(Башы өткөн сандарда)
– Тахириңден сура анда аялдын дарегин, эртерээк барып жолугалы. Шефти билесиң, келсе бизди шаштыра баштайт,- деген тергөөчү колундагы кагазга үңүлдү. Жанындагысы үстөлдүн үстүндө турган телефонун алып Тахирге чалды.
– Алло, Тахир, мага Байэлди айдоочу кылып жүргөн аялдын дарегин же номерин берчи.
– Менин сенде ишим бар. Тез аранын ичинде бир жерден жолуга калбайлыбы.
– Жайчылыкпы?
– Өзүң эле чык, мен сени барып алып кетем.
Жарым саатка жетпей Тахирдин унаасы райондук ички иштер башкармалыгынын алдына келип токтоду. Көп күттүрбөй досу чыгып унаага отурары менен жөнөп кетти.
ххх
– Ии, эмне болду, Байэлди чыгармай болдуңарбы?- башындагы фуражкасын алып жатып милиция досу Тахирди карады. Тахирдин жүзүнөн маанайы жок экенин дароо байкады.
– Байэл...- деп Тахир оор үшкүрө чылымдын түтүнүн терезени көздөй үйлөдү.
– Чыгарганды айтасың да, тигиниң аны унут деп койду. Эртең мага бир нерсе болсо мени деле итче көрбөйт ал. Убакыт келди, мен эмнеси болсо дагы Кыргызстандан чыгып кетишим керек. Алардан жөн кутула албасымды деги билесиң.
– Кайда кетесиң?
– Айырмасы жок. Эптеп Кыргызстандан чыгып кетсем калганын дагы эптештирем да. Капар мунун жигин билсе мени тирүү койбойт, аны жакшы билесиң. Менде азыр акча бар, акчанын күчү менен чыгып кетишим керек. Сен ал учурда чоң кылмыш ишин ачкан адам болосуң.
– Кантип?
– Эртең Капарга наша келип түшөт. Баха, башка жигиттердин баары ошол жерде болот. Тобу менен кармайсың. Мыйзамсыз курал-жарактар бар, акчаны болсо айтпай эле коёюн, жасалмасын да, чыныгысын да табасың. Жетекчиликтин көзүнө алынгың келип жатты беле? Мына сага мүмкүнчүлүк. Чиниң майорлукка жогорулап кетпесе мага кел. Ташболотов Капардын изине түшүп жүрбөйбү. Сен бул иштин бетин ачсаң ал сени өзү көтөрүп алат. Жогору жакта иштеп кала турган деле күнүң алыс эмес, баатырым,- Тахир досун далыга таптады.
– Байэлди дагы чоң ишке кириптер кылсаң болот. Мына сага дагы бир иштин бетин ачып берейин, кызды уурдабаса уурдабагандыр, эми алдамчылык менен соттой бергиле,- Тахир бардачоктогу кагаздарды алып досуна сунду. Мен чыгып кеткенче менин изиме түшкөндөр болбошу керек.
ххх
“Балага болгон кордугуң бар” деген кемпирдин сөзү кулагына жаңырып, терең ойго батып кеткен Баатыр Маржандын тынчып калганын байкабай калыптыр. Эриндери көгүш тартып кыймылсыз жаткан Маржанды көрүп Баатыр коркуп кетти. Жан талашып эшикти ачып “жардам” деп кыйкырып жибергенде медайым кирип келди.
– Байке, эмне кылып жатасыз?- медайым дароо Маржанга жүгүрдү.
– Тезинен чара көр, дем алып жатабы?- деп жиберди Баатыр. Аңгыча палатага орто жаштагы эки дарыгер ээрчишип кирди.
– Сизге бул жакта турууга болбойт, сыртка чыгыңыз,- бири Баатырга карап эшикти көздөй кол жаңсады. Коридорго чыгып дендароо болуп палатанын алдында тура берди. Качан гана телефону шыңгыраганда эсине келди. Караса аялы экен, жооп бербестен кайра чөнтөгүнө салды.
– Мен бул жерде эмне турам? Болот келсе эмне дейт?- өзү менен өзү сүйлөшүп сыртты көздөй басты. Зыңкыйып чирене баскан Баатыр жок, шалдайып шалбырай түшүптүр. Дендароо болуп барып унаасына отурду. Сенин балаң деген жигиттин жүзүн элестеткиси келди. Бирок бети-башы кан, кийим-кечеги баткак болуп турган баланын жүзүнө тыңыраак деле карабаганын эми байкады. Үйгө кирип келген Баатырды кызы менен аялы тосуп алды.
– Кел, чогуу тамактаналы деп чалсам...
– Аделя, бая күнкү жигиттин сүрөтүн көрсөтчү.
– Эмнеге?- кызы алайып карап калды.
– Көрүшүм керек.
Атасынын алсыз сүйлөп жатканына кызы таң калып турду. Жок дейин деп ойлоду. Колундагы телефонун бир карап, апасын бир карады. Апасы акырын баш ийкеди. Аделя Байэлдин сүрөтүн таап телефонун атасына сунду. Баатыр телефонду алып үндөбөстөн экинчи кабатка көтөрүлүп кетти. Эне-кыз бири-бирин карап ийиндерин куушуруп туруп калышты. Аделя сүрөттү көрсөтсөм урушат деп ойлоп жаткан, бирок Баатыр үн каткан жок. Телефондогу сүрөттү бир саамга карап турду, жигитти чын эле өзүнө окшоштурду. Ишене албай үңүлүп улам-улам карай берди. Акыры текчеде турган эски сүрөт альбомду колуна алды да, өзүнүн жаш кезиндеги сүрөтүнүн жанына коюп көрдү, кудум эле өзүнүн көчүрмөсү. Аделя дагы бир ирет Баатырдын ушул сүрөтүнө Байэлди окшоштурган, бирок ал окшоштукту этибарга алган эмес. Ойлору чар жайыт, эмне кыларын, кимге эмне айтарын билбей сүрөттөн көзүн албай шалдайып отуруп калды Баатыр.
ххх
Салондон чыгып келе жаткан Аиданын жолун эки милиция кызматкери тосту.
– Саламатсызбы?
– Тынччылыкпы?
– Биз сизге айдоочуңуз Байэл тууралуу келгенбиз.
– Байэлге эмне болуптур?- Аида шашып кетти. Ансыз да канча күндөн бери дайынсыз кеткен Байэлди ойлоп санааркап жүргөн.
– Ал адам уурдоого шектелип кармалган.
– Койчу. Ал андай жигит эмес,- деп жиберди.
– Эжекеси, он жетисинде Байэл сизге жумушка келди беле?
– Он жетиси, азыр,- Аида телефонун алып чыгып карай баштады.
– Ооба, келиптир. Мынакей, бакчадан келгенден кийин баламды паркка алып барганбыз,- аял телефондогу сүрөттү көрсөттү. Ишенбесеңер сүрөттүн тартылган датасын, саатын көргүлө.
– Ал кыз болжолдуу саат күндүзгү бир-экилер чамасы жоголгон.
– Ал күнү Байэл кечке менин иштерим менен жүрдү. Салонго дагы келген. Керек болсо ошол күнкү видео байкоону көргүлө,- деп аял өзүнчө чыйпылыктады.
ххх
Байэл тергөөчүнүн көзүнө тик карай маңдайында отурду.
– Ии, бүгүн киши болуп калгансың го. Кана айтчы, кызды эмнеге уурдадың?
– Кызды уурдаган жокмун, силер күнөөсүз адамдан күнөө издеп жатасыңар.
– Ошондой дечи. Күнөөсүз...- деп тергөөчү кытмыр жылмайды колундагы папкасын ачып жатып.
– Анда буга эмне дейсиң? Муну эч ким билбейт деп ойлодуң беле, билебиз,- Байэлдин астына кагаздарды ыргытып, ордунан туруп колун кармалап кычыратып ары-бери басты.
– Сен Капарга, Тахирге таянып жаттың беле? Алар сени итче көрүшкөн жок, жашоосунан чийип салышты. Алардан үмүтүңдү үзө берсең болот.
Алар мени жөн эле чыгарып алышат деп ойлоп жаткан. Азыр колундагы кагаздарды көрүп шаабайы сууй түштү. Ал Тахирге катуу ишенчү. Ошон үчүн аны менен бардык сырларын бөлүшчү. Азыр болсо ишенген кожосу аны сатып кеткенине жаны кашайып турду. Колундагы кагазды мыкчып жиберди.
– Баса, баңгизатын да ташырыңды билебиз, далилдер дагы бар,- тергөөчү колундагы калемсапты айландырып койду.
ххх
Баатыр үйгө жай алып отура албай койду. Мурдагыдай досторуна барууну каалаган жок. Эмнегедир кайрадан Маржанга баргысы келди. Ооруканага келип эле Маржан жаткан палатаны көздөй басты. Палатанын эшигине жакындай албай бир топко тура берди. Акыры болгон күчүн жыйнап каалганы түртүп көрдү, ачык экен. Шыпты тиктеп тамчылатма уколдо жаткан Маржанды көрдү. Акырын жанына басып барды. Маржан көргөн менен үн каткан жок. Баатыр дагы унчукпай аны карап тура берди.
– Мындай кеч эмне келдиң?- Маржан шыпты тиктеген абалынан жазбай.
– Келдим,- көзүнөн жаш сызылып кетти. Баатыр мындан башка сөз айта алган жок...
(Уландысы кийинки санда)