(Башы өткөн сандарда)
– Алло, салам алейкум! Тахир, издетип жаткан Байэлиң биздин бөлүмгө келип түштү. Болгондо дагы биздин шефтин досунун кызын уурдаптыр. Бул жалгыз эле биздин колдон бүтө турган иш болбой калды. Чыгарып кетем десеңер эртерээк аракет кылгыла. Болбосо, билесиң да өзүң, кийин машакаты көп болорун.
– Кыздын жоголгонунан кабарым бар. Бирок Байэл уурдаса менин кабарым болот эле. Байэл башка иш менен алек болуп жүргөн. Ал кызды уурдамак эмес. А баса, мен Байэлди издеп барганымда анын машинасы ачык бойдон үйүнүн алдында калыптыр. Бул жерде бир түшүнбөстүк бар.
– Ошондой дечи, териштиребиз дагы.
– Болуптур, мен шефтерге айтып көрөйүн.
Тахирге кабарлаган анын балалыктан берки досу. Милиция кызматында иштейт. Бири "кара", бири "кызыл" болгону алардын достугун урата алган жок. Тахир шашыла Капардын бөлмөсүнө кирип келди.
– И-и, тигиниңден дайын барбы?
– Ошол боюнча келгем. Азыр эле балдар кабарлашты. Ал кечээ кармалыптыр. Эмне кылалы, сүйлөшүп чыгаралыбы?
– Кайдагыны айтасың? Ташболотов бизден кынтык издеп араң турат. Эски-ускунун баарын чукуп ит кылбайбы? Өзүң деле ойлонсоң. Андан көрө тезинен ага жолук, бир нерсени тантырап бизге илештирбесин. Ары кетсе да өз башын алып кете берсин, бизге залакасын тийгизбей.
– Такыр эле кол үзөлү дейсизби?
– Керек болсо ошентиш керек. Ал эмне болсо ошол болсун. Ага эмне анча жан тарттың? Мага демектен түрмөнүн түбүндө чирисин. Бизге илешпесин иши кылып, ага баарын түшүндүрүп кел.
– Жарайт,- Тахир оң муштумун түйүп сол алаканын бир уруп койду да, сыртка жөнөдү. Унаасын от алдырып үйдүн жанынан жылып кеткени менен, бир чакырымдай жүрүп барып жол жээгине токтоп, чылым күйгүзгөнгө чакмагын издеп калды. Сыйпалап таппай калганда бардачокту ачып карап жатып папканы көрдү. Байэлге ачтырган карталардын кагаздары экен. Бир сыйра карады да, коюп койду. Дембе-дем чылымды тартып түтүнүн шашпай үйлөп ойлонуп отурду. Көптөн бери ушинтип бирөөнүн карамагында жүргөн жашоосунан тажап жүрөт. “Ушулардан эптеп кутулсам башкача жашайт элем. Мага караганда кошунамдын ити эркин. Каалаганын жейт, каалабаганын жебейт. Баскысы келсе басат, жаткысы келсе жатат” деп кейип калмайы бар. Бир кезде оңой келген акчага дардаңдап жүргөн ага кызык болгону менен, азыр андай жашоодон чарчап турган убагы. Кыргызстанда жүрүп булардан кутулууга болбосуна эбак эле көзү жеткен. Анын көзүн тазалап коюш аларга чымынды шапалак менен бир чапкандай эле экенин өзү жакшы билет. Анын көптөн бери көздөгөнү акча топтоп чет өлкөгө чыгып кетүү болуп жүргөн. Бир нерсе болсо Капар өзүнө деле кол сунарынан күмөнү жок. Ошондон улам анын ага болгон ишениминен пайдаланып акчаларын колунан келишинче өөнөй баштаган. "Менде эле болсо, мен эле жашасам" деген немеден жакшылык деле күтүүгө болбосуна азыр дагы бир жолу ынанды.
ххх
Бөлмөдөгү тынчтык бир саамга өкүм сүрдү. Баатыр да, Маржан да өз ойлору менен алек. Кепти эмнеден баштаарын билбей шыпты тиктеген абалында Маржан жатат. Эки тизесине чыканагын таяп, салааларын кийиштирип жер тиктеп Баатыр отурат.
– Өх-х!- Маржан оор үшкүрүп тамчылатма уколдун системин сууруп салып ордунан турду.
– Мени түшүнө албай, мага ишене албай жатканыңды билем. Бирок мындай болушун мен дагы каалаган эмес элем. Жаш кезде сага ишенгендей мен эч кимге ишенген эмесмин. Сен эмне кылдың? Мени жарым жолдо таштап басып кеттиң. Менин тагдырымды уруп да ойногон жоксуң. Кош бойлуу экенимди сен дайынсыз болуп жок болгондон кийин билдим. Алдырып сала албайт элем. Күдөрүмдү үзбөй сени айлар бою күттүм. Бир дайының болсочу. Эмне кылат элем, мен курсагымдагы бала менен жалгыз калдым. Эч ким билбесин деп жашырынып, качып жүрүп төрөдүм. Окуумду таштадым. Ата-эне, тууган дегенди унуттум. Атам, агамдар билсе мени да, баланы да жашатмак эмес. Төрөдүм дечи, бирок кайда алып барат элем? Айлам жок эле төрөт үйүнөн түн жамынып чыгып балдар үйүнө алып бардым. Таштап, таанып калбасын деп аркамды карабай качтым. Жанымдан жаралган наристени таштоо мага оор болду. Муну көтөрө албай кандай кыйналдым, өлүмдөн кайра тарттым. Ошол күндөрү Кудай мени Болотко жолуктурду. Ал менин жаралуу турган жан дүйнөмдү камкордугу, сүйүүсү менен дарылады. Ошончо нерсени жашагандан кийин жалгыз калуудан корктум. Өтмүшүмдү унутуп, жокко чыгаргым келди. Баш коштук, окуумду бүтүрдүм, балалуу болдук, ишке кирдим, ушинтип турмуш тиричилик менен алек болуп жүрүп жылдар өтө берди. Канча күрөшпөйүн өмүрүмдүн ал бөлүгүн акылымдан чыгарып сала албадым. Көкүрөгүмдө ташыдым,- Маржандын көзүнөн жаш сызылып агып жатты. Ый аралаш сүйлөп, канча жылдар жүрөгүн өйүп келген сырын ортого салып жатты.
– А сен кабар алып турган жоксуң да ал баладан?
Маржан үнсүз башын чайкады.
– Анда бул сен таштаган бала экенин кантип билип жатасың?- деп жиберди Баатыр чый-пыйы чыга.
– Балдар чоңоюп, Болот долбоорлору боюнча чет жакка кетип, мени менен деле көп иштери болбой калды. Ошол учурдан пайдаланып мен Байэлди издей баштадым. Атын мен койгом. Ошол атын өзгөртүшпөптүр,- аял бир улутунуп алды.
– Эх, арттагы жашоону түзөөгө болсо кана? Карачы, экөөбүз сүйүштүк деген менен, эмне жакшы иш кылдык? Бир баланы жетим өстүрдүк. Анын жан дүйнөсү бала кезинен талкаланды. Сенде да, менде да байлык бар. Бирок биз ага эч нерсе кылып бере албайбыз. Кол сунсам колум, сүйлөсөм сөзүм жетпейт,- өксүп-өксүп ыйлап жатты. Маржандын денесин майда калтырак басып, сүйлөгөнү жайлап баратты.
Маржанга айтып берүү кандай оор болсо, Баатырга уккан деле жеңил болгон жок. Ичиндеги чыңалуудан тынч отуруу мүмкүн эмес эле. Маржан жаткан керебеттин кырын колундагы ачкыч менен тынымсыз кыра берди. Оюнда күрөш жүрүп жатты, бирде жалганга чыгаргысы келсе, бирде чындык экенине ишенгиси келди. Уулу бар экенине кубангысы келди. Анын жаралуу жери – эркек баласынын жоктугу эле. Дос-тууган ушул убакытка чейин каалоо-тилегине “уулдуу бол” деген сөздү сөзсүз кошуп айтышат. Жубайы Жамал өзүн күнөөлүү сезип кыйын врач, бүбү-бакшы дегендин баарына барып жүрдү. Кийин ой-боюна койбой Баатырды да алып барып көрдү. Канча аракет кылышпасын Кудай аларга уул берген жок. Бир ирет аялы болбой жатып аны бир көзү ачыкка алып барган. Ошол кемпир ага “балага жасаган кордугуң бар, балам, дагы Кудай сага кыз бериптир. Ошол кызыңды медер тутуп жашай бер” деп айтканы бар. Анда Баатыр анын кебинин түпкүрүн түшүнгөн эмес, “ой, ушулар болбогон нерсени токуп айта беришет” деп кемпирдин сөзүн жактырган эмес. Ушул тапта ошол кемпирдин сөзү эсине келди. Ошол сөздүн түпкүрү кайда жатканын эми түшүндү.
ххх
Байэлдин ойлору чар-жайыт болуп турганы менен, кечээгиден өзүнө келип калгандай. Эки күндөн бери наар албаган неме бүгүн жанындагыларга келген тамактан ичип, биринин төшөгүнө жатып көшүлүп уктады. Уктаганга аз да болсо мээси эс алып, ирдене түшүптүр.
Иш бөлмөсүндө эки милиция кызматкери өзүнчө талашып жатышты:
– Кызды анын уурдаганынан күмөнүм бар.
– Эмнеге антип ойлоп жатасың?
– Ал күнү мунун машинасы аңырайып ачык эшигинин алдында калып жатпайбы. Кызды уурдаса машинасын айдап кетмек да. Анын үстүнө тиги Тахир кабардар болмок. Бул бир аялдын айдоочусу болуп иштейт экен. Ошол күнү кайда барганын, эмне кылганын ошол аялдан такташ керек...
(Уландысы кийинки санда)