ХАН СО ХИ

Бул назик актрисанын персонасына болгон кызыгуу 2020-жылы күч алды. Бул жылы британиялыктар тарткан “Доктор Фостер” сериалынын ремейки катары корейлердин “Түгөйлөрдүн дүйнөсү” дорамасы экранга чыккан эле. Дораманын рейтинги жогору болуп, күтүлгөндөй эле андагы актёр-актрисалардын популярдуулугу артты. Көпчүлүктүн көңүлүн бурган актрисалардын бири Хан Со Хи сериалда бирөөнүн күйөөсүн тартып кеткен аялдын образын жараткан. Үй-бүлөлүү айымдар аны терс каармандардын катарына кошушат, ал эми актриса каарманын аяганын айтат. “Ойноштун ролу карьерамда визиттик карточка болуп калышын каалабайм” деген Хан Со Хинин жашоосуна үңүлүп, назик кыздын күчтүү инсан экенин байкадым.

Туулган жери:
Түштүк Корея, Ульсан шаары

Туулган жылы: 1994-жыл, 18-ноябрь

Жылдыз белгиси: чаян

Бою: 165 сантиметр

Билими: Сежон университети, искусство факультети

Кесиби: модель, актриса

Тартылган сериалдары: “Акчанын жыты”, “100 күндүк күйөө”, “Туңгуюк”, “Түгөйлөрдүн дүйнөсү”, “Билем, бирок...”, “Менин атым” жана башка

БАШКЫ КААРМАНДЫН 3 РОЛУ

– “Түгөйлөрдүн дүйнөсү” дорамасынын сценарийин окугандан кийин каарманым Ё Да Гёнго боорум ооруду. Эмнеге үй-бүлөнү бузду? Жапжаш, сулуу, бардыгы жетиштүү кыз экен го дедим. Анын кадамдарын талдап көрүп, Ё Да Гён “үй-бүлө” деген түшүнүктүн алдына “сүйүү” сезимин койгонун түшүндүм. Коомчулукта болсо тескерисинче “сүйүүнүн алдында үй-бүлө болушу керек” деген түшүнүк бар да. Акылына эмес, жүрөгүнө баш ийгени үчүн ал “ойнош” атка конду. Түшүнө келген адамга Да Гён да сүйүүнүн курмандыгына айланды. Жашоодо бир дагы кызга Да Гёндун жашоосун каалабайм. Ар бирибиз өз теңибизди таап, бактылуу жашайлы,- дейт аны дүйнөгө тааныткан ролу тууралуу Хан Со Хи.

Ойноштун ролунан популярдуулукка жеткен актриса тезинен башка образ жараткысы келген. 2021-жылы Со Хи баш каарман болгон 2-дорама жарык көрдү. “Билем, бирок...” дорамасында эки студенттин ортосундагы махабат мамилеси чагылдырылган. Дорама жогорку рейтингге жетпегени менен, башкы ролдогу актёр Сон Кан менен Хан Со Хинин оюну кино сынчылар тарабынан жакшы бааланды.

Буга чейин каарманыбызды романтикалык жанрда, назик ролдордо көрүп жүргөн болсок, эми аны жаңы амплуада көрө алабыз. 15-октябрда Netflix платформасында “Менин атым” же болбосо “Өч алуу үчүн...” аталышындагы боевик, триллер, драма жанрындагы дорама чыкты. Анда Юн Жи У (Хан Со Хи) аттуу кыз атасынын өлүмүнө байланыштуу адилеттик таппай, өч алуу максатында Кореядагы ири наркокартелге кошулат. Алар болсо укук коргоо органдарында кандай операциялар жүргүзүлөрүн билип туруу үчүн кызды тыңчы катары полицияга кызматка орноштурушат. Кызыктын баары алдыда. А Со Хини болсо уруш өнөрүн мыкты өздөштүргөн, курал-жарактарды ишенимдүү колдонгон, керек болсо адамды мыкаачылык менен өлтүргөн күчтүү кыздын образында көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

ООР БАЛАЛЫК

Актрисанын балалыгына кайрылсак, 5 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетет. Таенесинин колунда тарбияланган ал кыздардын мектебинде билим алган. “Уялчаак, чечкинсиз болуп чоңойдум. Бирок бейтааныш адамдар менен бат тил табышып кетмейим бар” деген Со Хи сүрөттү жакшы тартчу. Андыктан мугалимдер ага көркөм сүрөт ийримдерине катышууга шарт түзүп беришкен. “Билем, бирок...” дорамасында искусство университетинин студентинин ролун аткарып, сүрөтчүлүк өнөрүн эске салса керек.

Кийин чоңойгондо апасынын жанына барган, бирок ал үйдө турбайт эле. Андыктан Со Хи турмуштун арабасын өзү тартканга туура келген. 20 жашында Сеулга көчүп келгени боюнча актрисанын эскергени бар: “Чөнтөгүмдө бир аз эле тыйын менен келе бергем. Каннам районундагы бир сыраканада официант болуп иштеп калдым. Ал жердеги көргөн кыйынчылыктарым болбосо мен азыр башка адам болмокмун”. Жумуштагы кыйынчылыктар бир тең, апасы бир тең эле. Ал кызынын атынан тил кат жазып көп адамдан карыз акча алып, из суутуп кете берген. Карызын сурап келген адамдар эшигин каккандан баштап Со Хинин жашоосу карыз төлөө менен өтө баштаган...

ИЙГИЛИК

Тааныштарынын клипке тартылуу сунушуна макул болгон кыз 2016-жылы популярдуу “SHINee” тобунун «Tell Me What To Do» клибине тартылат. Кийин да 2-3 клипке тартылгандан кийин моделдик кесипке оогон. 2017-жылы болсо актрисалык тушоосу кесилди. “Дүйнөлөрдүн кошулуусу” жана “Акчанын жыты” аттуу дорамаларда экинчи пландагы каармандардын образын жараткан. Андан кийин да бир катар тасмаларга тартылган Со Хинин жылдызы, жогоруда айткандай, “Түгөйлөрдүн дүйнөсү” дорамасында гана жанган. Бул сериалдан кийин анын моделдик кесиби да суроо-талапка ээ болуп, белгилүү компаниялар менен жарнамалык келишимге кол койгон.

БҮТПӨГӨН КАРЫЗ

Карьерасын, негизи эле жашоосун жаңыдан жөнгө салып келе жаткан Со Хинин ысымы 2020-жылы интернет желесинде жагымсыз жаңылыктар менен коштолду. Анда бир аял 2015-жылдан бери жеке фонддун мүчөсү болгонун, анын мүчөлөрү чоң суммадагы акча чогултуп, кезеги менен алып турабыз деп сүйлөшкөнүн, актриса Хан Со Хинин апасы баарынын акчасын алып качып кеткенин жазган. Со Хи өз кезегинде жабырлануучулардан кечирим сурап, апасынын карызын төлөшүм керек деген туура эмес чечим болгонун жазган: “Мен апама жардам берип жатам деп ойлоп жаңылышыптырмын. Башында эле жок десем, акча бербесем ал оңолот беле? Оңолбосо мыйзам чегинде жооп бермек. Мен анын карыздарын төлөп келгем, бирок бир күнү алым келбей калды. Карыздын суммасы өтө чоң болуп кетти...”

Бул ызы-чуунун аягы эмне менен бүткөнү белгисиз. Бирок Со Хинин жашоосунда да, карьерасында да ийгилик коштосун дейт элем. Жүрөгү бошпу деп кызыккандар болсо, актриса бойдок. Расмий түрдө бул адам менен кыз-жигит деген да маалымат жок. Бирок ал баарыбыз сыяктуу эле бактылуу болгонго татыктуу!

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан