундук системди чыңдап, организмдин инфекциялык ооруларга каршы туруусуна жардам берет.
  • Курамындагы А, С витаминдери теринин картаюусун алдын алып, чачтын бекем болушуна таасирин тийгизет.
  • Калий, магний жүрөктүн иштешин нормалдаштырат.
  • Ширелүү болгондуктан суусунду кандырып, боордун жана бөйрөктүн иштешин жакшыртат. Ошондой эле айыз учурундагы жагымсыз оорутууну азайтып, ишке болгон жөндөмдүүлүктү арттырат.
  • Алмурут ич катуунун алдын алат.
  • Күнүмдүк сунушталган өлчөм 300 граммга чейин.

ЗЫЯНЫ

Жемиштин этинде кездешкен майда кум сымал бүдүрчөлөр – склереид деп аталат. Ал өлүү клеткалардан куралган, ошондуктан ичеги-карын жана панкреатит оорусунда өтө аз жеш керек.

Курамында фруктозадан сырткары таттуу сербитол да бар. Ошондуктан ченеми менен жебесе салмак кошууга түртөт.

КЫЗЫКТУУ

  • Европада тамеки пайда болгонго чейин алмуруттун жалбырагын кургатып чегишкен.
  • Алмурут – роза гүлдүүлөр түркүмүнө кирет.
  • Алмурут дарагынан эмеректер, музыкалык аспаптар жасалат. Ошондой эле архитекторлор колдонуучу сызгыч да ушул бактан жасалат, анткени ал деформация болбойт.
  • Алмурут мөмөсү банан сымал үзгөндөн кийин да бышып жетиле берет.
  • Байыркы Кытайда алмурут өлбөстүктүн символу болгон.
  • Алмурутту көп жеген айымдар климакска кеч туш болору далилденген.
  • Байыркы медиктер алмуруттан кайнатылган компотту дене табы көтөрүлүп жаткан бейтаптын суусунун кандыруу үчүн беришкен.

Алмуруттан жем, кыям, компотторду кайнатса, өзүн жемиш салаттарына кошсо болот. Нан, кекс, пирог, галета, торт жасоодо колдонсо болот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан