БАЛДАРДЫН ИММУНИТЕТИН КАНТИП БЕКЕМДЕЙБИЗ?

Күз – иммунитетти бекемдөө үчүн маанилүү учур. Көпчүлүк ата-эне суук түшөрү менен кантип сезондук сасык тумоо жана вирустук инфекциялардан балдарды коргойбуз деп ойлонуп, балдардын иммунитетин бекемдөө үчүн ар кандай чараларды көрө башташат. Бирок врач-педиатр Элнура Жумашева күзүндө эле эмес, төрт мезгилде тең балдардын иммунитетине көңүл буруу керектигин эскертет. Алдыда адистен кеңеш.

ИММУНИТЕТ КАНТИП ТҮЗҮЛӨТ?

Организмдин коргоочу функциясы иммундук систем же кыскача иммунитет деп аталат. Ал сырттан келген ар кандай бактерия, вирус жана микроорганизмдерге каршы күрөшүп, адамдын организмин коргойт. Иммунитеттин эки түрүн белгилешет: тубаса жана кийин түзүлгөн. Тубаса иммундук систем тукумдан өткөн. Ал бала төрөлгөндөн баштап активдүү болот. Ал териден, көздүн чел кабыгынан жана дем алуу, ичеги-карын жана жыныс-заара жолдорун каптаган былжыр челден турат. Мунун баары баланын денесин коргоого жардам берүү үчүн физикалык тоскоолдуктарды жаратат. Кийин түзүлгөн иммундук систем тубаса иммундук системдин жардамы менен денени белгилүү бир “баскынчылардан” коргоо үчүн клеткаларды (антителолорду) иштеп чыгат. Бул антителолорду В-лимфоциттер деп аталган клеткалар өндүрүшөт. Кийин түзүлгөн иммундук систем адамдын бүткүл жашоосунда өзгөрүп турат.

ИММУНИТЕТТИН ТҮШҮҮСҮНӨ ЭМНЕЛЕР ТААСИР ЭТЕТ?

Балдардын иммунитетинин түшүүсүнүн бир нече себептери бар:

  • Оорулар жана стресс.
  • Кандай болгон учурда да балага ата-эне тараптан колдоо, мээрим керек. Мисалы, учурда чоң ата-чоң эне, таята-таенесине калтырылган балдар абдан көп, бул дагы бир социалдык чоң көйгөй. Мындай учурда бала ата-энесине куса болуп, депрессия, стресске кабылат, ата-энесин сагынып тамакка табити жоголот. Бул баланын психо-эмоционалдык абалына терс таасир берет. Бул нерсе иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет.
  • Кара күч же дене жана психикалык жактан чарчоо. Балага ашыкча жүк үйүү. Ата-эне баланы мажбурлайт. Бир суткада 24 саат болсо, анын 8 саатын түнкү уйкуга кетирсе, калган убактысын сабакка, андан кийин бийге, ырга, спортко, дагы башка ар кандай ийримдерге жаздырып, балага жүк үйүп коёт. Бул баланын энергиясын түгөтөт, чарчатат. Демек, балаңыздын жөндөмдөрүн өстүрөм деп эле ийримдерге, секцияларга ашыкча жаздыра берүүдөн мурун ойлонуңуз.
  • Эс алуунун жоктугу жана уйкунун толук эместиги. Тилекке каршы, гаджеттер балдардын убактысын уурдай турган заман: телефондон оюн ойношот, мультфильм көрүшөт, ошентип эс алууга же уйкуга кете турган убактысы гаджеттерге кетет. Бул үчүн балаңыздын күнүмдүк режимин иреттеп бериңиз. Ымыркайларга жайкыга караганда кышында бир аз көбүрөөк уктоо керек экенин унутпаңыз.
  • Кычкылтектин жетишсиздиги. Бул күнү бою үйдөн чыкпаган жана эшикке сейрек чыккан балдарда байкалат. Демек, бала менен чогуу таза абада сейилдөөнү адатка айлантыңыз.
  • Начар тамактануу. Ооба, балдар шоколадды, фри картошкасын жана башка ушул сыяктуу фаст-фуд, зыяндуу тамактарды жакшы көрүшөт. Анан да ар кандай дары-витамин, биологиялык активдүү кошулмаларды алып ичире бербестен, мөмө-жемиш, жашылчаларга, витаминдүү азыктарга басым жасаш керек. Мисалы, айран берсек, анын курамында интерферондор бар, тирүү бактериялар бар. Мунун дагы баланын иммунитетин көтөргөнгө пайдасы бар. Эсиңизде болсун, балдар тамакка пайдалуулугуна карап эмес, кооздугуна жана даамдуулугуна карап баа берет.
  • Дененин суусуздануусу. Кээде балдардын организмине суу жетишпейт. Андыктан балага кадимки суу жана чайдын ордуна чөптөн жасалган кайнатмаларды (мисалы, ромашка), компотторду жана ширелерди сунуштаңыз.
  • Спорт, гимнастика баланын кан айлануусун, булчуңдарын, метоболизмди, анаболизмди жакшыртат, ден соолугу чыңалат. Эртең менен турганда сөзсүз таза абага чыгарып, андан кийин көнүгүүлөрдү жасатып, анан тамактандырса жакшы.
  • Балдардын иммунитети жакшы жүрүшү үчүн кандагы гемоглобинди нормада кармаш керек.
  • Аз кандуулуктун (анемияны) алдын алуу, эгер каны аз болсо калыбына келтирүү керек. Каны аз болуп туруп эле ар кандай витаминдерди ичире берсе андан жыйынтык чыкпайт.
  • Балдардын организминдеги паразиттерди тазалап туруу зарыл. Жаш балдарда мите курттар, паразиттер көп болот. Бул курттардын көп болушунан да бала бат-баттан ооруй бериши мүмкүн.
  • Мындан сырткары үй шарты, баланын жашаган жери дагы чоң роль ойнойт. Үй шартында ата-энеси тамеки тартпаган, ичпеген болушу керек. Үйдүн ичи ным, сыз болбошу кажет. Күн тийип турганы жакшы.

СУУК ТҮШӨ БАШТАГАНДАГЫ ООРУЛАРДАН КАНТИП КОРГОНУУ КЕРЕК?

Балдарда кыш мезгили жакындаганда сезондук оорулар башталат. Бул вирустук оорулардын күчөшү жылуу абалдан суук абалга өткөндөгү адамдын организминин адаптацияланышы. Ошондой эле күзүндө мектеп, бала бакчалар ачылып, балдардын байланыштары күчөйт. Ошол учурда бири-бирине вирустук, инфекциялык оорулар жугат. Мунун алдын алыш үчүн ата-эне баланын организмине төрт мезгил бою кам көрүш керек. Ал үчүн ар бир ата-эне баланын иммунитетин түшүргөн себептерден арылып, ар дайым балага, анын организмине, абалына көңүл буруусу зарыл.

ИММУНИТЕТТИН ТӨМӨНДӨГӨНҮНҮН БЕЛГИЛЕРИ:

Баланын тырмактары сынып, чачтары түшүп, алсырап, көп тердеп, кара күч талап кылынган иштерге туруштук бере албай чарчайт. Шалдырап көп уктоо же уйкусуздук, эс-тутуму начарлоо, вирустук ооруларга, сасык тумоого бат-бат кабылуу, кайра-кайра эле ооруй берсе иммунитети жакшы эмес экендиктин белгиси. Негизи бала 6 айдын ичинде 4-5 жолудан көп ооруса, демек, анын иммунитети жакшы эмес дегенди билдирет.

КАНДАЙ ВИТАМИНДЕРДИ БЕРИШ КЕРЕК?

Организмге негизи витаминдер табигый жол менен, тагыраагы, табигый таза азыктардан тамак аркылуу барганы жакшы. Ата-эне өзү билип эле дарыканалардан же ар кайсы компаниялардан ар түрдүү витаминдерди алып бере бергени туура эмес. Балага 6 айга чейин эч кандай витамин берүү шарт эмес. Ал эмчектин сүтү аркылуу жетиштүү барат. Адатта 6 айга чейин рахит ооруларынын алдын алуу үчүн Д витаминин беришет, бул педиатрдын сунуштамасы менен гана берилет. Анткени баланын эмгеги каткан, ката элегине карап дарыгердин көзөмөлүндө ичиши керек. 6 айдан 2 жашка чейин аз кандуулук менен күрөшөбүз. Андан кийин акыл-эси өсүүсү үчүн В витаминдер тобун сунуштайбыз. Андан кийин эске тутуусун жакшыртуу үчүн магний препараттары, В, С витаминдер тобун, кальций, цинк, ушуга окшогон витаминдерди берип туруу зарыл. Бирок мунун баары педиатрдын кеңеши менен гана.

АНТИБИОТИКТЕР ИММУНИТЕТТИ ТҮШҮРӨБҮ?

Адатта ооруп айыккан балада иммунитет төмөндөйт. Буга антибиотик эмес, оору себепкер. Бирок ооруп калса дароо эле өз билемдик менен антибиотик бере салуу, антибиотиктин күчтүүлөрүн колдонуу, ашыкча колдонуу зыянын тийгизет. Анткени антибиотиктер микроорганизмдерди, бактерияларды өлтүрөт. А организмде пайдалуу, иммунитетке жардамчы дагы бактериялар бар. Кээде кандайдыр бир шартка байланыштуу, энесинен инфекция жугуп калган учурда же дагы башка учурда балага антибиотик бербесе болбойт. Андыктан антибиотикти врач менен кеңешип гана колдонуңуз.

БАЛА БАКЧАГА ДАЯРДЫК:

Гемоглобини нормадабы?

Психо-эмоционалдык абалы, чөйрө менен кандай? Зарылдыгына жараша невропатологдон да кеңеш алсаңыз болот.

Тамакты кандай жейт, өз алдынча жейби?

Мите курттары жокпу, текшериш керек. Анткени бул баланын өзүнө эле зыян болбостон, бакчадагы башка балдарга да жугушу мүмкүн.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан