ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА ТУРМУШКА ЧЫКТЫБЫ?

– Эң сүйүктүү ырчым Гүлнур Сатылганованы турмушка чыгыптыр деп көптөрдөн уктум. Гүлнур эжекемдин өмүрлүк жолдошу прокуратура тармагында чоң кызматта иштеген белгилүү адам имиш. Жылдыздарды ар кандай ушактар ээрчий берет эмеспи. Анын сыңарындай, бул шоу-бизнестин кезектеги ушагыбы же чын эле ушундай болдубу? Эгер мүмкүн болсо Гүлнур эженин өзүнөн ушунун калп-төгүнүн тактап берип коёсуздарбы? Элмира, Талас шаары.

Гүлнур Сатылганова: – Мени турмушка чыкты деген сөз – жөн гана ушак. Эч кандай турмушка чыкпай эле мурдагыдай бойдокчулук жашоону кечирип жатам. Өзүңүздөр билгендей, азыр жер-жерлерди кыдырып концерт коюуга даярданып жаткан учурум.


«ВИКТОРИЯ САВЧЕНКО ТЕМИР НАЗАРОВДУН АЯЛЫБЫ?»

– Урматтуу “Супер-Инфо” газетасынын жамааты! Менин сүйүктүү ырчым Темир Назаров Виктория Савченкого үйлөнүп алды деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин билип берсеңер, сураныч. Анара, Бишкек.

Виктория Савченко: – Биздин жеке жашообузга эч кимдин кийлигишкенге акысы жок. Ар ким өз жашоосун өзү билет да. Ал эми Темир экөөбүз чыгармачылык жактан иштешип жатканыбыз элге белгилүү да. Азыр Темир иштери менен Алматыга кеткен. Эгерде Темир өзү болсо деле бул суроого ушул жоопту бермек.


«АИДА КУЛУЕВА МЕНЕН ФЕЛИКС КУЛОВДУН
КАНДАЙ МАМИЛЕСИ БАР?»

– Саламатсыңарбы менин сүйүктүү “Супер-Инфо” гезитимдин жамааты. Силердин ишиңерге ийгилик каалоо менен бирге бир өтүнү­чүмдү орундатып коюуңуздарды суранам. Жаш ырчы Аида Кулуева менен Феликс Куловдун ортосунда сүйүү мамилеси бар экен деп уккам. Жада калса Кулов Аиданын клибин тарттырып берип, Мекен ырларына арналган фестивалда да биринчи орунду алып берип, радиолорго чейин өзү барат экен. Ушул нерсе ушакпы же чынбы билип берсеңер. Алдын-ала ыраазычылыгымды билдирем. Мирбек, БГУнун студенти.

Аиданын продюсери Назгүл Насиева: – Феликс Шаршенбаевич менин өкүл атам, ал эми мен Аиданын продюсери болгондуктан, Феликс Шаршенбаевич демөөрчүлүк кылып калат. Аида менен эч кандай сыйдан башка мамилеси жок. Анын үстүнө Аида ал кишиге “ата” деп кайрылат. Бирок, клипти тартууга демөөрчүлүк кылганы чын. Ал эми атуулдук ырлар боюнча Гран-Прини калыстардын чечими менен жеңип алган. Буга Феликс Куловдун эч кандай тиешеси жок.


«АКБАР МЕНЕН ГҮЛ ЧОГУУ ЖАШАШАБЫ?»

– Салам “Супер-Инфо” гезити. Ырчылар Акбар Сүйүнбаев менен Ташкент кызы Гүлдүн ортолорунда мамилелери бар экенин билчүмүн. Экөөнү чогуу жашайт деп да уккам. Ушул жөнүндө кененирээк маалымат берсеңер жакшы болот эле. Айгүл, Кочкор.

Акбар Сүйүнбаев: – Ооба, сиз баамдагандай эле чыгармачылыкка жаңы аралаша баштаганыбызда Гүл экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөнүбүз чын. Бирок, «чогуу жашаган» деген маалымат туура эмес. Азыр Гүл­дүн чыгармачылыкка байланышы жок жигити бар. Экөөбүздүн мамилебиз үзүлбөй, азыр бири-бирибизге дос катары жардам берип келүүдөбүз. Ал эми менин учурда сүйлөшкөн кызым жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 241, 15-21-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан