Индиялык Живунбен Рабари менен 75 жаштагы күйөөсү Малдхари биринчи жолу балалуу болуп cүйүнүп турушкан чагы. Анткени алар 45 жылдан бери балалуу боло албай келишкен. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКУ) жолу менен балалуу болууну каалап кайрылышкан жубайларга алгач клиниканын кызматкерлери таң калган. Аялды көзөмөлгө алган врач Нареш Бханушали “алар алгач кайрылганда бул жашта төрөгөнгө болбосун айттык. Бирок алар үмүт менен оюнан кайтышкан жок. Мындай төрөт чанда кездешет, иш тажрыйбамдагы эсте калуучу окуя болду”,- дейт.
Живунбен Рабаринин жаш курагын тактаган документи жок болгон, бирок жакындары анын чынында эле 70ке чыкканын билдиришкен. Жубайлар баланын уул же кыз экенин ачыкташкан жок.
Мындай төрөт 2019-жылы да катталган. Анда Индиянын Кота шаарынын 75 жаштагы тургуну Прабха Деви ЭКУ жолу менен кыздуу болгон.