ӨЛҮМ АЛДЫНДА ЖАТКАН БЕЙТАПТЫН БАНКТЫК КАРТАСЫ АРКЫЛУУ НАСЫЯ ТӨЛӨГӨН

Англиянын Хартлпул шаарында медайым өлүм алдында жаткан бейтаптын банк картасын колдонуп, интернет-дүкөндөн товарларды сатып алган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

2020-жылдын июль айында Рашуорт Лесли аттуу киши пневмония менен ооруканага түшүп, аны 40 жаштагы медайым карап турган. Ал бейтаптын банк картасын Amazon интернет-дүкөнүнөн обои, тиричилик буюмдарын жана азык-түлүк сатып алуу үчүн бир нече жолу колдонгон. Медайымдын мындай иш-аракеттери тууралуу бейтаптын баласы атасынын телефонуна банктан келген билдирүүдөн улам билип калган. Баласы финансылык транзакцияларды иликтеп чыгып, ооруканага кайрылган. Оорукана жетекчилиги кызматтык иликтөө жүргүзүп, транзакция болгон учурларда медайым Уоллес нөөмөттө турганын аныктаган. Товар алуудан сырткары ал банктагы чоң суммадагы насыясын да төлөгөн. Көп өтпөй бейтап каза болгон. Ал эми медайым бейтаптын банктык картасын каалагандай колдонуу менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын моюнуна алган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Tyttty1990
2021-10-25 14:32:46
Обои-туш кагаздар
+3
Gulina00
2021-10-25 18:33:35
Тооба кылдым коркпогонун.
0
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан