Асел Шерниязова, кино ишмери: «БИЗДИН ФЕСТИВАЛЬ ГОЛЛИВУД МЕНЕН АЗИЯНЫН ОРТОСУНДА КӨПҮРӨ»

Асел Шерниязова Голливуддун чет өлкөлүк маалымат ассоциациясына (“Алтын глобус”) Борбор Азиядан биринчи өкүл болду. Бул, албетте, сүйүндүрө турган нерсе. “Алтын глобус” –даражасы боюнча "Оскардан" кийинки эле кино сыйлык. Маегибиз кыска, бирок маалыматка бай болду. Кино дүйнөсүнө кантип аралашып калганы, “Алтын глобуска” кантип мүчө болуп калганы, агасы Садык Шер-Нияз, атасы Болот Шер, өзүнүн жеке жашоосу жана башкалар тууралуу кеп кылдык.

– Асел, саламатсызбы? Биринчиден, “Алтын глобуска” мүчө болуп киришиңиз менен куттуктайбыз.

– Рахмат, өтө жагымдуу болду. Бул мен үчүн да чоң сыймык. Мындан ары чоң команданын бир бөлүгү катары жакшы иштерди жасайбыз.

– Мүчө болууга кандай критерийлер менен тандалып алынат?

– Негизги тандоо критерийи – эл аралык аренада Голливуд ишмердүүлүгүн чагылдыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү болчу. Киноиндустриядагы адамдардын сунуш-каттары дагы маанилүү эле. Иштеп жатканыбыздын жыйынтыгы болду десек болот, жыйынтыгында мүчө болуп кабыл алындым. Мүчө катары менде эми чоң студияларда болуу, дүйнөлүк жылдыздар менен жолугушуу, кино жаатындагы маанилүү жыйындарга катышуу, негиздөөчүлөргө суроолорду түз берүү мүмкүнчүлүгү болот. Ошондой эле чоң жоопкерчилик дагы моюнумда.

– Кино жаатында канча жылдан бери иш алып барып жатасыз?

– Кино жаатында 2015-жылдан бери иш алып барып келе жатам. Менин агам, “Курманжан датка” тасмасынын режиссёру, коомдук ишмер Садык Шер-Нияздын сунушу менен кино жаатына келгем. Аталган тасманы ошол жылы “Оскар” жана “Алтын глобус” сыйлыктарына жарнамалоо үчүн жардам бергем. Бул биринчи тажрыйбам болду. Кийин Лос-Анжелестеги кыргыз кинофестивалын уюштурууга катышып калдым. Өзүңөр билгендей, фестивалдын идеясы Садык акеме таандык. Ошол жылдардан бери тыгыз иш алып барып келе жатам. Биз кинофестивалды Голливуд менен Азиянын ортосунда көпүрө болсун деген максатта уюштурганбыз. Максатыбызга жетип, дагы да башка максаттарды коюп жатабыз.

– Башка кесиптин ээси экенсиз, бирок бул тармакка агаңыз Садык Шер-Нияздын суранычы менен келип калыптырсыз...

– Туура, кесибим медицина жана бизнес менен байланыштуу. “Asian World Film Festival” фестивалын негиздеген Садык акемдин чакыруусу менен аралашып калдым. Биринчи жагынан эл аралык, экинчи жагынан Кыргызстандын киноиндустриясынын өнүгүүсүнө жардам берген мындай чоң долбоорду жетектөө мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул үчүн агама ыраазычылык билдирем. Кийин аралашсам да кино жаатын сүйүп, берилип кеттим. Өзгөчө агамдын тасмаларына жана долбоорунун келечегине ишенем. Биздин өлкө үчүн чоң иш деп эсептейм. Алыста жүрсөм да өлкөбүздүн кино тармагына пайда алып келип жатканыма кубанычтамын.

– Лос-Анжелеске барып кыргыз кинофестивалын уюштуруу сыртынан караганда жеңил көрүнүшү мүмкүн...

– Лос-Анжелесте жүздөгөн кинофестивалдар уюштурулат. Ал жакта уюштуруу жана өткөрүү өтө кыйын иш. Идея майда-баратына чейин ойлонулганы үчүн, уникалдуу болгону үчүн биздин фестиваль Голливудда өз ордун тапты деп ойлойм. Ишенимдүү жакшы команданы түптөй алганыбыз да ийгилик болду. Жеңил болду деп айта албайм, бирок ийгиликтүү болду десек болот.

– Канча тилде эркин сүйлөй аласыз?

– Эне тилимде, орусча, англисче, кытайча эркин сүйлөйм. Азыр түрк тилин үйрөнүп жатам. Анткени жакында Стамбул шаарында биздин жаңы фестиваль өтөт. Андыктан мага түрк тилин билүү керек деп ойлойм.

– Жакында “Asian World TV Series Awards” долбоору старт алып, эл аралык сериалдардын фестивалы болот дедиңиздер, ал жакка кыргыз сериалдары катыша алабы?

– Албетте, катыша алат. Долбоорубуз Кыргызстандын жана Борбор Азиядагы сериал индустриясынын өнүгүшүнө жардам берет.

– Атаңыз Болот Шер тууралуу айтып кетсеңиз, кандай ата эле?

– Атамды бир нече сөз менен түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес го. Атам жашоосун принциптери менен жашап өттү. Балдарына эле эмес, кыргыз элине үлгү болду. Биздин тандообузга чек койгон эмес. Өзүнүн жашоосу менен эле бизге жашоодогу бийик чекти коюп берип кетти. Атамдын атын бийик кармап жүрүү – жашоомдогу эң маанилүү нерселердин бири. Ал “Мээнеттен күчтүү дарман жок, мезгилден өткөн балбан жок” деген “Манас” эпосундагы эки сапты дайыма айтып жүрчү. Мээнет кылып жатабыз, мезгил баарын тактап, качан болсо да өз баасын берет.

– Балалыгыңыз кайда өттү?

– Биз ата-энебиз менен Бишкекте жашачубуз. Каникул болору менен атамдын кичи мекени Таласка кетип, ошол жакта өткөрчүбүз. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Мен улуусумун, менден кийин бир сиңдим, анан эки иним бар. Өтө сулуу, камкор, назик апабыз бар. Ал киши дайыма атама жөлөк-таяк болду.

– Өзүңүздүн үй-бүлөңүз тууралуу айтып кетсеңиз...

– Турмушка чыкканыма 14 жыл болду. Уулдарым Айдан жана Алтайдын апасымын.

– Кыргыз киносунан кайсы режиссёрду баалайсыз?

– Бизде өтө көп мыкты режиссёрлор бар. Ошондой эле мыкты тасмалар да көп. Бирин атап айтып башкаларын таарынтып алгым келбейт. Биздин кино дүйнөсүндө достук, тилектештик, сый, тажрыйба алмашуу бар экендиги аябай сүйүндүрөт.

– Маегиңизге рахмат, сизге ийгилик!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан