ТУРАК ЖАЙ АЛУУДА ТОБОКЕЛЧИЛИКТЕРДИН АЛДЫН АЛЫҢЫЗ

Турак жай, жер тилкесин сатып алуу ар дайым актуалдуулугун жоготпойт. Бирок кээ бир жөнөкөй, бирок зарыл болгон нерселерге көңүл буруп, кеңеш алуудан эринип жатып арзандыгына, же сатуучунун сөзүнө алданып үйдөн, жерден жок, же акчадан жок отуруп калгандар да көп. “Келишим” юридикалык борборунун директору Чыңгыз Иманбеков мындай учурлардын алдын алуу үчүн кеңештерин берди.

ТУРАК ЖАЙ КООПЕРАТИВИ ДЕГЕН ЭМНЕ?

– Турак жай кооперативи Кыргызстанга келгенине аз эле болду. Бул кооператив Батышта пайда болуп, турак жай фонду катары турак жай маселесин чечүү максатында түзүлгөн. Анда үй алууну каалагандар анын баасынын төрттөн же үчтөн бирин фондго (кооператив) төлөп, кезекке туруп, кийин артынан ушул эле тартипте кезекке тургандардын эсебинен көздөп жаткан үйдү алууга мүмкүн болуп, үйлүү болушкан. Ал эми калган сумма фонд тарабынан пайызсыз узак мөөнөткө 5-10 жылга бөлүп берилсе, аны жаңы үйдүн ээси фонддун эсебине ай сайын төлөп кутулган.

Турак жай кооперативи коммерциялык эмес уюм болгондуктан, бериле турган суммага кошумча пайыздар төлөнбөйт. Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдын негизинде көзөмөлдөнөт. Кооперативге мүчө болуп, турак жай алууну каалаган жарандар төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:

  • Юстиция министрлигинин расмий сайтындагы юридикалык жактардын электрондук базасында кооператив каттоодо бар экендиги жөнүндө кенен маалымат алуусу;
  • Уюмдун уставы (ички эрежеси) менен таанышуусу. Ачык уюм болгондуктан уставдары да ачык болушу керек. Негиздөөчүлөр, мүчөлөр, жетекчи кандай укуктарга ээ, кооперативге түшкөн акчаны (мүлктү) жетекчи өзү ээлик кыла алабы, же негиздөөчүлөрдүн макулдугу менен ээлик кылабы? Ээлик кылуу үчүн канча негиздөөчүнүн макулдугу керек? – деген сыяктуу суроолорго жооп алуусу;
  • Юристтерге кайрылып, кененирээк кеңеш алуусу.

БӨЛҮП ТӨЛӨӨ, ИПОТЕКА ЖЕ НАКТАЛАЙ ҮЙ АЛЫП ЖАТКАНДА ЭМНЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?

1. Курулуш компания тууралуу маалымат чогултуп, буга чейин кайсы жакта, кандай курулуштарды жүргүзгөндүгүнө жана компания тууралуу көпчүлүктүн пикири кандай экендигине көңүл буруусу.

2. Салынган же салынып жаткан курулуш объектиси жайгашкан жердин документтери туура болуусуна. Анткени кээ бир курулуш компаниялары документтерин бүтүрбөй жатып көп кабаттуу үйдү салып, бүтүргөн соң кардарларына жайгашканга уруксат берип коёт, бирок ал үй расмий түрдө турак жай катары колдонууга берилбегендиктен коммуналдык кызматтар коммерциялык баа менен чыгып келет дагы, компаниянын эмес, жашагандардын эсебинен төлөнөт.

3. Архитектуралык жана инженердик уруксат кагаздары бар болуусуна. Анкени компания биринчи ирет тиешелүү мамлекеттик органдардан курууга жана жерге жайгаштырууга расмий уруксаат алышы керек. Жер тилкеси шаардын генералдык планына ылайык болушу зарыл, аны эл оозунда “кызыл китеп” деп коюшат.

4. Кийин сатып алчу жаран үлүш келишимин нотариустан күбөлөндүрүүсүн талап кылуусу жана ал келишимдин негизинде Мамлекеттик каттоодо “үлүшкө ээ” катары каттоодон өтүүсү (мындай мыйзамдын талабы бир батирдин 2-3 адамга берилип кетпөөсүн жана шылуундардын курмандыгы болуп калбоосун камсыздайт).

5. Келишимде кээ бир пункттарды түшүнө бербей кол коюп салбоого. Алсак, ар кандай келишпестиктер бейтарап сот менен чечилет деген пункт болушу мүмкүн. Бейтарап сот тууралуу жарандардын түшүнүгү да жок болот. Ушул маселелерде юрист менен кеңешип алганы жакшы болот.

Билип алыңыз!

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотто – иш орус тилинде гана жүргүзүлөт жана анын кабыл алган чечими аяккы, даттанууга жатпайт, атайын өзгөчө регламент менен өтөт, мамлекеттик төлөм 10 пайызды түзөт жана башка өзгөчөлүктөр көп. Ал эми биз билген соттор – бул райондук, облустук жана Жогорку Соттор.

КӨЙГӨЙ!

– Жалпысынан жарандар иш жүзүндө жогоруда айтылгандарга маани бербегендиктен, келишимге кол коюп салып, аягында сот чыгымдары, адвокатка көп чыгым болушат, же үйдөн же акчадан жок калгандар да аз эмес. Ошондуктан мындай убарагерчиликке, чыгымдарга, стресске туш болбоо үчүн жогоруда айтылган пункттарга көңүл буруусу зарыл.

Укуктук аң-сезим деген маанилүү нерсе бар. Муну жалпак тил менен айтканда, “кол коюлган жерде жоопкерчилик бар” деп ар бир жаран түшүнүүсү керек. Демек, кол коёрдо келишимди окуп чыгып, түшүнбөсө юристтин кызматынан пайдаланып, кеңеш алуусу керек деп айтмакмын.

БАСЫП АЛЫНГАН ЖЕРЛЕРДЕН ЖЕР, ҮЙ АЛУУГА БОЛОБУ?

– Кыскача айтсак, басып алынган жерлердин документи жок болгондуктан, анын документтерин мыйзамга ылайыкташтыруу убарасы жана ошону менен бирге алданып калуу коркунучу болот. Ошондуктан документи бар жана туура болгон үйдү көздөөнү кеңеш кылат элем.

Айта кетсек, көптөгөн жерлерди “үй керек” деп козголоң чыгарышып, көпчүлүк күч менен өз алдынча басып, ээлик кылып калышкан.

Учурда мындай жерлерге мамлекет суу, электр энергиясын киргизип, инвентаризациялап (ар бир жер тилкесин санап, номер коюп, картага түшүрүп, топографиялык съёмка жасап Бишкектин картасына киргизүү), турак жай салууга ылайык кылып, мыйзамдаштырып трансформация жүргүзүлүүдө. Ошонун негизинде техпаспорттун мамлекеттик актыларын бергенге аракет кылып жатышат. Бирок бул иштер качан бүтөрү, же кандай бүтөрү белгисиз. Ошондуктан басып алынган жерлерден жер тилкесин, турак жай алууда жаран өзүн тобокелчиликке салат.

Басып алынган жерге салынган үйдүн мыйзамдуу документи жок болгондуктан сатуучу аларманга жөнөкөй эле келишимдин негизинде сатат “саттым-алдым” кылып. Келишим да нотариалдык жактан күбөлөндүрүлбөйт. Ошондуктан кошуналарды, тааныштарды күбө кылып кол койдуруп сатып, колдон колго өтүп жатат. Бирок шылуундуктан эч ким камсыздалган эмес деп айтат элем. Алдап 2-3 адамга деле сатып жиберишкен учурлар бар. Бул учурда эки аларман соттошсо жер биринчи алган адамга калып, кийинки алган алданып калган болуп саналат.

Эгерде басып алынган жерден сатарман менен алармандын ортосунда өз ара келишим түзүү менен жер же үй алсаңыз, жок дегенде ошол аймактын квартал башчысына барып жерин, үйүн каттатып коюшуңуз керек.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан