БӨЛМӨ ГҮЛДӨРҮНӨ КҮЗҮНДӨ КАМ КӨРҮҮ

Күндүн кыскарышы, жарыктын азайышы, температуранын төмөндөшү, жылытуу шаймандарын иштетүү мезгилинин башталышы менен бөлмө гүлдөрүнө кам көрүүгө өзгөчө басым жасоо талап кылынат.

СУГАРУУ

Күзүндө бөлмө гүлдөрүнүн өсүүсүнүн жайлашы, температуранын төмөндөшү менен нымдуулукту талап кылуусу да азаят. Эгер топурагы мурдагыдан кеч кургап баштаса, сугарууну мурункудай эле уланта берүүгө болбойт. Андыктан сугарууну топурагындагы нымга жана гүлдүн өсүшүнө карап азайтыңыз.

ЗЫЯНКЕЧТЕРДИН АЛДЫН АЛУУ

Жылытуучу шаймандардын иштеши менен бөлмөдөгү аба кургап, зыянкечтер көбөйүшү мүмкүн. Эгер зыянкечтерге кабылган же ооруган гүлдөр болсо башка бөлмөгө өзүнчө коюп, калгандарына зыянкечтерге каршы дарылардан чачуу керек. Зыянкечтердин алдын алуунун негизги каражаты – абанын нымдуулугун жогорулатуу, өз убагында карап, тазалыкты сактоо, жалбырактарды таза кармоо, өз убагында кыркып, үзүлгөндөрүн алып салуу керек. Бөлмөдө температура төмөн болсо, жалбырагын нымдуу чүпүрөк менен аарчууга болбойт. Күздөгү оорулардын ичинен чирик өзгөчө коркунучтуу. Ал көбүнчө туура эмес сугаруудан келип чыгат.

АЗЫКТАНДЫРУУ

Күзүндө азык-заттарга болгон муктаждык жана аларды сиңирүү жөндөмү да кескин өзгөрөт. Сентябрдын ортолорунда азыктандырууну азайтып, күздүн аяктарында токтотуу кажет.

Абанын температурасы жана нымдуулугу

Күзүндө жылыткыч шаймандары иштей баштаганда бөлмөдөгү температура туруктуу болбой, нымдуулук да азаят. Кээде температура төмөн болуп кетет. Андыктан бөлмө температурасын жакшылап байкап туруңуз жана мүмкүн болсо гүлдөрдү жылуу, суук тийбей турган жерге коюңуз. Гүлдөрдүн жалбырактары кургап кетпеши керек. Бөлмөгө абаны нымдандыруучу каражат койсоңуз да болот, гүлдөрдү жылыткычтардан жана батареялардан алыс коюңуз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан