“КАЙСЫ ЭЛДЕН ЖҮДӨӨ КӨРСӨҢ ЗАЙЫПТЫ, ОШОЛ ЭЛДИН УУЛУНА КОЙ АЙЫПТЫ”. Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова арабыздан узады

“Кайсы элде жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты”. Бул саптарды билбеген адам жок болсо керек. Минтип элдин оозунан түшпөй айтылып жүрчү кош саптын автору Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымова 16-октябрда 84 жаш курагында жарык дүйнө менен коштошуп кете берди. Атагы алыска кеткен акынды кызы, кесиптештери эскеришти.

КЫСКАЧА ӨМҮР БАЯНЫ

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылында туулган. 1958-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолун Ош шаарындагы облустук «Ленин жолу» гезитинде баштаган. «Ала-Тоо» журналында поэзия бөлүмүнүн башчысы, «Аялзат» гезитинде башкы редактор болуп эмгектенген. 1995-жылы «Курманжан датка» фондунун төрагасынын кеңешчиси болгон.

Алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көргөн. 1961-жылы «Кичинекей досторго» аттуу тунгуч ырлар жыйнагы чыккан. Ага улай «Чолпон», «Эстелик сүйлөйт», «Быйыл жаздын гүлдөрү көп» аттуу жыйнактары жарык көргөн. Анын ырлары орус, украин, казак, монгол, немис, поляк, француз тилдерине которулган. Абылкасымова кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн III даражадагы «Манас» ордени жана башка көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.

“4 ЖЫЛ МУРУН БУТУН СЫНДЫРЫП АЛЫП ТӨШӨКТӨ ЖАТЫП КАЛДЫ”

Майрамкан Абылкасымованын кызы журналист Толкун Наматбаева апасынын ага айткан кеңештери, өмүрүнүн акыркы учурларындагы абалы тууралуу айтып берди:

– Апам 4 жыл мурун жыгылып, бутун сындырып алган. Ошол бойдон төшөктө жатып калды. Апам уулумдун колунда эле. Төшөктө жатканда жанында анын “Үшүк” аттуу китеби турчу. Ал аны үйгө келген конокторго көрсөтүп, кээде белек кылчу. Күн өткөн сайын алдан тайып баратты. Бирок көз жумар алдында кыйналган жок. Бутун кокустатып алганга чейин тойлордо бийлеп, өтө активдүү эле. Төшөктө жатканда үйгө киши келсе ага тамашаны аралаштырып дароо ыр чыгарып жиберчү. Бирок кагазга жазбай калган. Апам мага “өмүрдө байлык, алтын-күмүш маанилүү эмес, адамдар менен карым-катнаш маанилүү. Өзүңө ишенимдүү досторду көбүрөөк топто. Андан сырткары сөздү сүйүш керек. Анткени сөз менен адамды көкөлөтүп же жок кылып коюу да мүмкүн. Бирөөнүн көңүлүн оорутуп албаш үчүн ойлонуп сүйлөш керек” деп көп айтчу. Өзү сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүнө барууну жакшы көрчү. Мени да искусствого жакын тарбиялады. Мен дагы аңгемелерди жазып, чыгармачылык дүйнө менен тыгыз байланыштамын. Апам көз жумар алдында баарына ыраазы экенин айтты. Акыркы учурда “түшүмө Рамис Рыскулов, көзү өтүп кеткен курбуларым көп кирип жатат, булар эмне мени чакырып жатабы?” деп айтып калган. Мен апамдын жаркын элеси арабызда жашай берет деп ишенем.

“АКЫРКЫ ЫРЛАРЫН БАСМАГА ДАЯРДОО БИЗДИН МИЛДЕТ”

Акындын чыгармачылык чөйрөдөгү санаалашы Аида Эгембердиева буларга токтолду:

– Кыргыз поэзиясын Майрамкан Абылкасымовасыз элестетүү мүмкүн эмес. Адабиятта “кыздар поэзиясы” деген түшүнүк бар. Бирок эжени ошол “короого” бөлүп киргизгиң келбейт. Анткени кыздар эле эмес, акын жигиттер чанда жазчу ырларды жазгандыгы аны, орусча айтканда, поэтесса дебей, ПОЭТ деп чоң тамгалар менен жазганга себеп болот. Акындардын, ыр жазгандардын канча муунун тарбиялады. Бүгүн анын замандаштары Омор Султанов, Мар Байжиев агайлар арабызда, шакирттери бар. Акындын ырларын сүйүп окуган окурмандары бар. Мен эженин өзү менен үч жыл мурда көрүшкөн экем. Адабиятчы Рахима Сыдыкова менен үйүнө барсам, ошол жылы операция болгон экен. Сүйлөшүп отурдук. Бир маалда “ары жактан шкафты аччы” дегенинен ачсам, “ошонун баары Валентин Распутиндин мага жазган каттары. Сен алып кетип, даярдап, жарыкка чыгарбайсыңбы” деп калды. “Эже, бир күнү атайын келейин, жаныңызга отуруп алып компьютерге терейин. Чогуу жасайбыз” дегем. Распутин эле эмес, көп улуттуу совет адабиятынын бир топ өкүлдөрү менен жазышкан каттары, кийинки жазып жүргөн ырлары бар экен. Анын баарын иргеп-талдап, басмага даярдоо, акындын чыгармалары боюнча изилдөө иштерин мындан ары өркүндөтүү – биздин милдет. Эжебиздин ыйманы саламат болсун!

“МАЙРАМКАН КЕЛСЕ БИЗ ҮЧҮН МАЙРАМ” ДЕШЧҮ ЭКЕН"

Адабиятчы Эсентур Кылычев кесиптеши тууралуу үч негизги нерсени айтты:

– Майрамкан эже тууралуу айта турган болсом сөз бүтпөйт. Бирок мен эң негизги үч нерсени айткым келет. Биринчиси, ал 34 жашында Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон. Ошол учурда бул өтө чоң сыйлык катары каралган. Экинчиси, ал ырларын эркин ыр формасында жазган. Чыгармалары окурмандардын арасында өзгөчө резонанс алып келет. Ошол учурда совет поэзиясында өзүнчө бир жаңы толкун пайда болот. Ал толкундун арасында Олжас Сулейменов, Роберт Рождественский, Андрей Вознесенский, Валентин Распутин, Владимир Санги бар. Ошолордун баары бир катардагы акын-жазуучулар болгон. Алар союздук деңгээлге чыккан жазуучулар болуп чоң шаарларда адабий кечелерди өткөрүп, бири-бири менен жакшы мамиледе болушат. Алар “Майрамкан келсе биз үчүн майрам” деп айтып калышчу экен. Андан сырткары кыргыз адабиятындагы мыкты акын-жазуучулар менен жакшы мамиледе жүрдү. Алардын катарында Салижан Жигитов, Кубатбек Жусубалиев, Мурза Гапаров сыяктуу мыкты адамдар. Эже бул адамдардын таасиринде болду. Үчүнчүсү, Майрамкан эженин өмүрлүк жары Сагын Наматбаев кыргыз жаштарынын лидери болгон. Ал коомдук, партиялык иштерде эмгектенип жүрдү. Кыскасы, бир үй-бүлөгө эки чыгармачыл адамдын башы бириккен. Ушулардын баары эженин чыгармачылыгынын гүлдөшүнө таасир эткен. Майрамкан Абылкасымова жакшы өмүр сүрдү деп айта алам. Экинчи өмүрү да өрнөктүү болушун каалайм.

Акындын таамай жазылган белгилүү ыры:

КӨРДҮҢӨРБҮ?

Нугун бузуп кеткен экен таш кулап,

Көрдүңөрбү ушул жерден ак булак?

Орду толбос дүнүйөдөй көрүнүп,

Томурайып камышы жок саз турат.

Булут токтоп, туман токтоп кетчү эле,

Алар дагы келбей калган көрүнөт.

Ак кайыңды жыгышыптыр текчеге,

Жакшылыктан жамандыктар көбүрөөк.

Кайсы элде жүдөө күтсө зайыпты,

Энелери элечегин тарта албай,

Ошол элдин уулуна кой айыпты,

Бул да кырсык бирге жүргөн байкалбай.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Майрамкан Абылкасымованын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан