Маектешимди улуу устат дешет. Бирок ал интервьюда “мени көп мактаба” деди. “Улуулуктун өзү жөнөкөйлүктө” деп бекер айтылбаган окшойт. Аргасыз мактайт окшойбуз, анткени Улукмырза Полотовдой шакирт көп тарбиялаган устат жок болуш керек. “Устат-шакирт” деген жаңы рубрикабыздын алгачкы каарманы залкарларды таптаган залкар Улукмырза Полотов болду.
“СОТ БОЛБОЙ, ЫРЧЫ БОЛУП КАЛДЫМ”
18 жаштарда элем, өзүмө өзүм катаал, талапты көп койчумун. Окууну калтырчу эмесмин, эгерде мугалимдер кечигип калса “эмне кечигип жүрөсүз?” деп аларды такылдатып жиберчүмүн (күлүп). Таланттуу болсом керек, мен тууралуу маданият министри Күлүйпа Кондучалова билчү экен, мамлекеттик сынакты тапшырып жатканымда “Искусство институту бизде жаңы ачылып жатат, Москва, Ленинград деп кыялданбай, Фрунзеде окуйсуз” деди. Министр айтып жатса эмне демек элем, вокал бөлүмүнө кирдим. Институтту бүткөндөн кийин 30 жыл Кыргыз улуттук филармониясында Карамолдо Орозов атындагы оркестр менен ырдап жүрдүм. Адистигим опера ырчысы. Ошол кезде меникиндей баритон үнү барлар Опера жана балет театрында көп болуп калды. Кондучаловага кирип “орун жок экен, мен Ош шаарына кетейин” десем, “сизди10 жыл окуттук, эми ырдашыңыз керек” деп туруп филармонияга жиберди. Кийин филармониянын директоруна кирип “мен операга барып турайын” десем кызганып эле жибербей койду (күлүп). “Акчаң аз болуп жатса акча кошуп берели, үйүң жок болуп жатса үй алып берели, бул жакта эле кал” деп болбойт. Ошентип отуруп пенсияга жеттим. Ырдагандан план толтурдум, эми шакирт тарбиялайын деп чечтим.
“300дөй ШАКИРТИМ БАР”
- Устаттык – улуу кесип. Талыкпаган аракет, терең, күчтүү билим керек. Кыргызстанда эле эмес, Түркия, Орусия, Америка, Кытай, Казакстан сыяктуу алыскы-жакынкы чет өлкөлөрдө жүргөн шакирттерим бар. Жеңишбек Ысманов деген шакиртим Италиянын чоң театрларында ырдап жүрөт. Аны Керим Турапов “менин шакиртим” деп талашып калат. Ага “толтура шакиртим бар, сен бир шакиртиме жабышып калдың го” деген элем (күлүп). Шакирттеримдин баары Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, айрымдары Эл артисти болуп калышты. Устат, мугалим болуп келе жатам, мурун Искусство институтунда сабак берчүмүн, азыр мени Улуттук консерваторияга чакырып алышты. Элдик ырлар жана вокал боюнча индивидуалдык түрдө сабак берем. Ар биринин өзүнө жараша үнүн тапканга аракет кылам. Муну "слух" деп коёт орусча. Кээде таланттуу окуучуларды башка мугалимдер тандап кетип, мага чабалдарын калтырып коюшчу. Ошолорду да жөлөп-таяп отуруп мыкты кылып чыгарсам таң калышчу. “Мындан чыкпайт” дегенде деле карап отуруп бир өзгөчөлүгүн таап алам. Азыр 300дөй шакиртим бар.
“УСТАТЫМДЫ БИРИНЧИ ОКУУЧУСУ МЕН БОЛЧУМУН”
Азыр 78 жаштамын. Дагы деле сабак берем, ырдайм, музыка менен жашап келе жатам.
Сыймык Бейшекеев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “УСТАТЫМДЫН УРУШКАНЫ ДЕЛЕ МОТИВАЦИЯ БЕРЕТ”
– Улукмырза агайды 1993-жылы Улуттук филармонияга окууга келгенден баштап тааныдым. Качкынбай деген агайыбыз “сени Улукмырза Полотовго бөлдүм” деди. Эмнегедир маани бербеген экем, анткени окууга өткөнүм башкы сүйүнүчүм болгон. Ага чейин Малик Аликеевдин устаты экенин билчү элем. Окуп баштаганда мага кандай чоң мүмкүнчүлүк болгонун билдим. Алгач ырдоонун эрежелерин билчү эмесмин. Тамакка салып кыйкырмай, күрөө тамырларга күч келтирип ырдамай, бийик ноталарды алганда кызарып кетмей дегендер бар эле. Мени эки жарым айдын ичинде жөнгө салды. Анткени 2 жарым айдан кийин “Эл ырчысы Эстебес” тобуна алындым, бул да болсо агайдын эмгеги болду.
Ар бир окуучусуна өзүнчө көңүл бурчу. “Бүгүн тамак жебей келдиңби, үнүң жакшы эмес, кимдикинде жашайсың, кандай жашайсың?” деп сурайт. Өзү деле айлыкка жашайт да, бирок окуучусу курсагы ач болсо өз тыйынын берип “тамак ичип кел, анан ырдайсың” дечү. “Силер эртең сөзсүз белгилүү болосуңар, атактуулардын айылына бир кадам калдыңар. Профессор Полотовдун мектебинен чыккам деген жакшы сөз ээрчип жүрүшү керек. Ошого жараша мүнөзүңөрдү да таптагыла” дей берчү. Филармонияда иштеп калышыма да салымы чоң болду.
Агай алгачкы обондорумду концертмейстерге айтып нотага түшүрүп баштады. Баласынткан жок. Залкар обончулардын обонун түшүрүп жатканда меникин кошо түшүрттү, обончулук тарабымдын күчтүү экенин байкады окшойт. Бир эле жолу агайдан тил уктум. Атактуу болуп калган учурум эле, агай концерттен кийин “мени жеткирип кой” деди. Бирок Эстебес атабыздын (ред: төкмө акын Эстебес Турсуналиев) байбичесин биринчи жеткириш керек болуп калды. Бир азда эсимден чыга түшүптүр. Келгиче агайдын жаагы түктүйүп ачуусу келип калган экен. “Мен сенин пириң болом, мени капа кылбагының, жеткире албайм десең айтып кой да. Атактуу болуп көөп калдыңбы?” деди. Кечирим сурадым.
Урушса да адамга жагымдуу кылып мотивация берип урушчу. “Сенин колуңдан келмек, жалкоолук гана кылдың” деген сыяктуу таасирдүү нерселерди айтчу. Үн дагы картаят да, бирок агайдын үнү өзгөргөн жок. Өзү баптап тарбиялап келет. Буюрса, 80 жылдыгын өзгөчө уюштуруп концерт беребиз деп жүрөбүз. Устатыма урматым чексиз. Эмгегин дайым баалап келем.
Токтобек Асаналиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти: “УЛУКМЫРЗА ПОЛОТОВ ЭКИНЧИ АТАМ”
– Улукмырза Полотов адегенде мыкты ырчы, анан кыйын устат. Өзгөчөлүгү – ар бир шакиртинин жараткандан берген үнүн бузбай, кеңейтип, керип-чоюп жатып ордуна коёт. Башка мугалимдердин окуучуларынын үндөрү бири-бирине окшошуп калат, ал эми бул кишинин шакирттери оригиналдуу үнүн сактап калат. Агайдын салган изи, баскан жолу, кылган эмгеги азыр баркталбаса, даңкталбаса качан даңкталат? Жылдар өткөндө “Полотовдун мектеби” деген чоң изилдөө болот болуш керек деп ойлойм. Агай “өз балдарыма караганда шакирттеримди көбүрөөк ойлоном” десе, биздин көңүлүбүз үчүн айтып жатат окшойт дечүмүн. Өзүм мугалим болгондо чын эле шакирттериңди көбүрөөк ойлоноруңду түшүндүм. Үйдөгү балдарыңды кээде эстесең, студенттериң ар дайым көз алдыңда. Эмне жейт, эмне ичет, маанайы кандай, кандай шартта жашап жатат, кылдат карап турасың. Тааныбаган эле бирөөнүн баласынын кийинки тагдырына жоопкерчилик алуу бул оңой эмес. Улукмырза агайга “эки ата-энем бар, бирөө биологиялык ата-энем болсо, экинчиси сиз” дейм. Анткени турмуш жолумдагы арабамды тартышып, кетменимди кошо чабышып кандай адам болгонума чоң салым кошту. Мен эле эмес, көп ырчынын ордун таап берди. Агайдын салган жолу – улуу. Азыр агай эмгегинин жемишин татып жаткан учур. Агай, бар болуңуз!
Аскат Мусабеков, ырчы: “МЕНДЕН ЭЧ КАЧАН САСЫТКЫ ЧЫККАН ЭМЕС ДЕЧҮ”
– Улукмырза агайдын колуна 18 жашымда келдим. Азыркыга чейин вокалдан сабак алып турам. Кеп-кеңешин алам. Агайдын башкалардан өзгөчө балдарды тарбиялаган ыкмасы бар. Ар бир ырчынын тембрин байкап туруп, үнүн өзүнө гана тиешелүү кылып коюп берет.
Устаттан да жогору жүрөгүбүздө бийиктиги бар, ал бизге чыгармачылыктагы атабыз болуп мээримин төктү. “Жакшы ырчы чыгышы мүмкүн, бирок бул жакшы адам болдуң деген жыйынтык эмес, жакшы адам болуш керек” деген эрежеси бар болчу. Жатаканада жашачу элем. Бир жолу жакшы ырдай албай калдым, анткени тамак ичпей келгем. “Бар, курсакты тойгузуп келбесең үнүң чыкпайт” деп акча берип, ашканага жөнөтүп жиберди. “Менден эч качан сасыткы чыккан эмес, мен болгон аракетимди жумшайм, өзүңөр да аракет кылгыла. Жаш кезимде жука кийим кийип туруп ырдасам башкача, жылуу кийим менен ырдасам башка үн чыкчу. Өзүңөр анализ жүргүзгүлө, үнүңөргө кандай тамак жакшы таасир берет байкагыла” дечү. Көп тажрыйбадан өткөн үчүн бизге ийне-жибине чейин үндү кантип багыш керек экенин үйрөттү. Бардык нерсеге терең анализ кылат. Концерт боло турган күнү канча саат укташ керек, эмне тамак жеш керек, өзүн кандай маанайда алып жүрүш керек, бүт баарын үйрөткөн. Мындай ырчы жана педагог кыргызда экөө болсо бири, бирөө болсо ошол Улукмырза агай. Жакшы ырчы болгондор адатта жакшы мугалим боло албай калышат. Агай экөөндө тең чоң бийиктикке жетти. Ден соолук, узун өмүр каалайм!
Жеңишбек Ысманов, Италиядагы опера ырчысы: “УЛУКМЫРЗА АГАЙ ЕВРОПАЛЫКТАРГА ОКШОШ ҮНҮҢ БАР ДЕГЕН”
– Бала кезде учкуч болом дечүмүн. Ал тилегим менен мектепти аяктаганда шаарды көздөй бет алдым. Суворов атындагы аскердик училищени аяктагандарга авиациялык факультетке тапшыруу жеңилирээк болот дешкенинен байкемди ээрчип ошол жакка бардык. Карасам бүт эле менден жаш балдар жүрөт, көрсө, ал жерге 8-класстан кабыл алат экен. Анын үстүнө бизде бул жаатта окуу жай да жок экен. Башка университеттерге барсак кабыл алуу экзамендери бүтүп калыптыр.
Бир күнү балконго чыгып алып гитарада ойноп, ырдап отурсам, бир бейтааныш байке "жигит, түш бери, чогуу ырдайбыз" деп калды. Түштүм, ырдатып көрүп, "талантың бар экен. Филармонияда 2 жылдык музыкалык студия бар, ошол жакка тапшырбайсыңбы" деди. Эртеси эле байкем экөөбүз филармонияга жөнөдүк. Ырдоо жагында орун жок калып, мен чопо чоор бөлүмүнө өтүп кеттим. Ичимдеги ырдасам деген тилегим күч ала берди. Бир күнү вокалдан берген Улукмырза Полотов агайдан "мени угуп көрсөңүз" деп сурандым. "Жаш экенсиң, көзөмөл менен окусаң жакшы эле болот" деп, ошондон баштап агай сабак бере баштаган.
Бир күнү эле Улукмырза агай консерваторияга тапшыруумду сунуштады. "Сенин европалыктардыкындай өзгөчө үнүң бар, ал жактан соло ырдоо бөлүмүн танда. Сенден опера ырчысы чыгат" деди. Мен опера деген эмне экенин билчү эмесмин да, жаман оюмда агай мени менен иштешкиси келбей, башка жакка түртүп жатат деп ойлоп койдум ичимден. Бирок агайым чынында эле сезген экен. Эртеси мага бир кассета алып келип берди, "угуп көр" деп. Ал Лучано Павароттинин аткаруусундагы "Риголетто" операсындагы "La Donna e mobile" деген чыгарма экен. Мына, ырчы болсом, ушундай ырчы болоюн деген тилек ошол кассетаны укканда жаралды. Ага чейин эстрада ырчысы болууну ойлоно баштагам.
Негизи эле мен устат жактан жолдуу болдум. 2001-жылы консерваторияга тапшырганымда Керим Турапов агай дагы ошол жакка сабак бергени келиптир. Мени шакирт катары агайга бөлүштү. Улукмырза агайым мага туура жолду көрсөткөн болсо, үнүмдү таптап опера ырчысы кылган Керим агай болду. Мен өзүм да көп изденчүмүн. Консерваторияда түнкү 11ге чейин отура берер элем. Айта кетпесем болбос, менин опера ырчысы катары калыптанышыма абдан чоң салымын кошкон адамдардын бири – концертмейстер Бабич Юлия Алексеевна болду.
(2016-жылы бизге берген маегинен).
Нуржамал Жийдебаева