7 ЖЫЛДЫК ЖАШОО ЦИКЛИ

Жашоо адамга эч нерседен коркпой алдыга карай умтулуу жана катасынан сабак алыш үчүн берилет. Ал максаттарга жетүүнү шарттай турган шарттуу циклдерге бөлүнөт. Ар бир жети жылдык цикл кризис, бурулуш менен аяктайт. Бул физикалык, интеллектуалдык, эмоционалдык чыңалуулар менен коштолот. Бул бурулуш чекити кийинки циклге жол көрсөтүүчү болуп саналат дешет психологдор. Жети жылдык циклдерди билүү менен кайсы жаш куракта кандай көйгөйлөрдү чечишибиз керек экенин аныктай алабыз.

7 ЖАШКА ЧЕЙИН

Бала энеси менен тыгыз байланышта болот. Дүйнөнү тааныганга аракет кылган учуру. Биринчи сезимдери ойгонуп энесинин жытын, сүтүн, үнүн, өпкөнүн айырмалаганды үйрөнөт. Андан соң энеси коргоп турган кабыктан чыгып сырткы дүйнөнү сезе баштайт.

7-14 ЖАШТА

Атасы менен тыгыз байланышта болот. Ал балага өнөктөш, кеңешчи, жол көрсөтүүчү болуп, үй-бүлөнү коргогонду үйрөтөт. Энеси баланын жакын адамы болсо, атасы андан да жакын болушу керек.

14-21 ЖАШТА

Коомго каршы бунт чыгарган курагы. Аны өспүрүм кризиси деп атаса болот. Дүйнөнү өзгөртүп, эски түзүмдөрдү бузууну каалаган кез. Жаштар үй-бүлөгө, андан соң коомго бүлүк салганга аракет кыла баштайт. Өспүрүмдү бийик музыка, романтикалык мамиле, эркиндикке умтулуу, үйдөн качуу, маргиналдык топтор, анархиялык баалуулуктар, эски баалуулуктардан баш тартуу сыяктуу “козголоңдор” азгыра баштайт. Бул курак үйдөн кетүү менен аяктайт.

21-28 ЖАШТА

Коомго аралашуу. Бунттан кийин стабилдүүлүккө келүү. Дүйнөнү өзгөртүү ою оңунан чыкпай калганда мурунку муундан мыкты болууну көздөп баштайт. Ата-энесиникинен мыкты жумуш издегенге, кызыктуу жашаганга, алардыкынан жакшы мамиле курууга шымалана киришет. Жашоодогу түгөйүн тандап үй-бүлө очогун курганга аракеттенет. Бул курак көбүнчө үй-бүлө куруу менен аяктайт.

28-35 ЖАШТА

Үй-бүлө куруу. Үйлөнгөндөн кийин үйлүү, унаалуу, балалуу болот. Эгер эне-бала тийиштүү куракта жакын мамиледе болбой калса, энеси келинине кыжыры келе берет. Эгер атасы менен жакын болбой калса, атасы жаш жубайлардын мамилесине кийлигише берет. Эгер коомго болгон бунтту башынан өткөрбөсө, жумушунда пикир келишпестик болот. 35 жашта кезинде ачылбай калган кабык ушул куракта жарыла баштайт. Мындан улам ажырашып, жумуштан кетип, депрессия, психосоматикалык оорулар пайда болот.

35-42 ЖАШТА

Баары нөлдөн башталат. Ата-энеси менен болгон мамилеге, жашоосуна анализ жүргүзөт. Эгерде өнүгүүгө тоскоол болгон элементтерден кутулуу ийгиликтүү ишке ашса, адам жашоосун жакшыртат. Эгер андай болбосо 8 жыл мурун башталган жерге кайтат.

42-49 ЖАШТА

Өзү үчүн жашоо мезгили. Адам белгилүү бир ийгиликтерге жетип, орто жаш кризисин жеңет. Никедеги жашоонун даамын сезгенди, өзүн, жумушун өнүктүрүүнү каалайт. Ушул курактан баштап адам баласы чыныгы инсандык сапатын биле баштайт. Бул учур “эмне үчүн бул жашоого келгем?”, “Эмне үчүн жашап жатам?”, “Материалдык байлыктан да кызыктуу нерсени сезиш үчүн эмне кылышым керек?” деген суроо менен аякташы керек.

49-56 ЖАШТА

Негизги милдет – акылмандыкка ээ болуу. Бул мезгилде адам өз жашоосуна канааттанып, тынчтыкка жана ынтымакка толгон карылыкка туш келет. Же тескерисинче, эгер мурунку циклдердин кризистери чечилбесе, күңкүлдөгөн "жаман карыяга" айланат. Бул мезгилде эч нерсени өзгөртүү мүмкүн эмес. Мындан улам жан дүйнөсүндө төңкөрүш башталат.

56-63 ЖАШТА

Акылмандык мезгили. Айрымдар жаш кезинде кызыккан динге кайтышат же өзүн толугу менен руханий дүйнөсүн өнүктүрүүгө арнашат.

63-70 ЖАШТА

Дал ушул 63 жашында, эгер кааласа, жашоосун өзгөртө турган адамдын акыркы тандоосу ишке ашат. Кээ бир стереотиптүү ойлордон баш тартып, ар бир кубулушка, ар бир окуяга так баа берүүнү үйрөнүү зарыл. Бирок эч качан өз пикирин таңуулабаш керек. Жакын адамдар менен туура мамиле куруу өтө маанилүү. Анткени бул курактагы көпчүлүк адамдар жакындарына басым кылууга аракет кылышат. Дипломатияны, компромисске баруу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө аракет кылуу шарт.

70-77 ЖАШТА

Жашоого ой жүгүртүү мезгили. Жашоо программасы бүтүп калгандыктан, түгөйү менен же жалгыздыктан ырахаттануу мезгили. Жашоодон ырахат алып, акылмандыкты жана кайрымдуулукту көрсөтүш керек. Ошондо башкалар жашоонун мыйзамдарын терең билгендигиңиз үчүн урматташат.

77-84 ЖАШТА

Адамга бардыгы ачык жана түшүнүктүү болуп калат. Табият менен болгон байланышты сезет. Руханий тынчтык келет.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан