КЕЧЕЛЕРДИН КӨРКҮН АЧКАН "ӨТҮНҮЧ” ЫРЫ КАНТИП ЖАРАЛГАН?

Жамалың жаз күнүндөй нурун чачып,

Ачылган кызыл гүлдөй жытың аңкып.

Сүйлөгөн, ырдап жаткан үнүңдөн, ай,

Жаткандай торгой сайрап, булбул таңшып...

Мен бул ырды жакшылыктардан абдан көп угам. Ыр кесе болгон жерде сөзсүз түрдө бул ырды бири ырдап баштады дегиче баары коштоп ырдашат. Обонуна сөзү шайкеш келип шыр ырдалган "Өтүнүч" ырынын тарыхына кайрылып көрдүк.

Сабатар Исаков, обончу: “ОБОНДУ УНУТУП КАЛБАЙЫН ДЕП КЕРЕЛИ КЕЧКЕ ЫРДАП ЖҮРГӨМ”

– Мен Талас районундагы Манас айылынан болом. Айылда клуб башчысы болуп иштеп жүргөндө, 1986-жылдар болсо керек, балдар менен репетиция кылып жатсам эле клубга Табыш Бектуров деген музыкант агай бир кишини ээрчитип келип калды. “Бул киши ким?” десем, “маданияттын иши менен келди” деп койду. Репетиция бүткөндөн кийин тааныштык, Сакен Дүйшекеев деген киши экен, “Өзгөрүш айылынан болом, ыр жазып жүрөм. Карап көрчү” деп ыр жазылган кагазды таштап кетти. Эки ырдын текстин таштады. Тексттерди окуп көрдүм, ыргактуу экен. Аккордеонду алып улам-улам кыңылдап отуруп алгач “Кайда элең?” деген ырына обон чыгардым. Андан кийин “Жүрөгүмдүн өтүнүчү” деген ырды карадым. Ал дагы ыргактуу экен, аккордеонду кармап отурсам эле оюма бир кайрык келди. Текстти салып көрсөм тим эле учкашып калды. Анда азыркыдай телефон деген жок, унутуп калбайын, эсимде калсын деп керели кечке ырдай бердим. Кудай жалгап клубга бирөө магнитофон көтөрүп келип калыптыр. Жан талашып кассетага жаздырып калгам. Анан үйгө балам магнитофон алып келди, баягы кассетаны салып ырды коё берип, келген-кеткен киши угуп, ыр элге тарап кетти. Бир күнү Сакен Дүйшекеев үйгө келди, баягы эки ырды ырдап берсем аябай жактырып кубанды. Өзү магнитофон көтөрө келиптир, ырдап бердим, жаздырып алып кетти. Ал киши үйлөнгөндөн кийин кыз жактырып калып жаралган ырлар экенин айткан. Ырдын башында кара сөз менен сүйлөй турган текст бар болчу, кийин анысын унутуп калдым. Тойлордо ырдап жүрдүм, Таласка тарап кеткен.

Мен өзүм лирикалык тексттерге жакынмын. “Кыргыз радиосунун” алтын казынасына 15тей обонум жаздырылып алынган.

Кийин ырдын темасы кыскарып “Өтүнүч” болуп калды. Алгач бул ырды Фарида Карбозовага бергем. Кийин Рустам Сагыналиев атасы менен сурап келди. Ырдап көрчү деп ырдаттым. Өзүм ырдап берип “бузбай ырда, ушул ыр сенин багыңды ачсын” деп бата берип жөнөттүм. Анан эле дүң деп чыга келбедиби.

Фарида Карбозова, ырчы: “ӨТҮНҮЧ” МАГА КИЧИНЕКЕЙ КЕЗИМДЕ ЭЛЕ ЖАКЧУ”

– Сабатар агай экөөбүз бир айылдан болобуз. Менин мектептеги музыка сабагынан берген агайым, кароо-сынактарда мен агайдын “Талас жергеси” деген ырын ырдап, ал аккордеон ойноп берчү. “Өтүнүчтү” кичинекей кезимден эле көп укчумун, ата-энем да ырдап калчу. Ошол кезде эле ушул ыр мага абдан жакчу. Кийин 2006-жылы жеке концертимде Сабатар агайдан уруксат алып ырдап чыккам. Мен агайдын “Аясаңчы”, “Кайда элең?”, “Туткундун тузагынан бошойт белем?”, “Алдаба куру бекер сөзүң менен” деген ырларын аткарып жүрөм.

Рустам Сагыналиев, ырчы: “ӨТҮНҮЧ” ЫРЫНЫН АРТЫ МЕНЕН ҮЙЛҮҮ, УНААЛУУ БОЛДУМ”

– “Өтүнүч” менин алгачкы ырым. Бала кезде эле бул ыр мага абдан жакчу. Таласта тойлордо дайыма ырдалчу. 6-7-классымда бир тойдо угуп калып жаттап алгам. Бул ыр менин багыма жаралган ыр экен. Башында бир телеканалга айдоочу болуп жумушка киргем. Ошондо чогулуп отуруп калганда аккордеон менен ырдасам эле “Рустам, сага айдоочулукту байлап коюптурбу? Талантың бар экен, ырдап чыкпайсыңбы” дей беришчү. Анан телеканалга режиссёр кылып которушту. Ошентип ырчылар менен тааныштым. Журналист Болот Табалдиев болуп ырдын авторун издеп Таласка бардык, Таластан атамды ээрчитип алып Манас айылына Сабатар агайдын үйүнө барганыбызда агай бизди жакшы тосуп алды. “Колуңдан келсе мындан да жакшы ырда, ушул ыр багыңды ачсын” деп батасын берди. Кудуңдап сүйүнүчүм коюнума батпай Бишкекке бир КамАЗ бриллиант алып келгендей сүйүнүп келгем. Биринчи муну эстрадалык вариантта жаздыргам. Анча жакшы болбой калды. Чыңгыз Мырзаев досум “муну аккордеон менен эле жаздырбайсыңбы” деди. Анан аккордеон менен жаздырып радиого алып бардым. Комиссиядан өтүп, 2-3 күндөн кийин эле радиодон кете баштады. Анан бир күнү радиодогу балдар “ырыңызды дискке топтомго кошуп чыгаралы деп балдар сурап жатышат, бересизби?” деп телефон чалышты. “Албетте, бергиле” дедим. Ошону менен элге сиңип кетти.

Мени Рустам кылган ушул ыр болду. Бул менин визиттик карточкам. Азыр деле тойлорго чакырганда “Өтүнүчтү” суранышат. “Башка ырымды деле ырдап берейин” десем, “башка ырыңды башка жакка ырда, бизге “Өтүнүчтү” ырдап бер” дешет. Кудайга шүгүр, ушул ыр мени элге таанытты, мунун арты менен эл жык толгон жеке концертимди өткөрдүм, нан таап жеп жатам, үйлүү, унаалуу болдум.

Сөзүн жазган Сакен Дүйшекеев агай менен Таласта стадиондо болгон чоң концертте жолуктум. “Азаматсың!” деп колумдан кыса кармап батасын берген. Кийин агайга жолуга албай калдым. Сөзү менен обону төп келген ыр, шыр ырдалат.

7-8 жыл мурун бир 70 жаштагы аксакал радиодон “Өтүнүчтү” угуп калып, баласынын телефонунун диктофонуна жаздыртыптыр. Кийин мени ар кимден сураштырып издеп отуруп табышыптыр. Бишкектен Ошко учакка барыш-келиш билетимди алып беришип үйүнө чакырды. Үйүндө он чакты коногу бар экен. Мен барганча аккордеон даярдатып коюптур. Калп айтпасам, “Өтүнүчтү” кайталап 20 жолу ырдап бергем. Ошол күнү кайра эле Бишкекке учмакмын, билетимди жокко чыгардырып, аксакал мени үйүнө алып калды. Таң атканча мени менен сүйлөшүп-баарлашып үйүнө жаткырып, эртеси аэропортко келип өзү салып кеткен. Бул ырдын күйөрманы көп.

«ӨТҮНҮЧ»

Сөзү: Сакен Дүйшекеевдики

Обону: Сабатар Исаковдуку

Жамалың жаз күнүндөй нурун чачып,

Ачылган кызыл гүлдөй жытың аңкып.

Сүйлөгөн, ырдап жаткан үнүңдөн, ай,

Жаткандай торгой сайрап, булбул таңшып.

Сени ойлоп өзүмчө эле убарамын,

Жакшы сөз угуп качан мен кубанамын?

Бул менин жүрөгүмдүн өтүнүчү,

Алтыным, кабыл алчы, суранамын.

Ойдогу кусалыкты кетире албай,

Көргөндө сени тиктейм көзүмдү албай.

Айсыңбы сен көктөгү, кантип жетем?

Алтыным, кыйнадың го сен өчүң бардай.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан